Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:33

Кыргызстанда банктардын уставдык капиталы 1 млрд. сомго көтөрүлдү


Кыргызстандын Улуттук банкы.
Кыргызстандын Улуттук банкы.

Улуттук банкынын башкармалыгы “Коммерциялык банктардын уставдык жана өздүк (жөнгө салуучу) капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө” токтомун бекитти.

Бул тууралуу аталган мекеменин сайтында кабарланды.

Ага ылайык, жаңыдан түзүлүп жаткан коммерциялык банктар үчүн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү кеминде 1 млрд. сом деп бекитилди. Буга чейин бул сумма 600 млн. сом болчу.

Учурда иштеп жаткан банктар уставдык капиталын 1,5 жылдай азыркы шартта кармап тура алышат. Анын суммасын 2024-жылдын 1-июлунан тартып 800 млн., 2026-жылдын 1-июлунан тартып 1 млрд. сомго көтөрүшү керек.

Улуттук банктын токтомунда мындан сырткары “иштеп жаткан системалуу мааниге ээ коммерциялык банктар үчүн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү 2023-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө 2 млрд. сом өлчөмүндө белгиленери” көрсөтүлгөн. “Системалуу мааниге ээ” банктардын тизмеси атайын критерийлер менен аныкталат жана ага кайсы банктар кире турганы маалыматта такталган эмес.

Уставдык капитал – бул мамлекеттик каттоодон өткөн уюм жана мекемелердин документтеринде көрсөтүлгөн атайын өлчөмдөгү сумма. Ал юридикалык жактардын активдеринин жана мүлктөрүнүн минималдык өлчөмү жана ал компаниянын ишинин кепилдиги болуп саналат.

Кыргызстан эгемендик алгандан кийин ачылган коммерциялык банктарга уставдык капиталдын чеги алгач 20 млн. сом болгон. Улуттук банк муну жыл сайын көтөрүп отуруп, 2015-жылы 300 млн. сом кылып бекиткен. Чек 2017-жылы 500 млн. сомго, 2018-жылдын июль айынан тартып 600 млн. сомго көтөрүлгөн болчу.

Башкача айтканда, компаниясына ушунча сумма сала ала турган ишкерлер гана банк уюштура алышчу. Улуттук банктын жаңы токтомуна ылайык, уставдык капиталына 1 млрд. сом киргизген гана тарап коммерциялык банк ача алат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG