Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:38

Аба ырайы: Күн ачык болот


Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолундагы Төө-Ашуу, Каракол-Эңилчек автоунаа жолундагы Чоң-Ашуу жана Барскоон-Ак-Шыйрак автоунаа жолундагы Сөөк, Кара-Гөө ашууларында кар көчкү түшөт, кар күрткүсү чогулуп, жолдор тайгак болот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы зарыл.

27-мартта өлкө аймагында жаан-чачын жаабайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 17…22;

Талас облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 15…20;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 13…18;

Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 9…14 градус жылуу болот.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 4…6°, күндүз 19…21° жылыйт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG