Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:07

Кыргызстан Италияга көңүл айтты


Президент Алмазбек Атамбаев көп адам курмандыктарына алып келген Италиянын түштүгүндөгү жүргүнчү ташыган поезддердин кагылышына байланыштуу Италия президенти Серж Маттареллага көңүл айтты.

«2016-жылдын 12-июлунда Италиянын түштүгүндө көптөгөн курмандыктарга алып келген жүргүнчүлөр поездинин кагылышкандыгы тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым» деп айтылат мамлекет башчынын телеграммасында.

Президент курман болгондордун туугандарына жана жакындарына чын жүрөктөн көңүл айтууну, ошондой эле жабыр тарткандардын тезирек сакайып кетишин каалай тургандыгын жеткирип коюуну өтүндү.

XS
SM
MD
LG