Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:13

Кремлчил блогердин өлүмү: жардырууга жергиликтүү аял шек саналууда


Дарья Трепова
Дарья Трепова

Орусиянын Тергөө комитети Петербург шаарындагы кафеде болгон жардыруу үчүн шектелген 26 жаштагы Дарья Трепова аттуу жергиликтүү тургун кармалганын билдирди. Жекшемби күнкү жардырууда согуштун берилген колдоочусу, кремлчил блогер Владлен Татарский мерт болгон.

РИА Новости кабар агенттиги жазганына караганда, жарадар болгондордун саны 32ге жетти, он кишинин абалы оор. Расмий Киевдин өкүлү ал окуяны Орусиядагы ички жаңжалдын бир бөлүгү деп комментарий берди.

Дарья Трепова адамды кооптуу ыкмага салып өлтүрүү айыбы менен 25 жылга чейин абакка кесилиши ыктымал. "Фонтанка" басылмасынын жазганына караганда, аны Петербургдун түндүк тарабындагы Выборг районунда тааныштарынын батиринде кармашкан. Жанында Өзбекстанга учуу үчүн алган билет табылган.

Жардыруу болгон кафе. Петербург, 2-апрель, 2023-жыл
Жардыруу болгон кафе. Петербург, 2-апрель, 2023-жыл

Тергөөчүлөр ал Татарскийдин чыгармачыл кечеси өтүп жаткан "Стрит-бар" кафесине "айкелче салынган кутуну алып келген, белектин ичине жардыргыч зат орнотулган" деп санашат.

"2023-жылдын 2-апрелинде саат 18.13тө Васильев аралы районунун полициясына Университет көчөсүндөгү кафеде жарылуу болгону тууралуу маалымат түшкөн. Окуяда бир киши – аскердик кабарчы Владлен Татарский каза тапты", - деп билдирди Петербургдун полиция башкармалыгынын басма сөз бөлүмүнүн башчысы Вячеслав Степченко.

ТАСС билдиргендей, тартип коргоо органдары бутага блогер алынганын белгиледи. Тергөө комитети Татарскийдин өлүмүн Кылмыш-жаза кодексинин "Киши өлтүрүү" беренеси менен иликтей баштады.

Жардыруу үчүн жоопкерчиликти эч ким алган жок.

Baza басылмасы Трепованын күйөөсү – каттоодон өтпөгөн “Орусиянын Либертариан партиясынын” мүчөсү Дмитрий Рылов изделип жатканын кабарлады. Партиянын өкүлдөрү ал киши эмиграцияда жүргөнүн билдиришти.

SOTA Телеграм-каналынын жазганына караганда, полиция Трепова менен Рыловду былтыр февралда согушка каршы акцияда кармаган. Рылов ошондо 10 күнгө камакка алынган.

3-апрелде Орусиянын РИА агенттиги Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына шилтеме берип, жарадар болгондордун саны 32ге жеткенин, 10 кишинин абалы оор экенин жазды.

Кафеде "Кибер Z фронт" патриоттук клуб чогулчу

Окуя жекшемби күнү, 2-апрелде болгон. Кафеде ал маалда Татарскийдин чыгармачыл кечеcи өтүп жаткан. Орусиялык медиа иш-чарага жүздөй киши катышып жатканын маалымдады.

Владлен Татарский
Владлен Татарский

Социалдык тармактардын колдонуучулары дем алыштарда "Стрит-барга" "Кибер Z фронт" деген талкуу клубу чогулуп турарын жазышкан.

Дагы бир маалыматтарда ал кафе бизнесмен, “Вагнер” менчик аскердик компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожинге таандык экени айтылган. Пригожин маалыматты бышыктап, ал жайды патриоттук клубдун жолугушууларына бергенин айтты.

Орус Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы "Киев Татарскийди анын ишмердиги үчүн жек көрчү" деп билдирди.

Украин президентинин кеңсе башчысынын кеңешчиси Михаил Подоляк ал кылмыш Орусиядагы ички жаңжалдын бир бөлүгү деп комментарийледи.

"Банкадагы жөргөмүштөр бири-бирин жеп жатат. Ички терроризм акыры барып ички күрөштүн куралына айланмак", - деп жазды Киевдин өкүлү Твиттерге.

Ал эми Пригожин кол салуунун украин бийлигине тиешеси бар деген сөздөн күмөн санайт. Анын пикиринде, кылмышты "радикалдар тобу" жасаган болушу мүмкүн.

40 жаштагы Татарскийдин өз аты Максим Фомин. Буга чейин өзү туулуп-өскөн Донбасста орусиячыл күчтөрдүн катарында согушуп, ал жактан репортаждарды даярдап келген. Блогердин Телеграмда 560 миң катталуучусу бар.

Былтыр сентябрда Орусия Украинанын бир нече облусун аннексиялап алганын жарыялаганда Кремлдеги салтанатка катышкандардын бири болчу.

"Биз баарын жеңебиз, өлтүрөбүз (жайлайбыз), керек болсо тонойбуз. Баары биз каалагандай болот", - деген ал.

Дарья Дугинанын өлүмү

Бул - Украинадагы согушту колдоп, жек көрүүнү пропаганда кылган орусиялык белгилүү адамга экинчи жолу кол салуу болуп калды.

Дарья Дугина
Дарья Дугина

Өткөн жылдын август айында Москва облусунда саясий технолог, ашынган улутчул, “орус дүйнөсүнүн” идеологдорунун бири Александр Дугиндин кызы Дарья Дугинанын машинеси жарылып, ал ошол жерден мерт кеткен. Жарылуу маркум президенттик фонд өткөргөн патриоттук фестивалга атасы менен катышып, үйүнө кетип баратканда болгон. Маалыматтарда айтылгандай, Дугина атасы менен бир машинеге түшмөк болуп, кийин эки башка автоунаага отурушкан.

Орусиянын атайын кызматы бул кылмыш үчүн Украинанын коопсуздук кызматын айыптаган.

Киев бул окуяга тиешеси жок экенин билдирген. “Украина Орусия сыяктуу кылмышкер, террорчу мамлекет эмес” деп билдирген Украинанын президентинин администрация башчысынын кеңешчиси Михаил Подоляк.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG