Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:32

Бишкекте курулушу токтоп турган үйдүн үлүшчүлөрү бийликке кайрылды


Курулушу бүтпөй турган үйдөн батир алгандар бийликке кайрылды. 27-март, 2023-жыл
Курулушу бүтпөй турган үйдөн батир алгандар бийликке кайрылды. 27-март, 2023-жыл

Бишкектин Октябрь районуна караштуу Каралаев жана Шопен көчөлөрүнүн кесилишинде 2017-жылы курулушу башталып, ушул күнгө чейин бүтпөй турган үйдөн батир алгандар бийликке кайрылды. Алар “Билд Консалд” компаниясынан 2017-жылдан 2021-жылга чейин батир алып, бирок алданып калганын айтышты:

“2020-жылы пандемия маалында жашаган үйүбүздү куруучу компанияга өткөрүп берип, курулуп аткан бул үйдөн 3 батир алганбыз. Анда 2021-жылдын жаз айларында курулушу бүтөт деп айтылган. Ошо күндөн бери жылыш жок. Компаниянын ээси өлкөдөн чыгып кеткени да айтылууда. Президент Жапаров, УКМК төрагасы Ташиев биздин үнүбүздү укса дейбиз. Тергөө адилеттүү жүрүп, компаниянын ээси, анда иштеген юристтер жана башка жооптуу адамдар жазага тартылсын”,- деди үлүшчүлөрдүн бири Самара Карымшакова.

Төрт блоктон турган алты кабаттуу үйлөр 2055-жылга чейин ижарага алынган муниципалдык жерде курула баштаган. Бирок биринчи блогу төртүнчү, экинчи блогу үчүнчү кабатка жеткенде токтогон үйлөрдү азыр кароолчу кайтарып турат.

Дастан Бекешев курулуш бүтпөй турган үйлөргө акчасын салган үлүшчүлөр менен
Дастан Бекешев курулуш бүтпөй турган үйлөргө акчасын салган үлүшчүлөр менен

Нааразы болгон үлүшчүлөр менен Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов жолугуп, мындай маселе шаардын башка жерлеринде да бар экенин, үлүшчүлөрдүн арызынын негизинде укук коргоо органдарынан мыйзамдуулукту талап кыларын айтты.

Шаарда курулушу бүтпөй токтоп турган көп кабаттуу үйлөрдүн так саны белгисиз.

Өткөн аптада Көк-Жар конушунда 2019-жылдан бери курулушу бүтпөй турган көп кабаттуу үйлөрдүн үлүшчүлөрү да бийликке кайрылып, маселени чечүүдө көмөк сураган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG