Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:53

БУУ: Түркия менен Сирияда зилзаладан 26 миллион киши жабыркады


Сириянын Харим шаарында чатырларда убактылуу башкалкалагандар.
Сириянын Харим шаарында чатырларда убактылуу башкалкалагандар.

Түркия менен Сирияда зилзалада набыт болгондордун саны 33 миңден ашты. Улуттар Уюму бул сан эки эсе көбөйүшү ыктымал экенин эскертти.

Жекшембидеги соңку маалыматка караганда, Түркияда курмандыктар 29 миңден ашса, Сирияда 4 жарым миңге жеткенин Al Jazeera кабарлады. Эки өлкөдө жараат алгандар он миңдеп саналат. Жүз миңдеген киши башкалкасыз калды. Издөө-куткаруу иштерине 70тен ашуун өлкөдөн келген адистер тартылды. Издөө операциясынын 7-күнүндө дагы урандылардын алдынан аман калгандар табылганы маалым болду.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму эки өлкөдө апааттан 26 миллиондой киши жабыркаганын билдирди.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган ишембиде жапа чеккен өлкө түштүгүндөгү райондорго барды.

“Урандыларды тазалап, кайра калыбына келтирүү иштерине тездик менен киришебиз. Азыр жүз миңдеген үйдү, тагыраак айтканда жер титирөөдө катуу талкаланган шаарларды реконструциялоо планынын үстүнөн иштеп жатабыз. Бир нече аптанын ичинде так кадамдарды баштайбыз”, – деди Диярбакыр шаарынын тургундары менен жолукканда.

Диярбакыр: Жер силкинген көз ирмемдер
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:04 0:00

“Бир нече аптанын” ичинде шаарларды кайра куруу башталарын убада кылган Эрдоган жүз миңдеген турак-жай имараттары кирип жашоого жараксыз болуп калганын белгилеп, талап-тоноочулакка барып жаткандарга катуу эскертүү берди.

Би-би-си радиосу түрк бийлиги зилзалада жабыркаган 10 провинцияда 170 миң имаратты карап чыккандан кийин 25 миң үй пайдубалына чейин жер менен жексен болгону же өтө катуу кыйраганы аныкталганын жазды. Прокурорлор 113 кишини кармоого буйрук берди. Жекшембиде 12 киши кармалганы маалым болду.

Түрк оппозициясы бийлик курулуш бизнесинде эржелер менен нормаларга көз жуумп келген, 1999-жылдагы жер титирөөдөн эч кандай сабак алган эмес деп сындап жатат.

Тоодой үйүлгөн урандылардын алдынан адамдарды аман алып чыгуу мүмкүнчүлүгү барган сайын азаюуда. Айрым жерлерде талап-тоноо болуп, жергиликтүү куралчан топтор атышканга чейин барышты.

Сирия менен чектеш Хатай провинциясында Германия менен Австриядан келген куткаруучулар атышуу менен коштолгон морадерчулуктун айынан ишин убактылуу токтотууга мажбур болду. Жекшембиде издөө-куткаруу операциясына катышкандарды түрк армиясы кайтарып турду.

Сирия: 36 саат урандынын алдында калган энесин күткөн тургун
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:48 0:00

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму эки өлкөдө жалпысынан 26 миллиондой киши жабыр тартканын ишембиде билдирди. Зилзалада эки өлкөдө тең ондогон оорукана талкаланды.

БУУнун саламаттык сактоо мекемеси кырсыктан жабыркагандарга өтө зарыл жардамды уюштуруу үчүн тез арада 42,8 миллион доллар бөлүүгө чакырды. Уюм 15 миллион киши Түркияда жардамга муктаж болсо, согуштан талкаланган Сирияда 11 миллиондой адам башкалкасыз калганын билдирди.

Улуттар Уюмунун баш катчысынын орун басары, гуманитардык маселелер боюнча координатару Мартин Гриффитс Сирияда кырдаал өтө кыйын экенин айтты. Согуштун каарын тарткан өлкөнүн саламаттык сактоо системасы талкаланган, бир катар аймактар өкмөттүк күчтөр менен кармашып жаткан козголоңчулардын колунда. Өлкөнүн түндүк-батышына гуманитардык кербен Түркиянын аймагы аркылуу жекшембиде араң кирди.

БУУ Түркия менен Сириянын чек арасында кошумча көзөмөл-өткөрүү бекеттерин ачуунун жолдорун караштырып жатканын Гриффитс эки өлкөнүн чек арасына барганда айтты.

35 жылдан бери жабык турган Армения менен Түркиянын чек арасы зилзаладан жабыркаган Түркиянын түштүк аймагына гуманитардык жүк жеткирүү үчүн ишембиде ачылды. 100 тонна тамак-аш, дары-дармек, суу жана башка эң зарыл нерселерди жүктөгөн машинелер Түркиянын Адыяман шаарына сапар алды.

Соңку жолу чек ара 1988-жылы Армениянын Спитак шаары жер титирөөдө талкаланып калганда ачылып, Түркиядан гуманитардык кербен жүк тартып кирген.

Бир нече күн мурун Армениядан 27 куткаруучу Түркияга учуп кеткен.

Кыргызстан дагы 80 куткаруучу жана алты дарыгер жөнөттү

12-февралда Кыргызстан Түркияга дагы 80 куткаруучу жана алты дарыгер жөнөттү. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, жардам иретинде дары-дармек, медициналык жабдуулар, күндөлүк керектелчү буюм-тайымдар жана кийим-кече өңдүү зарыл нерселер, ошондой эле 75 боз үй жиберилди.

"Калган куткаруучулар, боз үйлөр жана керектүү буюмдар келе жаткан жуманын шейшемби күнү жеткирилмекчи", - деп жазылган маалыматта.

Зилзаланын алгачкы күнүндө эле Бишкектен 67 адамдан турган куткаруучулар тобу Түркияга учуп кеткен.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин маалыматына караганда, акыркы алты күндө 70тен ашык кыргыз жараны жер титирөө болгон аймактардан Анкара, Анталия жана Алания шаарларына, ошондой эле Астана менен Ташкент аркылуу Кыргызстанга эвакуацияланды.

Мунун алдында жер титирөө болгон жерде уранды алдынан бир кыргыз жаранынын сөөгү табылганы белгилүү болгон. Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев маркумдун сөөгүн мекенине жөнөтүү үчүн камылга көрүлүп жатканын айткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG