Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:38

Баткен: такталбаган тилкедеги талаа иштери токтотулду


Баткен. Өрүк гүлү. Март, 2023-жыл
Баткен. Өрүк гүлү. Март, 2023-жыл

25-мартта Өзбекстандын Сох анклавынын тургунун чек арага жакын жерде көчөт отургузуу аракети кыргыз чек арачылары тарабынан токтотулду. Бул тилкеде чек араны жеринен тактоо иштери (демаркация) жүргүзүлө элек болчу. Ушул эле күнү Тажикстан менен чектеш аймакта да коңшу өлкөнүн жарандарынын чек арага жакын жерге көчөт тигүү аракети токтотулганы белгилүү болду.

Жазгы талаа иштери башталганда эки өлкө менен чектеш Баткен районунда күн сайын чек арадагы абал көңүл борборунда. Чыңалуунун алдын алуу максатында жергиликтүү деңгээлдеги жолугушуулар өтүп жатат.

25-мартта Өзбекстандын Сох анклавынын тургуну Кыргызстан менен жакын жерге өрүк көчөттөрүн отургузган. Расмийлердин айтымында, өзбек жараны көчөт отургузганы жерде демаркация иштери жүргөн эмес.

Мындан улам эки тараптуу макулдашууга ылайык, бир чечимге келгенге чейин өзбекстандык жаран баштаган иш убактылуу токтотулган.

Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев аймакта абал туруктуу экенин, чыңалуу жоктугун билдирди:

Баткен районуну акими Учкунбек Жоробаев
Баткен районуну акими Учкунбек Жоробаев

"Өзбекстандын жараны чек арага жакын аймакта жазгы талаа иштерин жүргүзүп, көчөт тиге баштаган экен. Чек арачылар менен жергиликтүү бийлик дароо сүйлөшүү жүргүзүп, ишти токтоттук. Мындай көрүнүштөр жазгы талаа иштери башталган учурда утур-утур катталып турат. Дароо сүйлөшүп, түшүндүрүү ишин жүргүзүп, кырдаалды көзөмөлдөп турабыз. Азыр Сох анклавы менен чектеш аймакта абал туруктуу. Эч кандай чыңалуу жок. Ок атылган жок. Биз Сохтун жетекчилиги менен ар бир маселени сүйлөшүп чечүүнү макулдашканбыз".

Аймакта жазгы талаа иштери кызуу жүрүп жаткан учурда чек аралаш аймактарда майда-барат пикир келишпестиктер катталган учурлар бар.

Март айынын башында Баткен районунун Сох анклавына жакын Сай айылынын тургуну өзбек чек арачылары эгин айдоо иштерине тоскоолдук жаратканын айткан видео жарыяланган. Бирок кийин бул маалымат ырасталбаганы кабарланган.

Сох – Риштан жолундагы “Өтүкчү” бекетин ачуу салтанаты. 2021-жыл 1-апрели
Сох – Риштан жолундагы “Өтүкчү” бекетин ачуу салтанаты. 2021-жыл 1-апрели

Өзбекстандын Сох анклавы аркылуу маршрттук каттамда айдоочулук кылган Максатбек абал туруктуу экенин, каттамдар кадимкидей жүрүп жатканын айтты:

"Биз Сох аркылуу өтүп жатабыз. Мурдагыдай эле. Эч кандай өзгөрүү жок, тынч. Чек арада бир нерсе болгонун уккан жокпуз".

Өзбестандын Сох анклавы Кыргызстандын Баткен жана Кадамжай райондору менен 100 чакырымдай чектешип турат. Чек аранын дээрлик бардык бөлүгү такталып бүткөнү менен, жеринен тактоо же демаркациялоо иштери аяктай элек. Мурдараак анклавдын айланасындагы чек аралардын кээ бир бөлүктөрү тактала элек кезде чыр-чатактар тез-тез кайталанып, каттамдар оор болуп келген.

2021-жылы 1-апрелде Өзбекстандын Кыргызстандагы Сох анклавын бул өлкөнүн негизги аймагы менен байланыштырган Сох – Риштан жолундагы “Кайтпас” жана “Өтүкчү” чек ара бекеттери ачылган.

Жогорку Кеңеш 2022-жылдын 17-ноябрдагы жалпы жыйынында кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелерин делимитациялоо боюнча келишимди ратификациялоо жөнүндөгү мыйзам долбоорун дароо үч окууда карап, кабыл алган. Чек арадагы Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө келишим да колдоо тапкан.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматы 25-мартта Баткен районуна караштуу Чыр-Дөбө айылында кыргыз-тажик чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болгону кабарлады. Ага милиция кызматкерлери, чектеш аймактардын айыл башчылары катышты.

Кездешүүгө тажикстандык жарандардын Көк-Таш айыл аймагындагы Дам-Арык тилкесине көчөт тигүү аракети себеп болгон. Сүйлөшүүнүн натыйжасында аталган тилкедеги бардык иш-аракеттер токтотулган.

"Биздин Ак-Сай айыл аймагынын Көк-Таш айылы менен чектеш аймактагы шарттуу чек ара сызыгына жакын жерде Тажикстандын жарандары көчөт отургузуу аракети токтотулган. Тактала элек аймакта иш жүргүзүү боюнча эки тараптын макулдашуусун аткаруу талабы коюлган. Жакында Тажикстандын Исфара районунун төрагасы менен жолугушабыз. Атайылап чыр чыгаруу же чыңалуу аракети жок. Бирок чек арада түшүнбөстүктөн улам жазгы талаа иштери күчөгөн мезгилде ушундай учурлар катталууда. Баарын көзөмөлдөп, сүйлөшүп чечип жатабыз", - деди Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев.

Кыргызстандын чек ара кызматы эки учурду ырастап, маселе сүйлөшүү жолу менен жөнгө салынганын билдирди. Мекеменин маалыматында "аймакта кырдаал туруктуу, чыңалуу жок" экени айтылат.

Баткендин тургуну Абдимиталип жазгы талаа, сугат иштери башталганда эки тараптын күч кызматтары өзгөчө тартип менен иштеп, чыңалуунун алдын алууга даяр болушу керек деген пикирде.

"Эми ушул учурда бардык эле жашоочулар көчөт тигип, эгин айдайт. Мындай учурда түшүнбөстүктөр болуп кетет. Өзбекстан менен чек араларыбыз такталды деп айтышкан. Тажикстан менен суу, жол, жер талаш маселелери чырга айланып кетпей тургандай макулдашуу керек да. Антпесе азыр жолугушуп, сүйлөшкөндөн кийин эле чыр чыгып кеткен учурлар болгон. Ишеним аз. Эл да кайсыл маалда эмне болуп кетет деп чочулап калат экен".

Тажикстан менен жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар. Тактоо иштери 2002-жылы башталган. Анын 664 чакырымы боюнча орток пикир бар экенин эки өлкөнүн президенттери өткөн жылы ырасташкан. Калган 300 чакырымга жакын чек ара тилкесин тактоодо маселе жаралууда.

Чек ара такталбаганынан утур-утур чыр чыгып, 2021-2022-жылдары жаз, күз айларында болгон жаңжал куралдуу кагылышка чейин жетип, кан төгүлгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG