Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:26

Польшада тыңчылык кылган деген шек менен чет өлкөлүк жаран кармалды


Варшавадагы темир жол вокзалы. Апрель, 2022-жыл. Иллюстрациялык сүрөт
Варшавадагы темир жол вокзалы. Апрель, 2022-жыл. Иллюстрациялык сүрөт

Польшада Орусиянын кызыкчылыгына тыңчылык кылган деген шек менен чет өлкөлүк жаран кармалды. Бул тууралуу маалыматты 27-мартта жергиликтүү прокуратура таратканын Рейтерс агенттиги жазды.

Гданск шаарынын прокуратурасы жарыялаган билдирүүдө айтылгандай, шектүү 21-мартта кармалган. Иликтөөчүлөр ал Поморск жана Куявско-Поморск чөлкөмдөрүндөгү инфраструктура, атайын кзыматтардын, коопсуздукту камсыздоо органдарынын ишмердиги тууралуу маалымат чогулткан деген тыянакка келишти.

“Ал маалыматтар кийин Орусиянын чалгын кызматына өткүрүлүп берилген”, - деп айтылат билдирүүдө.

Эксперттер НАТОнун чыгыш чегиндеги өлкө барган сайын Москванын атайын кызматтарынын, жалган маалымат таратуунун бутасына айланып жатканын белгилешет. Орусия Украинага кол салгандан бери Польшанын контрчалгын кызматы Москва жана Минскинин кызыкчылыгы үчүн иш алып барган деген шек менен 20 кишини кармады.

Алардын көбү аскердик жана транспорт инфраструктурасы жөнүндө маалымат чогултууга айыпталууда.

Маалыматка караганда, жакында Польша орусиялык тыңчылар түйүнүн бетин ачкан. Алар Украинага кетчү темир жолду көзөмөлдөп, саботаж иштерин даярдаган деп маалымдалган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG