Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:51

Орунбеков Айгүл Жапарованын атынан ачылган баракчаларга ишенбөөгө чакырды


Айгүл Жапарова.
Айгүл Жапарова.

Социалдык медиада президент Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл Жапарованын атынан баракчалар ачылып, жалган маалыматтар тарап жатат.

Бул тууралуу президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков эскертти.

Орунбеков маал-маалы менен президенттин жубайынын атынан жасалма баракчалар ачылып, чындыкка дал келбеген маалыматтар таратылып жатканын жазып, ага ишенбөөгө чакырды.

Буга чейин Фейсбукта Айгүл Жапарованын атынан акча таратылып жатканы жөнүндө маалыматтар тараган.

Айгүл Жапарова "Эне-балага тирек" коомдук фондунун жетекчиси. Cоциалдык долбоорлорду ишке ашырган фонд мурда "Үмүт булагы" деп аталып жүргөн жана Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, азыркы аталышы менен 2022-жылы март айында кайра каттоодон өткөн. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG