Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:04

Москва-Вашингтон тиреши: Тыңчылыкка шектелген журналист


Эван Гершковичти соттон алып чыгып баратышат.
Эван Гершковичти соттон алып чыгып баратышат.

Москва шаарынын Лефортово соту The Wall Street Journal гезитинин тыңчылыкка шек саналган кабарчысы Эван Гершковичти 29-майга чейин камады. Америкалык журналист Украинадагы согушка азгырылган “вагнерчилер” жөнүндө материал даярдап жүргөн. Бул окуя Украинада согуш жүрүп жатканда Москва-Вашингтон тиреши күчөгөнүн айгинелейт. Америкалык гезит Гершковичтин артынан орустардын атайын кызматы аңдып жүргөн болушу мүмкүн экенин жазды.

Эван алмашуу үчүн кармалдыбы?

Жекшембиде АКШнын башкы дипломаты Энтони Блинкен менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров телефондон сүйлөшкөндө мамлекеттик катчы Эван Гершковичти токтоосуз бошотууну талап кылганын Вашингтон маалымдады.

The Wall Street Journal (WSJ) басылмасы Гершковичтин артынан Орусиянын атайын кызматы аңдып жүргөн болушу мүмкүн экенин жазды. Гезит кабарлагандай, журналист репортаж даярдап жүргөндө күч органдарынын бир катар кызматкерлери анын артынан калбай, баскан-турганын камерага тартып, аны менен маектешкен адамдарга басым-кысым жасалган. Ал өзү да телефону тыңшалып жаткан болушу мүмкүндүгүн айткан.

Кантсе да Эвандын тыңчылыкка айыпталып кармалышы Кремль менен Вашингтондун мамилесин ого бетер солгундатары турган иш. Анткени "кансыз согуш" аяктаганы Орусияда америкалык журналист кармалган учур болгон эмес.

Гершковичти жакшы тааныган Дмитрий Колезев Эван орусиялык жаранга алмашылышы мүмкүн экенин Deutsche Welle агенттигине айтып берген.

"Бул окуя Путин менен Байдендин, болбосо Лавров менен Блинкендин деңгээлинде чечилет. Ага кандай айып тагылып атканы маанилүү эмес. Гершковичтин соодалашуу жана алмашуу үчүн барымтага алынганы түшүнүктүү эле болуп турат”.

Ал эми "Медиазона" агенттигинини башкы редактору Сергей Смирнов өзүнүн Телеграмдагы каналына “Бул батыш журналисттеринин Орусияда иштөөсү коопсуз болбой калганын тушүндүргөн белги” деп жазды.

Буга чейин Орусия менен Американын дипломатиялык мамилесинде абактагы жарандарды алмашкан учурлар болуп келген.

Маселен, курал сатуу боюнча АКШда соттолгон орусиялык Виктор Бут баңгизат алып жүрүүгө айыпталып, Орусияда камалган АКШнын баскетбол боюнча курама командасынын оюнчусу Бриттни Грайнерге 2022-жылы айырбашталган.

Ага чейин Орусияда соттолгон америкалык Тревор Рид менен АКШда соттолгон учкуч Константин Ярошенко алмашылган.

30-мартта Москвада Эван Гершковичтин баш коргоо чарасы каралган сот отуруму жабык өтүп, ага журналисттин адвокаты Данил Берман киргизилген жок. Ишке мамлекет тарабынан берилген юрист катышканы айтылууда.

“Соттук угуу бат эле бүтүп калды. Үч мүнөт, балким он беш мүнөт. Канчага созулганын билбейм. Эванды абакта кармоо чечими чыгып, алып кетишти”, - деди адвокат Берман.

Орусиянын коопсуздук кызматы - ФСБ журналист "АКШнын тапшырмасы менен аскердик өнөр жай комплексинин ишканаларынын бири тууралуу маалымат чогултуп жүргөн" деп эсептейт. Бирок расмий маалыматтарда кайсы ишкана экени айтылган жок. Бул берене боюнча 10 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова мындай деди:

"Америкалык The Wall Street Journal басылмасынын кызматкеринин Екатеринбургдагы иши журналистикага эч кандай тиешеси жок. Тилекке каршы, "чет элдик кабарчы" статусу, журналисттик виза жана аккредитация алгачкы жолу башка максатта колдонулуп жаткан жери жок”, - деди Захарова.

32 жаштагы Эван 2017-жылдан бери Москвада жашап, соңку бир жылдан бери The Wall Street Journal гезитинин кабарчысы болуп иштеп аткан. Ага чейин Agence France-Presse, The Moscow Times жана The New York Times басылмалары үчүн жазып турган. Анын ата-энеси Орусиядан АКШга барган мигрант болгондуктан, Эван орус тилинде эркин сүйлөгөн.

Эван көбүнчө Украинадагы согуш, Орусиянын тышкы жана ички саясаты боюнча адистешкен журналист. Соңку жолу (28-мартта) санкциялардан улам солгундай түшкөн орус экономикасы боюнча материал жарыялаган.

The Wall Street Journal гезити кабарчысынын кармалышына тынчсыздануу менен билдирүү таратты:

"The Wall Street Journal орус атайын кызматынын (ФСБ) айыптоолорун кескин четке кагат жана ишенимдүү, кесибине берилген кабарчы Эван Гершковичти дароо бошотууну талап кылат. Биз Эван жана анын үй-бүлөсү менен тилектешпиз".

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен “Кремлдин журналисттерди жана жарандык коомдун өкүлдөрүн коркутуу, репрессиялоо, жазалоо аракеттерин катуу айыптайбыз” деп билдирди. Ал эми Ак үйдүн расмий сайтына басма сөз катчы Карин Жан-Пьердин билдирүүсү жарыяланды.

"Биз орус бийлигинин журналисттерди жана сөз эркиндигин бутага алып, репрессиясын улантып жатканын айыптайбыз. Мен америкалыктар АКШ өкмөтүнүн Орусияга барбагыла деген эскертүүсүнө кулак салышы керектигин дагы бир жолу кайталагым келет. Орусияда жашаган же саякаттап жүргөн АКШ жарандары дароо чыгып кетүүгө тийиш".

Ал эми Евробиримдиктин тышкы иштер мекемесинин башчысы Жозеп Боррел Твиттерге “Журналисттер өз кесибин эркин аткарууга жана коргоого татыктуу” деп жазды.

Журналистти кызыктырган “Вагнер”

Эван Гершковичти Екатеринбург шаарына “Вагнер” жеке аскердик компаниясына болгон кызыгуусу “жетелеп барышы” мүмкүн. Анткени жергиликтүү пиар адиси Ярослав Ширшиков менен эки курдай жолугуп, “Вагнердин” жетекчичи Евгений Пригожин боюнча маек алган.

Көбү мурда-кийин сот жообуна тартылган жарандардын түзүлгөн “Вагнер” жалданма армиясынын жетекчиси Евгений Пригожин менен Свердлов облусунун бийлигинин (административдик борбору Екатеринбург шаары) мамилеси көптөн бери жакшы эмес. Быйыл янарь айында согушта өлгөн “Вагнердин” жалданма жоокерин жерге берүүдө карама-каршы пикир жаралган.

Ушундан улам Эвандын Екатеринбургга барышы журналисттик ишмердигине байланыштуу деп айтууга болот.

“Мындан эки апта мурун Эван байланышка чыгып, жарандык коомдун Пригожинге болгон мамилесин сураган. Анын иликтөөсүнүн негизги темасы ушул болчу. Аны кеңсеме чакырып, бир нече киши менен тааныштыргам. Алардан маек алган. Андан кийин Москвага учуп кеткен. Кайра шейшемби күнү чалып, бейшембиде (ред: 30-апрелде) жолугалы деген. Мен дароо макул болгом. Эванды Орусиянын душманы катары көргөн туура эмес”, - деди екатеринбургдук Ярослав Ширшиков.

Чындыгында эле “Вагнер” жалданма аскерлерине Орусиянын ичинде да сын көп айтылып келет. Буга “вагнерчилердин” катарында оор кылмыштарга айыпталгандар бар экени, Пригожиндин басып өткөн жолу себеп болууда. Ошондуктан орус бийлиги үчүн талылуу темалардын бири.

Орусиянын Мамлекеттик Думасы 14-марттагы жыйында Украинадагы согушта жалданма согушкерлер менен ыктыярчыларга көлөккө түшүргөндөр жана алар тууралуу жалган маалымат тараткандар үчүн кылмыш жоопкерчилигин караган мыйзам долбоорун кабыл алган.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG