Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:34

Жер мунапысы: Көк-Жардын тургундары Башкы прокуратурага кайрылышты


Башкы прокуратуранын алдына чогулгандар. 27-март, 2023-жыл.
Башкы прокуратуранын алдына чогулгандар. 27-март, 2023-жыл.

Чүйдүн Аламүдүн районундагы Көк-Жар конушунун айрым тургундары жер тилкелерине байланыштуу камакка алынган Султан Оморовду бошотуу талабы менен 27-мартта Башкы прокуратуранын алдына чогулушту.

Конуштун 172-контурунун тургундары инфраструктуралык маселелерди чечүүдө көмөк көрсөтүп келген жергиликтүү тургун Султан Оморов негизсиз кармалганын айтышты.

“Биз 5-6 жылдан бери жашайбыз. Электр жарыгы, суу, жол маселелеринин баарын Султан Оморов чечип келген. Аны эми укук коргоо органдары кыйноого алып, документтерге кол коюуга мажбурлап жатканын уктук. Биз ал аркылуу жерибизди мыйзамдаштырып алалы деп жүргөнбүз”, - деди чогулгандардын бири Замир Орозалиев.

Султан Оморовдун адвокаты Данияр Мамеков ага карата Кылмыш жаза кодексинин 212-беренесинин негизинде (“Бөтөн жер участогун өзүм билемдик менен ээлеп алуу жана максаттуу багытын бузуу менен айыл чарба багытындагы жерлерге өзүм билемдик менен курулуш куруу”) кылмыш иши козголуп, камакка алынганын, анын күнөөсү жок экенин билдирди.

Маалыматка ылайык, Султан Оморовго каршы Мелис Султанов аттуу жаран арыз жазып, 1,5 гектар жерди мыйзамсыз басып алганын билдирген.

Чогулгандардын алдына Чүй облусунун прокурору Эмир Каримов чыгып, маалымат 28-мартта берилерин билдирди. Соңку күндөрү Бишкекте жер талаш маселелери улам бир жерден козголуп жатат. Жердин ээси экенин айткан эки тарап өз жүйөлөрүн келтирүүдө.

Жер мунапысы алкагында арыздарды ар бир райондо түзүлгөн атайын комиссиялар карап жатышат.

Жер мунапысы алкагында арыздарды ар бир райондо түзүлгөн атайын комиссиялар карап жатышат.

Бишкек шаарында жер мунапысы алкагында бүгүнкү күнгө карата 486 адамдын документи боюнча оң чечим кабыл алынганын 17-мартта мэриянын басма сөз кызматы маалымдады. (KS)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG