Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:17

Абактагы Илгиз Шаменов дарыланууга муктаж экенин билдирди


Илгиз Шаменов сот залында. 9-декабрь, 2022-жыл.
Илгиз Шаменов сот залында. 9-декабрь, 2022-жыл.

Кемпир-Абад иши боюнча Москвадан кармалып, камакка алынган жарандык активист Илгиз Шаменовдун ден соолугу начарлап, ооруканада дарыланууга муктаж экени өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды. Анда Шаменовдун менчик медицина борборунда медициналык кароодон өткөнү тууралуу маалымат тиркелген.

"Ден соолугумдун начарлашына байланыштуу, ЮРФА клиникасынан кароодон өтүп, жүрөгүм жана бөйрөктөрүм дарылоого муктаж экенин билдим. №1 тергөө абагынын жана Жаза аткаруу кызматынын дарыгерлери ооруп жатканымды көрүп билип туруп, дарыланууга чыгарбай, убакытты созуп, шалаакы мамиле жасап жатышат. Бул кыйноо фактысы деп эсептейм", - деп жазган Шаменов.


Ал кайрылуусун Акыйкатчыга, Кыйноолорго каршы улуттук борборго, Бириккен Улуттар Уюмуна жана эл аралык адам укугун коргоо (Human Rights Watch) уюмуна жолдогон. Шаменов дарыланууга муктаж экенин анын адвокаты Бакыт Автандил дагы ырастады.

Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткандар 27-мартта көз карандысыз дарыгерлерден турган комиссия түзүүнү суранып, Акыйкатчыга, Кыйноолорго каршы улуттук борбор, укук коргоо уюмдары менен жалпыга маалымдоо каражаттарына кат жолдошкон.

Клара Сооронкулова оор операциядан кийин өпкөсү кагынып, чукул дарыланууга муктаж экенин 27-мартта адвокаты маалымдады. Сооронкуловага 20-февралда ооруканада дарыланууга уруксат берилген жана анын операция болгону кабарланган. 15-мартта кайра тергөө абагына которулган.

Кемпир-Абад ишине байланыштуу тергөө абагында отурган “Бириккен демократиялык кыймылдын” мүчөсү Улукбек Маматаев 15-мартта операция болгон, укук коргоочу Азиза Абдирасулова азыр анын абалы оор экенин жазды.

Буга чейин ооруканада дарыланган Мамбетжунус Абыловдун, Равшан Жээнбековдун ден соолугу толук калыбына келе электе эле абакка которулганын алардын жактоочулары маалымдаган. Чыңгыз Капаров, Илгиз Шаменов, Таалайбек Мадеминов да дарыланууга муктаж экени кабарланган.

Кемпир-Абад иши боюнча кармалган ​Орозайым Нарматова, Перизат Суранова, Нурлан Асанбеков, Талантбек Эшалиев ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыккан.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатышына каршы пикирин ачык билдирип чыккан 30га жакын адам 2022-жылдын 23-октябрында кармалган. Алардын 20дан ашыгынын абактагы мөөнөтү 20-апрелге чейин узартылган.

Милиция кармалгандар бийликти басып алууга аракет кылганын билдирген. Камактагылар муну бийликти сындаганы үчүн саясий куугунтук деп атоодо. Бир катар эл аралык уюмдар Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардын иши калыс кароого чакырган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG