Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:33

The Telegraph: Евробиримдик Орусияга көмөктөшкөндөргө санкция киргизүүнү көздөөдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Евробиримдик Орусияга Батыш киргизген санкцияларды кыйгап өтүүсүнө көмөктөшкөнү үчүн Борбор Азиянын айрым өлкөлөрүнө чектөө киргизиши мүмкүн. Бул тууралуу The Telegraph басылмасы жазды.

Басылма маалымдагандай, чектөөлөр Орусияга жарым өткөргүчтөрдү камтыган тиричилик техникалары, аскердик өндүрүшкө керектүү тетиктери бар эски автоунааларды сатып жаткан өлкөлөргө киргизилиши ыктымал.

Ага ылайык, ушул тапта Евробиримдикке мүчө өлкөлөр Орусияга Батыштын санкциясын кыйгап кетүүгө көмөктөшүп жаткан өлкөлөргө соода санкциясын киргизүү планын талкуулап жатышат.

"Москвага сырттан соода агымына жүргүзүлгөн көзөмөл Борбор Азиядагы Кремлдин өнөктөштөрү менен Евробимдиктин ортосунда керектелүүчү товарлардын соодасы күч алганын аныктады. Жаңы соода каттамдарынын активдүүлүгү 60-8% чейин өсүшү - Орусия Батыштын санкцияларын кыйгап өтүп жатканынан кабардар кылат", - деп жазды басылма.

The Telegraph жазгандай, биримдик үчүнчү өлкөлөрдөгү жеке ишкерлерге жана ишканаларга эскертүү берүүнү көздөөдө.

"Орусиянын аскерий-коргонуу өндүрүшүнө көрсөтүлгөн материалдык жардамдын кесепети Евробиримдиктин базарларына бөгөт болуп калышы ыктымал", - деп жазылган документте.

Евробиримдиктен Казакстанга, Кыргызстанга жана Өзбекстанга негизинен кир жуучу машиналар, эски автоунаалар жана фотоаппараттарды ташуу күч алганы белгиленип, булардагы жарым өткөргүчтөр жана башка тетиктер Орусиянын аскердик техникаларына: танктарды, учкучсуз учактарды жана чопкутталган аскердик машиналарды оңдоо керектелип жатышы ыктымалдыгы жазылган.

Басылманын маалыматына ылайык, Евробиримдиктен чыгарылган товарлардын басымдуу бөлүгү Литванын чек арасы аркылуу Беларуска багытталып, андан ары Борбор Азия өлкөлөрүнө экспорттолот. Биримдиктин дипломаттары экспорттук декларацияларды блоктун тышкы чек арасына чейин көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүнө ээ. Андан ары товарлардын кайда кеткени белгисиз.

Евробиримдик өлкөлөрүнүн планына ылайык, Орусиянын өнөктөштөрүнө санкцияны кеңейтүү үчүн алгач Борбор Азия өлкөлөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүлүп, аларга санкциянын кесепеттери тууралуу эскертүү берилмекчи.

The Telegraph Орусиянын негизги соода өнөктөшү болгон Казакстан аймагы аркылуу өтүп жаткан товарларга көзөмөл кылууну убада бергенин жазды. Басылманын маалымдашынча Евробиримдиктин дипломаттары былтыр Казакстан менен Орусиянын соода алмашуусу да кескин өскөнүн байкашкан.

Маалыматта Орусия менен тыгыз соода алакасы бар Түркия, Армения жана Бириккен Араб Эмираттарына да "Чоң жети" (G7) блогунун дипломаттары тыкыр көз салып турганы тууралуу жазылган.

Расмий маалыматтарга ылайык, 2022-жылы Кыргызстан менен Орусиянын соода алакасынын көлөмү 3 млрд. 234 млн. 562 миң долларды түзгөн. Бул 2021-жылкы соода алмашуунун көлөмүнөн 140,3% көп. Мурдагы жылы эки өлкөнүн соода алакасынын көлөмү 2 млрд. 304 млн. 862 миң доллар болгон.

Былтыр Орусия Украинага кол салгандан кийин, АКШнын Финансы министрлиги санкция салынган товарлар Орусия жана Беларустун рыногуна өтүп кетүү тобокелдиги бар деген өлкөлөрдүн тизмесин аныктаган. Мындай өлкөлөрдүн катарына Борбор Азиянын башка өлкөлөрү менен бирге Кыргызстан да киргизилген. Документте санкция салынган товарлар бул өлкөлөргө сырьё катары мыйзамдуу жеткирилиши мүмкүн экени, бирок андан ары Орусия менен Беларуска экспортторулушуна тыюу салынары белгиленген.

Орусия 24-февралда Украинага кол салгандан кийин Батыш өлкөлөрү Орусияга каршы санкцияларды күчөткөн. Кыргызстан орус-украин чатагында бейтарап позицияда экенин айтып келет.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG