Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:36

Германияда транспорт тармагынын кызматкерлери иш таштады


Мюнхендин борбордук темир жол вокзалы. 27-март 2023-жыл
Мюнхендин борбордук темир жол вокзалы. 27-март 2023-жыл

Германияда дүйшөмбүдө транспорт тармагынын кызматкерлери 24 саатка иш таштады. Акция темир жолдор менен аэропорттордун ишине таасир этти, айрым жерлерде коомдук транспорттун кыймылы чектелди.

Deutsche Welle кабарлагандай, дээрлик бардык аэропорттордо, анын ичинде Европадагы эң чоң түйүндөр – Франкфурт жана Мюнхенде рейстер аткарылбай калды. Иш таштоо Берлиндеги аэропорттун ишине гана таасир эткен жок.

Deutsche Bahn темир жол концерни 28-марттын таңына чейин алыска кетчү поезддер токтоп турарын билдирген.

Профсоюздар инфляциянын кескин өскөнүн айтып, айлык акыларды кеминде 10,5% көтөрүүнү талап кылууда.

Жергиликтүү медиа 1992-жылдан бери Германияда мындай ири иш таштоо болбогонун белгилешет. Бийлик кесиптик кошуундар менен сүйлөшүү жүргүзүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG