Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:50

Эрдоган эңсегенине жетти


17-апрелде Экрем Имамоглуну колдоп чыккандар
17-апрелде Экрем Имамоглуну колдоп чыккандар

Түркия Жогорку шайлоо комиссиясы Стамбулдун мэрлигине шайлоону жокко чыгарды. Кийинки шайлоо июндун аяк ченине белгиленди. Евробиримдик бул чечимди сынга алды. Байкоочулар шайлоо комиссиясына басым болгонун белгилеп жатышат.

Дүйшөмбүнүн түнүндө Жогорку шайлоо комиссиясы 31-марттагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды. Бул комиссия 17-апрелде Экрем Имамоглуну мэр катары тааныган өз чечимин да жокко чыгарганын билдирет.

Кайра шайлоо 23-июнга белгиленди.

Түнгө карабай Имамоглунун тарапкерлери чогулуп, аны сүрөп турушту. Мандат алып, шаар башчылыкка киришкенине жыйырма гана күн болгон оппозиционер комиссиянын чечиминен соң алардын алдына чыкты:

Имамоглу. 6-май, 2019-жыл.
Имамоглу. 6-май, 2019-жыл.

"Дагы 40-45 күн утуу менен алар былык иштерин тазалаш үчүн ушул чечимди кабыл алдырышты. Бирок сиздерге айтып коеюн, биз жүзүбүздөгү күлкү менен, үмүт менен, сүйүү жана урмат менен укугубузду кайтарып алабыз".

Экрем Имамоглу атаандашы, Түркиянын мурдагы өкмөт башчысы Бинали Йылдырымдан 0,2% көп добуш алып, утуп чыккан.

Йылдырым Эрдогандын жакын өнөктөшү
Йылдырым Эрдогандын жакын өнөктөшү

Бийликчил "Адилеттик жана өнүгүү" же түрктөр кыскартып айткан АК партиянын талапкери Йылдырым да бул күнү өз пикирин билдирди:

"Башынан эле экөөбүз тең, мен жана атаандашым Жогорку Шайлоо Комиссиясынын чечими милдеттүү жана баары баш ийет деп айтып келгенбиз".

Бирок аз мурда эле президент Режеп Тайип Эрдоган баштаган АК партия Жогорку шайлоо комиссиясынын чечимин тааныбай, сотко кайрылган. Эрдоган 7-майдагы сөзүндө ЖШК чечимин кубаттап, мурда айтып келгендерин кайталады.

"Шайлоолордон мурдараак айрымдардын кир колу ишке салынып, улам бир кадамдарды жасап отуруп ушул жагдайга жеткиришкени айкын болду. Стамбулдун мэрлигин шайлоодо уюшкан коррупция, толук мыйзамсыздык жана эреже бузуулар болгонуна бек ишенебиз".

Ушул тапта Стамбулда жүргөн Рейтердин кабарчысы Жонатан Спайсер өз байкоолору менен бөлүштү:

"Бүгүн кечинде эле башкы оппозициялык Элдик-республикалык партиясындагылар АК партия шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө басым көрсөттү дешти. Сырттан байкоо салган талдоочулар, жада калса Европарламенттин өкүлү да АК партиянын пайдасына чечим чыгышы үчүн шайлоо комиссиясына кандайдыр басым болгонун айтышты".

Буга удаа Европа Биримдиги “Стамбулда кайра шайлоо өткөрүү демократиялык добуш берүү процесстерине карама-каршы келерин” белгилеп, акыркы чечимди сынга алды.

Стамбул
Стамбул

Стамбул - Түркиянын эң ири шаары. Адегенде Режеп Тайип Эрдоган өзү, кийин анын тарапташтары башкарып, 25 жылдан бери бийликтин колунан чыкпай келген эле. Белгилей кетүүчү жагдай, өлкө борбору Анкарада да бул жолку шайлоодо оппозициялык талапкер жеңип чыккан.

Ошол эле маалда Стамбулдагы кайра шайлоодо Эрдогандын жакын өнөктөшү Йылдырым жеңип кетери да арсар деп жатышат. Бийликтин эл арасындагы беделин түшүрүп аткан бир катар себептер бар.

Маселен улуттук акча лира акыркы айларда 10% кунун жоготууда. Өлкө экономикасы кыйынчылыктан чыга элек. Тышкы саясатта Түркия менен АКШ тиреши уланып, натыйжада Вашингтондон экономикалык санкциялар салынышы күтүлүүдө.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG