Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:54

Украина Беларустагы өзөктүк курал маселесин БУУда кароону талап кылууда


Украинанын желеги.
Украинанын желеги.

Украина Орусиянын президенти Владимир Путиндин Беларуста өзөктүк курал жайгаштыруу жөнүндө билдирүүсүнө байланыштуу БУУнун Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын өткөрүүнү талап кылды.

Бул тууралуу Украинанын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө айтылат.

Украин бийлиги Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрүнөн – Франциядан, Британиядан, АКШдан жана Кытайдан чечкиндүү кадамдарды күтүп жатат. Орусия да бул уюмдун туруктуу мүчөсү жана вето койгонго укугу бар.

"Орусиянын Беларус аймагында өзөктүк курал жайгаштыруу ниети жөнүндө акыркы билдирүүсү – кылмыштуу путиндик режимдин кезектеги чагымчыл кадамы болуп эсептелет. Бул өзөктүк куралды жайылтпоо жөнүндө келишимдин негизин, өзөктүк куралсыздандыруунун архитектурасын жана эл аралык коопсуздук системасын бузат", - деп айтылат Киевдин билдирүүсүндө.

Украинанын Тышкы иштер министрлиги беларус коомуна да кайрылып, “кылмыштуу ниеттин ишке ашуусуна жол бербөөгө” үндөдү.

25-мартта "Россия-24" каналы Орусиянын президенти Владимир Путиндин маегин көрсөткөн. Путин Москва Беларуска тактикалык өзөктүк куралын жайгаштыра турганын билдирген. Анын айтымында, 1-июлда Беларуста тактикалык өзөктүк куралды сактоочу жайдын курулушу аяктайт. Мындан тышкары Орусия коңшусуна мындай куралды алып жүрүүчү "Искандер" комплексин берген.

XS
SM
MD
LG