Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:50

Түркия: Эрдоганга Кылычдароглу атаандаш болот


Режеп Тайып Эрдоган жана Кемал Кылычдароглу.
Режеп Тайып Эрдоган жана Кемал Кылычдароглу.

Түркияда 14-майда парламенттик жана президенттик шайлоо болушу күтүлүп жатат. Оппозиция президенттикке Кемал Кылычдароглунун талапкерлигин көрсөттү.

"Эрдогандын оппоненти Кылычдароглу"

Дүйшөмбүдө Түркияда алты партиядан куралган оппозициялык "Улуттук альянс" кыймылы президенттикке Кемал Кылычдарогулунун талапкерлигин көрсөттү. Өлкөнүн биринчи президенти Мустафа Кемал Ататүрк түптөгөн Улуттук-республикалык партияны жетектеген 74 жаштагы саясатчы шайлоодо утуп чыкса алты партиянын лидерлери вице-президент макамын аларын убада берди?

"Эң негизги максатыбыз - Түркияны тынч жана бакубат күндөргө жеткирүү. Кудай буюрса, баарыбыз чогуу жеңебиз. Биздин улуттук коалиция Түркияны бир пикир менен кеңешип башкарабыз. Ошондой эле толук парламенттик системага өтүү боюнча 11 пунктту макулдаштык".

Оппозициялык күчтөр эгер жеңишке жетишсе, мамлекет башчынын айрым ыйгарым укуктарын кыскартып, парламенттик башкарууну бекемдөөнү убада кылып жатышат.

Ушул эле күнү президент Режеп Тайып Эрдоган 10-мартта шайлоо дайындоо тууралуу жарлыкка кол кое турганын билдирди.

"Буюрса, Конституциянын бизге берген ыйгарым укуктарынын негизинде, 10-март күнү кабыл алына турган турган чечимдин эртеси үгүт өнөктүгүн баштайбыз", - деди Эрдоган.

Андан соң 60 күндүн ичинде шайлоого даярдык, шайлоо өнөктүгү болот жана добуш берүү 14-майда өтөт.

Шайлоо өнөктүгүндө негизги тема 46 миңден ашуун адамдын өлүмү менен аяктаган катуу зилзала болору айтылып жатат.

Оппозиция Эрдоган менен анын бийлигин бул кандуу кырсыктын кесепетин жоюу, жабыркагандарга жардам көрсөтүү жетиштүү болбогонуна байланыштуу айыптап келет. Түрк президенти дооматтарды негизсиз деп эсептейт.

Түркиядагы зилзаладан кийин "өкмөт отставкага кетсин!" деген ураандар да көтөрүлө баштады. Футбол мелдештеринде чыккан ураандар бара-бара нааразылык акцияларында да айтылды. Түрк бийлиги мындай чакырык мыйзамсыз экенин эскертип, митингге чыккандар кармалган учурлар катталууда.

Табигый кырсыкка чейин Эрдогандын бедели экономикалык каатчылыктан, улуттук валюта - лиранын арзандашынан улам түшүп кеткен. Бийлигин үчүнчү он жылдыкка узартууну көздөгөн президент июнь айындагы майрамдарга туш келбесин деп, шайлоону май айына жылдырарын буга чейин айткан. Сурамжылоолор көрсөткөндөй, бул жолку добуш берүү ал үчүн чоң сыноо болмокчу.

""Улуттук альянс" кыймылында кимдер бар?"

  • Негизги оппозициячыл Республикалык элдик партиянын (CHP) лидери - Кемал Кылычдароглу. Ал партияны 13 жылдан бери жетектеп келет.
  • Буга чейин Улуттук элдик партиядан (MHP) чыккан, кийин "Жакшы партияны" (İyi) курган Мерал Акшенер.
  • Улутчул идеологияны көздөгөн "Saadet" партиясынын лидери Темел Карамоллаоглу.
  • 2007-жылы курулган "Демократия" партиясынын жетекчиси Гүлтекин Уйсал.
  • Бийликтеги АК партиядан бөлүнүп чыккан (АКР), өкмөттө бир канча жыл министр болуп иштеген, учурда "DEVA" партиясынын лидери Али Бабажан.
  • 2019-жылы "Gelecek" партиясын түптөгөн, мурунку премьер-министр Ахмет Давутоглу.
"Улуттук альянс" кыймылынын лидерлери: (солдон оңго) Гүлтекин Уйсал, Мерал Акшенер, Ахмет Давутоглу, Кемал Кылычдароглу, Али Бабажан, Темел Карамоллаоглу.
"Улуттук альянс" кыймылынын лидерлери: (солдон оңго) Гүлтекин Уйсал, Мерал Акшенер, Ахмет Давутоглу, Кемал Кылычдароглу, Али Бабажан, Темел Карамоллаоглу.

"Талапкер чыгаруу оңой болгон жок"

Бирдиктүү талапкер чыгарууга байланыштуу сүйлөшүүлөр оңой-олтоң болгон жок. Тактап айтканда, Кылычдароглунун көрсөтүлүшүнө "Жакшы партиянын" төрайымы Мерал Акшенер каршы чыккан. Мурдагы ички иштер министри Акшенер президенттикке Стамбул жана Анкаранын мэрлерин көрсөтүүнү сунуштаган. Ал Кылычдароглу президент болуп калса, Анкара менен Стамбулдун азыркы башчылары вице-президент болуп дайындалат деген талап менен көнгөнү белгилүү болду.

Экрем Имамоглу.
Экрем Имамоглу.

Акшенердин эки мэрдин атын атаганынын жөнү бар. Имамоглу быйыл өтө турган президенттик шайлоодо Эрдогандын ыктымал атаандашы катары каралып келген. Түркиянын соту 52 жаштагы Имамоглуну былтыр декабрда "бийлик өкүлдөрүнө акараат келтирди" деген айып менен эки жарым жылга эркинен ажыраткан. Чечим күчүнө кире электигине байланыштуу Имамоглу өз ордунда иштеп жатат. Анын иши Жогорку сотто каралышы мүмкүн.

Мансур Яваш 2019-жылы жергиликтүү шайлоодо озуп чыгып, баш калаа Анкаранын мэри болгон.
Мансур Яваш 2019-жылы жергиликтүү шайлоодо озуп чыгып, баш калаа Анкаранын мэри болгон.

Ал эми оппозициялык Элдик-республикалык партиянын өкүлү, Мансур Яваш да 2019-жылы жергиликтүү шайлоодо озуп чыгып, баш калаа Анкаранын мэри болгон. Серепчилер Яваш айрыкча жаштар арасында сүймөнчүлүккө ээ экенин баса белгилешет.

Президенттик шайлоого Режеп Тайып Эрдоган бийликтеги АК партия (AKP) жана Улуттук элдик партия (MHP) менен бир альянста барат. 2018-жылда түзүлгөн бул альянс парламентте да эң көп депутаттык орунга ээ.

Улуттук элдик партиясынын (MHP) төрагасы Девлет Бахчели жана Режеп Тайып Эрдоган.
Улуттук элдик партиясынын (MHP) төрагасы Девлет Бахчели жана Режеп Тайып Эрдоган.

Ал арада соңку шайлоодо 11% добуш менен парламентке кирген күрттөрдүн ири партиясы – “Элдик демократиялык партиянын” тең төрагасы Митхат Санжар жергиликтүү телеканалда сүйлөп жатып, "Кылычдароглуна ийгилик каалап, аны менен жолугушууну чыдамсыздык менен күтөбүз" деп билдирди.

Анкара бул саясий топтун “Күрттөрдүн жумушчу партиясы” (ПКК) менен байланышы бар деп эсептейт. Сөз болуп жаткан партияга Түркияда "террорчул" деген негизде тыюу салынган.

Өлкөнүн түштүк чыгышындагы аймактарда 12-15 миллион күрт отурукташканы айтылып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG