Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:30

Түркиядагы зилзала: Мадина уулун көрбөй кетти...


Түркиянын зилзала болгон Хатай провинциясында каза болгон 37 жаштагы Мадина Бактачиева
Түркиянын зилзала болгон Хатай провинциясында каза болгон 37 жаштагы Мадина Бактачиева

Түркия менен Сирия чектешкен Хатай провинциясында зилзалада каза болгон келиндин сөөгү Кыргызстанга жеткирилди. 37 жаштагы кыргызстандык келин соңку алты жылдан бери Хатайда үй кызматчысы болуп иштеп жүргөн. Артында апасы, бир туугандары жана 16 жаштагы уулу калды.

6-февралдагы жер титирөөдө Хатай провинциясында иштеп жүргөн Токтогул районунун Чеч-Дөбө айылынын тургуну Мадина Бактачиева каза болду. Анын сөөгү 11-февралда табылып, 12-февралда тек-жайы аныкталган.

Адегенде Москвага миграцияга кетип, кийин Түркияга барган келин алты жылдан бери улгайган адамды багып иштеп жүргөн.

Келин акыркы жолу кырсык болорго төрт күн калганда туугандары менен байланышка чыккан экен.

Маркумдун мурдагы жолдошу Назар буларды айтып берди:

“Ортодо уулубуз болгондуктан Мадина менен байланышып турчумун. Акыркы жолу 10-декабрда сүйлөшкөнбүз. 11-декабрь уулубуздун туулган күнү. 6-февралда эртең менен "Түркияда жер титирөө болду" деген жаңылыкты окуп, Мадинага чалдым. Бирок телефонуна байланыш барбай, жазган каттарга жооп келбей атты. Уулум Нурсултан “апам телефонду албай атат” деп ыйлаганын көрүп, билгизбей Чеч-Дөбөдөн Бишкекке келип, өз алдымча эки күн издедим. Интернеттен консулдун номурун алып, байланышсам, “издеп атышат” деген жооп болду. Андан кийин байланышка чыгышкан жок. Мени менен кошо кайнагаларым да издеп атышты".

Беш жыл чогуу жашап, эки ажырым жолго түшкөн келинчегин Назар үч күн издеген. Зилзала болгондон алты күн өткөндөн кийин гана Мадина каза болгону тууралуу кабар келген.

“Издеп жыйынтык чыкпаганынан айылга келе бергем. Чогуу иштешкенби же ошол жерде миграцияда жүрүп Мадина менен таанышпы, айтор кыргыз кыздардын бири сөөгүн көрүп эле тааныптыр. Элчилик сөөктү мына жиберет, эртең жиберет деп күтүп жаттык. 14-февралда табытты Мадинанын атасынын бир туугандары, эжеси коштоп келди. Апасы менен уулума бүгүн угуздук. Апасы төрт эжесин жана жалгыз инисин жалгыз өзү тарбиялаган, азыр абдан жаман болуп турат".

37 жаштагы Мадина акыркы жолу өзү туулуп-өскөн Токтогул районунун Чеч-Дөбө айылына мындан эки жыл мурда келген экен. Быйыл да май айында эмгек өргүү алып келем, Нурсултанды (уулу-ред.) көрөм деген кыялы орундалбай калды.

Келин миграцияга уулум эс тартып калды, үй алып берейин деген ниетте кеткен экен.

Жер титиреген учурда Мадина менен кошо ага иш берген эже-сиңди жана алардын улгайган атасын уранды басып калган. Алардын бирөө да тирүү калган эмес.

“Биз ызы-чуусу жок, ич ара түшүнүшүү менен эки башка жолго түшкөнбүз. Уулубуздун менин колума келгенине үч жыл болду, ага чейин тайлары менен турчу. Мадина "сага барганы жакшы болду, атасынын кашында жүрсө жүрөгүм тынч" деп айткан. "Нурсултанга үй алып берсем жакшы болмок" деп айтып калчу. Ажырашкандан кийин Мадина Москвага жол тарткан, мен Орусиянын башка шаарына иштеп кеттим. Мадина миграцияга аргасыз кеткен. Болбосо, уулубуздун, жакындарынын жанында жашаганга эмне жетсин? Уулум апасына жакын эле, азыр анын абалын сөз менен жеткире албайм, кыйналып атат...”.

Мадинанын сөөгү өзү туулуп-өскөн Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунун Чеч-Дөбө айылында 15-февралда жерге берилет.

1,5 миллионго чукул калкы бар Хатай провинциясында жана зилзала катталган Түркиянын дагы башка тогуз аймагында 200дөй кыргызстандык бар экенин

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев “Азаттыкка” билдирген. Алардын көбү консулдук каттоого турбай эле тейлөө тармагында иштеп келген.

2023-жылдын 6-февралында Түркияда болгон табигый кырсыктын кесепетинен Хатай шаарында 1986-жылы туулган Б.М. аттуу жараныбыз каза болгону тууралуу маалымат 12-февралда ырасталганын терең кайгыруу менен билдирем. Маркумдун тек-жай жакындары тарабынан такталды. Кыргыз Республикасынын Анталиядагы Башкы консулдугунун кызматкерлери ушул убакка чейин урандыларды тазалоо иштери жүрүп жаткан Хатай шаарында болушту. Бардык керектүү документтер түзүлүп, мекендешибиздин сөөгү менен жүк-200 Кыргызстанга жөнөтүлдү".

Жер титирөө катталган аймактардан Астана жана Ташкент шаарлары аркылуу жалпы 30 кыргызстандык 10-февралда Бишкекке эвакуацияланып келген. Бул иштер ал жерде жүргөн мигранттардын каалоосуна ылайык азыр да улантылууда. Айрымдары Стамбул, Анталия шаарларына жеткирилген.

Кыргызстанга эвакуация болгондордун бири Жылдызгүл Бактыбек кызы көптөгөн кыз-келиндер насыянын айынан Түркияда калганын айткан.

"Ондогон кыздарыбыз азыр кетсек кайра келе албай калабыз деп Стамбул, Алания же Анталия өңдүү ири шаарлардан тааныш таап, ошол жерлерге иштегени кетишти. Алар Кыргызстанга кайтканда иши жок кыйналарын, алган насыясын төлөгөнгө акчасы жетпей каларын айтып жатат. Мен аларды түшүнөм, себеби менин да карыздарым бар, айлам жоктугунан гана Бишкекке келдим".

6-февралда Түркия жана Сириянын аймагында болгон 7,8 баллга жеткен зилзалада 40 миңден ашык адам набыт болуп, он миңдеген киши жараат алды. Миңдеген имарат кыйрап, он миңдеген үй-бүлө баш калкасыз калды.


Уранды алдынан аман калгандарды табуу үмүтү барган сайын азайып жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG