Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:25

Казакстан реэкспортту көзөмөлдөөнү күчөтөт


Казакстандын туусу тартылган тосмо жана анын жанында бараткан тургундар.
Казакстандын туусу тартылган тосмо жана анын жанында бараткан тургундар.

1-апрелден тарта Казакстан өлкөгө реэкспорт аркылуу кирген товарга онлайн-көзөмөл жүргүзүү системасын колдонууну пландоодо. Бул тууралуу Financial Times басылмасы жогорку кызматтагы аткаминерлерге шилтеме кылып кабарлады.

"Биз экинчи даражадагы санкцияларга байланыштуу тобокелдикти түшүнүп турабыз, ошондуктан бардык өнөктөштөр менен жүргүзгөн өз ара соодага кылдат көз салабыз", – деген басылманын маектештеринин бири.

Казакстандын Улуттук статистика мекемесинин маалыматына караганда, 2022-жылы Казакстандан Орусияга товар экспортоо 25% көбөйгөн.

АКШ менен Евробиримдик "Казакстан Орусияга санкцияларды айланып өтүүгө жардам берип жатат" деп шек санайт. Астана аны четке каккан.

Марттын башында Казакстанга барган АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Кошмо Штаттар санкциялар Орусиянын коңшуларына кандай таасир тийгизип жатканына тыкыр көз саларын айтып, казак компаниялары орус бизнеси менен байланышуудан оолак болушу керектигин эскерткен. Казакстандын ТИМ башчысы бийлик үчүн эки өлкө ортосундагы соода жараяндарын башкаруу өтө татаал экенин мойнуна алган.

Евростаттын маалыматына караганда, санкциялар киргизилгенден кийин – 2022-жылдын март айынан ноябрь айына чейин Европадан Орусияга экспорт мурдагы жылдын ошол маалына салыштырганда 47% төмөндөгөн. Аны менен катар Европадан эскпорт Орусияга коңшулаш жайгашкан өлкөлөргө – Беларуска, Арменияга, Казакстанга, Грузияга, Өзбекстанга жана Кыргызстанга 48% өскөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG