Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:02

Казакстанда камакта отурган журналист ачкачылык жарыялады


Думан Мухаммедкарим маалымат жыйынында. 22-январь, 2023-жыл. Алматы шаары.
Думан Мухаммедкарим маалымат жыйынында. 22-январь, 2023-жыл. Алматы шаары.

Казакстандык эркин журналист, парламенттик шайлоодон кийин 25 суткага камалган Думан Мухаммедкарим ачкачылык жарыялагынын адвокат Галым Нурпеисов маалымдады. Анын айтуусунда, талапкер журналисттер менен жолугуштурууну талап кылууда.

Мажилис депутаттыгына талапкер Думан Мухаммедкарим 20-мартта Алматыда өткөн маалымат жыйынында шайлоонун жыйынтыгына макул эместигин айтып, тилектештерин тынч митингге чакырган.

21-мартта шаардын административдик соту аны 25 суткага камоо чечимин чыгарды.

Думан Мухаммедкарим YouTube каналы аркылуу бийликти сындап келет. Аны "катталган жеринин туура эместигинен улам" аймактык шайлоо комиссиясы (АШК) мажилис депутаттыгына талапкер катары каттоодон баш тарткан. Ал АШКны сотко берип, утуп алган.

19-мартта өткөн мажилиске шайлоодо расмий жыйынтыктарга ылайык, башкаруучу "Аманат" партиясы көпчүлүк добушка ээ болду. Көз карандысыз жана эл аралык байкоочулар добуш берүү мыйзам бузуулар менен коштолгонун белгилешкен. Утулуп калган көпчүлүк талапкерлер шайлоону мыйзамсыз деп табууну талап кылышты.

21-мартта Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев шайлоо "масштабдуу өзгөрүүлөрдүн татыктуу уландысы" болгонун айтты. Казакстан Боршайкому шайлоо жыйынтыгына таасир эте алчу олуттуу мыйзам бузуулар болбогонун маалымдады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG