Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:43

Израилдеги нааразылык: президент сот реформасын токтотууга чакырды


Израилде нааразылыкка чыккандар.
Израилде нааразылыкка чыккандар.

Израилдин президенти Ицхак Херцог өкмөттү өлкөдө жапырт нааразылык жараткан сот реформасын токтотууга үндөдү.

Ал Израилдин коопсуздугу, экономикасы жана коомчулугу коркунуч алдында турганын белгиледи.

Герцог "Кнессеттин бардык фракцияларынын, коалициянын, оппозициянын башчыларын жарандарды баарынан жогору коюп, тайманбай кечиктирилгис аракет көрүүгө" үндөдү.

"Эсиңерге келгиле! Бул саясий учур эмес, бул лидерликтин жана жоопкерчиликтин учуру", - деп жазды ал Твиттерге.

Израилде Бенямин Нетаньяхунун өкмөтү сунуш кылган сот реформасына каршы нааразылык акциялары он экинчи жума катары менен уланууда. Жаңы реформага ылайык, Жогорку Соттун судьяларын иш жүзүндө парламенттик көпчүлүк аныктайт. Мындан сырткары, сот өкмөттүн чечимдерин жокко чыгаруу укугунан ажырайт. Парламент аны келерки аптада добушка коюшу керек.

Реформага каршы болгондор анын кабыл алынышы соттордун көз карандысыздыгын жоготот деп эсептешет. 9 миллионго жакын калкы бар Израилде жекшемби күнү 600 миңден ашуун демонстрант көчөгө чыкты.

Коргоо министри Йоав Галант өкмөткө сот реформасын токтотууну сунуштап, өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч жараткан кырдаал түзүлгөнүн айткандан көп өтпөй кызматтан алынганын The Jerusalem Post басылмасы жазды.

Тель-Авивдеги Бен-Гурион аэропортунда каттамдар токтотулганы кабарланды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG