Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:31

Эл аралык олимпиадада жеңишке жеткен окуучулар сыйланды


Олимпиаданын жеңүүчүлөрү. 27-март, 2023-жыл.
Олимпиаданын жеңүүчүлөрү. 27-март, 2023-жыл.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев математика, физика жана информатика боюнча окуучулар арасында өткөн ХIX Жаутыков эл аралык олимпиадасынын 12 жеңүүчүсүн кабыл алып, ар бирине планшет тапшырды.

Парламенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, Казакстанда өткөн олимпиадага бир нече мамлекеттен миңден ашык окуучу катышып, кыргызстандык 12 окуучу жеңишке жеткен.

Шакиев башка тармактардагы эл аралык сынактардын жеңүүчүлөрүн даңазалап тосуп алуу адатка айланганын белгилеп, илим жаатындагы жетишкендиктерге мындан ары да көңүл буруу керектигин белгиледи.

Интернеттеги маалыматта физика жана информатика боюнча Жаутыков эл аралык олимпиадасы 10-11-класстар арасында жыл сайын өткөрүлөт. 2005-жылы уюштурулган сынакка 15 мамлекеттен мыкты окуучулар катышат. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG