Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:04

Хорог шаарына "Талибан" өкмөтүнүн делегациясы барганы кабарланды


Хорог шаарына кире бериш жер.
Хорог шаарына кире бериш жер.

Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусунун борбору Хорог шаарына талибдердин делегациясы барганын "Талибан" өкмөтүнүн Тышкы иштер министрлиги кабарлады. 25-марттагы маалыматка ылайык, алар Ооганстандын аймактагы консулдугуна барышты.

Талибдердин делегациясын тышкы иштер министрлигинин административдик-финансы департаментинин башчысы Мохаммад-Муса Амири жетектейт.

Тажикстандын бийлиги бул маалыматка комментарий бере элек.

Делегация Хорогго кандай жол менен барганы белгисиз.

"Делегация консулдуктун иши жана ал жердеги оңдоо иштери менен таанышты. Консулдуктун имаратын оңдоо зарылчылыгы Хорогдогу кар көчкүдөн жабыркагандан кийин пайда болгон", - деп жазылган талибдердин маалыматында.

15-февралда Хорогдо кар көчкү жүрүп, 39 үйдү, Ооганстандын консулдугун жана аймактын бир нече тургундарын басып калган.

Кыргызстанда жана дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө (анын ичинде Тажикстанда да) экстремисттик деп табылган "Талибан" кыймылы Ооганстанда бийликти 2021-жылы августта басып алган.

Аларды бир да өлкө расмий тааный элек.

Тажикстан менен Кабулдун жаңы башкаруучуларынын дипломаттык катышы жок. Тажик президенти Эмомали Рахмон баштаган бир катар жетекчилер "Талибан" кыймылын көп жолу сындаган.

Расмий Дүйшөмбү талибдердин өкүлдөрү менен электр энергиясын сатуу боюнча гана келишимге кол койгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG