Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:36

Эквадордо зилзала жүздөгөн кишинин өмүрүн алды


Гуаякиля шаарында кыйраган имарат, 16-апрель, 2016
Гуаякиля шаарында кыйраган имарат, 16-апрель, 2016

Эквадордо жекшембиге караган түнү болгон катуу жер титирөөдөн каза тапкандардын саны 270тен ашты. Ар кандай жараат алгандардын саны 2 миңден арбын, алардын саны дагы көбөйөт деген кооптонуу айтылууда.

Жекшембиге караган түнү күчү 7.8 баллга жеткен жер титирөө Тынч океанынын жээгинде жайгашкан 16 миллион калктуу Эквадордун дээрлик бардык аймагында, бийик тоолуу баш калаа Китодо да сезилди.

Президент Рафаэл Корреа Римдеги сапарын чукул жыйынтыктап, өз мекенине жол тартып баратып, зилзалада өлгөндөрдүн саны 230дан ашканын айтты. “Эң башкысы тез арада уранды алдында калгандарды чыгаруу” деген президент “баарын кайра курса болот, эң өкүнүчтүүсү - кыйылган өмүрлөр” деп жазды твиттер баракчасына.

Эквадордун бийликтери эки миңден ашуун киши ар кандай жараат алганын билдирди. Өлкөнүн алты провинциясында чукул кырдаал жарыяланды.

- Биз колдо болгон эмгек күчүн жана каражатты бөлдүк. Эл аралык гуманитардык жардамды алууну координациялап жатабыз. Венесуэла менен Мексикадан жардам келатат, Европадан дагы кайрылуулар бар. Мындай кырдаалда бизге кол сунган өлкөлөр бар. Алар биздин элге тилектештигин билдирип, күч-кубат каалап жатышат. Биз азыркы өтө оор абалда чыдамкайлык көрсөтөбүз” – деди вице-президент Хорхе Глас 17-апрелде Китодо туруп журналисттерге. Урандылардын астында дагы деле адамдар калганы тууралуу маалымат келип жатканын айтты.

Тынч океанынын жээгинде жайгашкан Эквадор мамлекети
Тынч океанынын жээгинде жайгашкан Эквадор мамлекети

Табигый кырсыктан деңиз жээгине чукул турган шаарлар жабыркап, айрыкча курорттук Педерналес шаары кыйрап калганы айтылууда. Бул аймакта 163 жолу силкинүү кайталанганын бийликтер билдирди. Социалдык медиага чыккан бир сүрөттө экиге ажырап калган жолго кыпчылып турган машине, анын артындагы адамдарды көрүүгө болот.

Жергиликтүү телеканал тургундар кичинекей трактор менен урандыларды сүздүрүп, топурактын алдында калгандарды издеп жатышканын көрсөттү. Көптөр көчөдө түнөштү. Өлкөдөгү эң чоң шаар Гуаякиляда урандылар тоодой үйүлүп, көпүрө кулап, алдындагы машинелерди басып калган.

«Абдан коркуп калдык, үйлөр кагаздан жасалгандай дубалдары ажырап, эшик-терезелер чачырап жатты» деп Рейтер агенттигине Галло Валее аттуу 66 жаштагы шаар тургуну айтып берген.

13 жарым миңдей коопсуздук күчтөрү өлкөдө тартипти сактоого тартылды, 600 миллион доллар насыя кырдаалды жөнгө салууга бөлүндү. Манта шаарынан тартылган сүрөттө "Кызыл чырым" уюмунун кызматкерлери келип жатканын, полиция кулаган эстеликтер менен ураган үйлөрдү аралап жүргөнү көрүнөт. Баш калаа Китонун бир бөлүгү бир нече саат электр жарыгысыз калып, телефон байланышы үзүлгөн. Бийликтер болсо кызматтар калыбына келтирилип, шаарда жабыркагандар тууралуу маалымат жоктугун билдирди.

Эквадордун бийлиги бул жер титирөөнү мындан 37 жыл мурунку 600дөн ашуун киши өлүп, 20 миңден көбү жараат алган зилзаладан кийинки масштабдуу кырсык деп баалады.

Венесуэла, Чили, Мексика куткаруучулар менен материалдык жардам жибергенин өлкө бийликтери кабарлады.

Кырсык ОПЕК уюмуна мүчө өлкөнүн нефть тармагына залакасын тийгизген жок, жер титирөөнүн очогуна чукул жайгашкан Эсмеральдас заводу коопсуздуктан улам ишин убактылуу токтотту.

Эквадордогу зилзала өткөн бейшембиден бери Жапонияда кайталанган силкинүүлөрдүн уландысы болду. Эки өлкө тең Тынч океанындагы сейсмоактивдүү “От шакеги” деп аталган айлампада жайгашкан. АКШнын геология кызматы болсо алар бири биринен өтө алыс жайгашкандыктан жер титирөөлөрдүн байланышы жок деп болжолдоодо.

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG