Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:10

Түркмөнстанда парламентке жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо өттү


Шайлоо тилкелеринин биринен тартылган сүрөт.
Шайлоо тилкелеринин биринен тартылган сүрөт.

26-мартта Түркмөнстанда мажилис (парламент) депутаттарын, облус, район, шаардык кеңештин өкүлдөрүн шайлоо өттү.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат 19:00гө карата шайлоочулардын 91,12% добуш берди.

Ошол эле маалда “Азаттыктын” түркмөн кызматынын кабарчылары шайлоо тилкелерине өтө көп киши келбегенин билдиришти.

Байкоочулар жарандар шайлоо тилкелеринин жооптуу адамдарынын уруксаты менен үй-бүлө мүчөлөрүнүн атынан да бюллетендерди толтурушканын белгилешүүдө.

Дүйнөдөгү эң жабык өлкөлөрдүн бириндеги шайлоого оппозициядан талапкерлер катышпаганы айтылды.

Депутаттыкка талапкерлерди Түркмөнстандын Демократиялык партиясы, Өндүрүшчүлөр жана ишкерлер партиясы, Агрардык партия жана жарандык демилгечил топтор көрсөттү.

2020-жылдагы референдумдун жыйынтыгы менен Түркмөнстан парламенти эки палаталуу системага өткөн. Жогорку палатасы Халк маслихаты деп аталат.

2021-жылы биринчи жолу парламенттин жогорку палатасына шайлоо өтүп, Гурбангулы Бердымухамедов Конституцияны бузуп, палатанын мүчөсү, андан соң анын төрагасы болуп алган.

Быйыл январда Гурбангулы Бердымухамедовдун сунушу менен парламент кайрадан бир палаталуу болуп өзгөрүп, Халк маслихаты мурдагы президенттин жетекчилиги алдында бийликтин эң жогорку органы болуп калган. Бердымухамедов “түркмөн элинин улуттук лидери” аталып, ал таасирдүү ыйгарым укуктарга ээ болуп калды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG