Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:14

АКШда мектептеги атышуудан алты киши, анын ичинде үч окуучу окко учту


27-мартта АКШнын Теннеси штатында жайгашкан Нэшвилл шаарындагы мектепте ок атылып, алты киши, анын ичинде үч окуучу каза болду.

Полициянын өкүлү Дон Аарон басма сөз жыйынында, окко учкан балдардын үчөө тең тогуз жашта болгонун ырастады. Бир полиция кызматкери жараат алган.

Полиция тараткан маалыматка караганда, ок чыгарган жаран колго түшүрүү маалында атып өлтүрүлгөн. Ал Нэшвиллде жашаган 28 жаштагы аял экени айтылды.

Нэшвиллдин мэри Жон Купер каза болгондордун жакындарына көңүл айтты. АКШ президенти Жо Байден Нашвиллдеги кандуу окуяга байланыштуу марттын соңуна чейин өлкөнүн бардык расмий мекемелеринде тууларды түшүрүп, аза күтүүнү буйруду.

Нэшвиллдеги ок атышуу болгон мектеп - башталгыч класстар үчүн жеке менчик христиан мектеби саналат. Анда 6-класска чейин окутат. Мектептин сайтындагы маалыматка ылайык, 200 чамалуу окуучу, 33 мугалим бар.

Маалыматтарга караганда, ушул жылы эле АКШдагы мектептерде ок атышуу менен коштолгон 12 окуя катталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG