Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:10

Кадырбеков: курулушка көзөмөл жок


Кыргызстанда эгер катуураак жер титирөө болсо, жаңы тургузулган имараттардын көбү урап калышы ыктымал деген сөз тарады. Жаңы курулуп жаткан кабат үйдөн батир алган жарандардын укугун мамлекет коргойбу? "Азаттыктын" суроолоруна курулуш тармагында жетекчи кызматтарда иштеп келген адис, Эмгек сиңирген архитектор Ишенбай Кадырбеков жооп берди.

"Азаттык": Кыргызстанда жаңы курулган үйдөн батир алган жарандардын коопсуздугун мамлекет тарабынан кепилдөөчү нормалар барбы?

Кадырбеков: Андай нормалар бар. Алар Союз убагынан бери келатат. Бирок ошо нормаларды көзөмөл кыла турган органыбыз жоюлуп калгандыктан бүгүнкү күндө курулуп жаткан көп кабат үйлөр жер титирөөгө туруштук бере алуусуна көз жетпей калды.

"Азаттык": Кайсы органды айтып жатасыз?

Кадырбеков: Мисалы, мамлекеттик курулуш мекемесинде техникалык көзөмөл кыла турган орган, инспекция бар болчу. Азыр реформанын негизинде бул жоопкерчилик аталган мекемеден алынып, Мамтехэкоинспекция түзүлдү.

Бирок, ойлоп көрсөңүздөр, Бишкектин өзүндө эле жүздөгөн курулуш жүрүп жатат. Аларды көзөмөл кыла турган органда ашып кетсе ондогон гана адам иштөөдө. Ал эми ар бир курулушта эң аз дегенде 66 түрдүү көрүнбөгөн иштер бар.

Мисалы, курулуш компаниялары бетон жакшы деп айтып жатат. Арматуралар туура ширетилдиби? Ширетилген жерлер атайын Акт менен кабыл алынып, ага мамлекеттик органдын адамы катышып, кол коюш керек. Бетон ошондон кийин гана куюлушу керек. Мына ушул иштер аткарылып жатабы? Жок.

Көзөмөл кылайын десе да ага тиешелүү органдардын күчү жетпей калды. Айтор, бул имараттарда жашап жаткан адамдардын коопсуздугун мамлекет кепилдей албайт.

"Азаттык": Демек, кандайдыр бир кырсык болуп, жабыркаса, жаңы салынган тамдын тургундары куруучунун айыбын далилдей алат деген кепилдик жокпу?

Кадырбеков: Андай кепилдик жок. Мына, мисалы, ширетүүнүн орусча “ванная” деп аталган түрү бар. Аны жасай ала турган адистер Бишкекте онго жетпеген гана санда. А канча курулуш жүрүп жатат, карагылачы?!

Курулуш компаниялары бир кабатты бир заматта эле куюп коебуз, себеби бетон даяр келет деп айтып жатат. Болуптур, бетон даяр экен, ал эми ширетүү иштери кандай жүрүп жатат?

СССР убагында мен шаарды долбоорлоо мекемесин жетектеп турганда Жаш Гвардия булварында тогуз кабат үй салынган болчу. Бешинчи кабатка келип калганда үчүнчү кабатта аткарылган иштер боюнча Акт жок болуп чыккандыктан эки кабатты кайра ураткан! Ушунчалык көзөмөл катуу болгон. Азыр андай көзөмөл жок.

"Азаттык": Курулуш компанияларынын иши канчалык ачык болууда?

Кадырбеков: Курулуш компаниялары долбоорлоо-сметалык документтери толук аяктап, бекитилип, мамлекеттик экспертизадан өткөндөн кийин гана куруу иштерин баштаганга уруксат. Бирок ошону көзөмөлдөй турган органды жок кылып койдук да!

Реформа деп жатып дүйнө жүзүндө эң консервативдүү деп эсептелген курулуш тармагында мамлекеттик органды жокко чыгарып салдык.

Мамтехэкоинспекция түзүп, бензин болобу, өрт коопсуздугу болобу же энергетикабы, ошонун баарын көзөмөл кыла турган бир орган кылып, ар биринде бирден адамды отургузуп, курулушту да ошолорго берип койду. А курулуш өзүнүн өзгөчөлүгү бар тармак эмеспи.

Ал эми Мамлекеттик курулуш мекемесинин отчетун карасаңар, ал бүгүнкү күндө буюртмачы гана болуп калды. Архитектура маселелерин да Бишкектин өзүнө өткөрүп берип койду.

"Азаттык": Демек, сиздин пикириңизде, жаңы курулуп жаткан имараттардын коопсуздугун кепилдөө жагынан мүчүлүштүктөр бар экен. Адис катары кандай сунуш берет элеңиз?

Кадырбеков: Болгону, тиешелүү структуралардын баарын орду-ордуна алып келиш керек. Биз сейсмикалык кооптуу зонада жашап жаткандыктан мамлекет буга кылдат мамиле кылышы зарыл.

Жаңы үйлөр канчалык бекем?
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:33 0:00

XS
SM
MD
LG