Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:32

Гүлбеддин Хекматияр Кабулга келди


Гүлбеддин Хекматияр Кабулга келди
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:56 0:00

Ооганстанда таасирдүү талаа командирлеринин бири Гулбеддин Хекматияр өкмөт менен түзүлгөн тынчтык келишимден бир нече ай өткөн соң, 4-майда Кабулга кайтып келди. Акыркы 20 жыл куугунтукта жашаган Хекматияр 1990-жылдардагы жарандык согушта өзгөчө мыкаачылык менен жасалган кылмыштар үчүн айыпталып келген. Хекматиярдын «Хизб-и-Ислами» тобу Ооганстандын президенти Ашраф Ганинин өкмөтү менен өткөн жылдын сентябрь айында тынчтык келишимине кол койгон. Бул макулдашууга ылайык, Хекматияр куралын таштаса, өкмөт анын абактагы тарапкерлерин эркиндикке чыгарууга макул болгон. Хекматияр Кабулга куралдуу аскердик коштоо менен келди. Хекматияр президенттин сарайында Ашраф Гани менен жолугары күтүлүүдө. Ал эми 5-майда бул окуяга байланыштуу чоң салтанат уюштурулуп, Хекматияр борбордук стадиондо элге кайрылуу жасады. Өткөн аптада Лагман провинциясында уюштурулган жыйында Хекматияр "Талибан" кыймылын куралын таштап, "тынчтык кербенине" кошулууга чакырган. (RFE/RL's Radio Free Afghanistan)

XS
SM
MD
LG