Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:42

Италиядагы зилзала мүшкүлү


Италияда күчү 6 баллдан ашкан жер титирөөнүн курмандыктарынын саны 250дөн ашты, 368 адам жараат алды.

Үстүнө бирөөлөр берген чүпүрөктү жамынып, бутуна эптеп эски бут кийим илип алып нес абалда жүргөн жергиликтүү тургун Гианкарло бир түндө үй-жайынан айрылып калды:

- Мен үйдүн ичинде болчумун. Үй таптакыр урап калды. Аман калганыма ишенбей турам. Титирей баштаганда ич кийимчен эшикке чуркап чыгыптырмын. 65 жашка келгени мындайды көрө элек элем. Бул катастрофа.

Өзүнүн жаны аман калганына сүйүнгөнү менен уктап жаткан жеринен каза тапкан кошуна-тааныштарын эстесе, чын эле алаамат баскандай.

Бул жер титирөө Италиянын тарыхындагы эң ири жаратылыш кырсыктарынын бири болуп калды.

Шаршембиге караган түнү күчү 6 баллдан ашкан, бир нече жолу кайталанган силкинүү 250дөн ашык адамдын өмүрүн алды. Кечээ кечке уранды астында калгандарды алып чыгып жатышты.

Кырсык өлкөнүн борбордук бөлүгүндө, негизинен тоолуу райондо жайгашкан Аккумоли, Аматриче, Поста жана Пескара-дель-Тронто, Аркуата-дель-Тронто шаарларын басты.

Премьер-министр Маттео Ренци мамлекеттик телеканалдан өкмөт жабыркаган жарандарга бардык тиешелүү жардамын көрсөтөрүн айтты:

- Кыйынчылык кезде эмне кылуу керек экенин Италия жакшы билет. Биз жабыркаган бир да үй-бүлөнү көз жаздымда калтырбайбыз. Аман калгандарга жардам берип, кыйраган шаарлардын үмүтүн кайра жандырабыз, - деди Италия өкмөтүнүн башчысы.

Жардамдын бардык түрүн Европа Биримдиги да берет. Европа комиссиясынын расмий өкүлү Александер Винтерштейн азыр кырсыктын кесепеттери такталып, чыгымдар эсептелип жатканын айтууда:

- Биздин комиссиянын гуманитардык жардам жана кризистик башкаруу уюму Италиянын жарандык коргонуу мекемеси менен тыгыз байланышта иштеп жатат. Учурда чыгым эсептелүүдө. Биз, албетте, жардам беребиз.

Кырсыктын кесепеттерин жоюуга куткаруучулар менен кошо аскер кызматкерлери да тартылды.

Аматриче шаарынын жетекчилиги кабарлаганына караганда, жер силкингенде бул аймакта жер көчкү да жүрүп, куткаруу иштери оорлоду.

​Адистердин айтуусунда, эгер имараттар бекем болсо өлгөндөрдүн саны мынчалыкка жетпейт болчу. Себеби, салыштырып караганда 6 балл өтө жогору эмес.

Аймактагы көпчүлүк курулуштар сейсмикалык жактан туруштук берүүсү өтө начар деп эсептелет. Дал ушунун айынан жүздөн ашуун өмүр кыйылды.

1980-жылдарга чейин салынган тамдардын көпчүлүгү кыйрап калды. Андан кийинкилер гана атайын курулуш эрежелери сакталып тургузулгандыктан эч нерсе болгон жок.

Тоонун бетине илгери салынган тамдарды бузуп, алардын ордуна жаңысын салуу өтө кымбат. Ошондуктан эски тамдарды жаңыртып, коопсуздугун камсыз кылуу керек деген талапты бийлик тургундардын алдына койчу эмес.

Кырсыктын кесепеттерин жоюу, куткаруу иштерине кечээ Италия өкмөтү өзүнүн резервдик фондунан 235 миллион евро бөлдү.

Бирок мындан да көп каражат талап кылынары азыртан эле айтылууда.

Аматриче шаарынын мэриясы бул кырсыкты 2009-жылкы жер титирөө менен салыштырды. Анда Аквила шаарындагы каргаша 300дөн ашуун адамдын өмүрүн алган. Шаарды калыбына келтирүүгө 16 миллиард доллар сарпталган.

Атамбаев Италия элине көңүл айтты

Тышкы иштер министрлигинин маалыматында, Италиядагы кыргызстандыктар туурасында маалымат алуу үчүн Кыргызстандын Швейцариядагы элчилигине тапшырма берилген.

Италияда Кыргызстандын элчилиги жок, аймагы боюнча Италия Швейцариядагы элчиликке карайт.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев 24-августтун таңында болгон жер титирөөгө байланыштуу Италия президенти Сержо Маттареллага көңүл айтты.

Италия: зилзаладан өлгөндөр саны 250дөн ашты
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:25 0:00

XS
SM
MD
LG