Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:08

Равшан Жээнбеков Абировдун ордуна ат салышарын билдирди


Равшан Жээнбеков сот залында. Бишкек. Ноябрь, 2022-жыл.
Равшан Жээнбеков сот залында. Бишкек. Ноябрь, 2022-жыл.

Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров мандатын тапшыруу тууралуу арыз бергенден кийин абакта отурган оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков бул округдан шайлоого катышарын жарыялады.

"Абиров бийликтин күчү менен мени уткан. Андан кийинки көп добушту абакта жатсам да мен алгам. Азыр да түрмөдө отуруп, кайрадан шайлоого барам. Бул саясий күрөш. Күрөштү улантышыбыз керек", - деп жазды ал 27-мартта Фейсбуктагы баракчасына.

Равшан Жээнбеков 2021-жылдын 28-ноябрында өткөн парламенттик шайлоодо камакта отурган жеринен Бишкектеги бир мандаттуу №26 Ленин округунан талапкер катары катталган.

Шайлоодо Жаныбек Абиров менен атаандаш болгон. Абиров 31% ашык добуш менен жеңген, Жээнбеков 10% ашык добуш алып, экинчи орунга чыккан.

Депутат Абиров мушташка аралашкан окуяга байланыштуу мандатын тапшырып жатканын 27-мартта жарыялаган.

Равшан Жээнбеков 2019-жылы Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, камакка алынган. 2020-жылы октябрдагы башаламандык учурунда бошотулган, бирок "үй камагынын талаптарын бузду" деген негизде 2021-жылы 5-августта кайра №1 тергөө абагына камакка алынган. Кийинчерээк үй камагына чыгарылган.

Былтыр 23-октябрда Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, камакка алынып, Бишкектеги №1 тергөө абагында отурат. Ал өзүнө коюлган айыптардын баарын саясий куугунтук деп атап келет. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG