Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:12

Боронов: Кыргызстанда 9 баллдык зилзала болушу мүмкүн


Кыргызстандын аймагынын 80 пайыздан ашыгында 9 баллдык жер титирөөлөр болушу мүмкүн. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов 17-июлда Коопсуздук кеңешинин жыйыны боюнча өкмөттө өткөн маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, Кыргызстандын баары, анын ичинде Бишкек шаары да сейсмикалык кооптуу аймакта жайгашкан:

- Бизде 8 баллдан ылдый жер титирөөлөрдүн болушу кадыресе көрүнүш. Мындайча айтканда, Кыргызстандын 80 пайыздан ашык аймагында 9 балл жана андан жогору жер титирөөлөр болушу ыктымал. Калган бөлүгүндө 7-8 балл, - деген Боронов жогорку баллдагы жер титирөөлөр качан болушу мүмкүн деген божомолдорду так айткан жок.

Быйыл май айында Кыргызстанда очогунда күчү 7 баллга жеткен жер титиреген. Андан Ош облусунда ондогон турак жай, социалдык объектилер авариялык абалга кептелген.

Коопсуздук кеңештин кечээги жабык жыйынында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу чаралары негизги маселелердин бири катары каралды. (NT)

XS
SM
MD
LG