Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:10

ФСБ Дугинанын өлүмүнө шектүү экинчи адамды атады


Александр Дугин кызы Дарья Дугинанын табытынын жанында.
Александр Дугин кызы Дарья Дугинанын табытынын жанында.

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) орусиялык саясий технолог, философ Александр Дугиндин кызы – Дарья Дугинанын өлүмүнө шектүү делген экинчи адамдын атын атады. Атайын кызматтын версиясы боюнча ал дагы Украинанын жараны – Богдан Цыганенко.

ФСБ биринчи шектүү катары 43 жаштагы украин жараны Наталья Вовкту атаган. Атайын кызмат ал 12 жаштагы кызы менен Орусияга келип, Москвада Дугина жашаган үйгө батирге чыккан жана аны күзөтүп жүргөн деген жүйөсүн жарыялаган.

Орусиянын атайын органы Богдан Цыганенко жардыруучу затты жасап, Наталья Вовкко берген жана аны жасалма номер жана документтер менен камсыздаган. Ал Орусияга Эстония аркылуу киргени, окуядан бир күн алдын кайра чыгып кеткени маалымдалды.

ФСБ өткөн аптадагы билдирүүсүндө, бул кылмышты Украинанын атайын кызматы ишке ашырды деп айыптаган. Мурдараак Украинанын президентинин кеңсеси бул окуяга тиешеси жок экенин билдирген. “Украина Орусия сыяктуу кылмышкер, террорчу мамлекет эмес” деген бул жөнүндө комментарий берип жатып украин президентинин кеңешчиси Михаил Подоляк.

Дарья Дугина бараткан автоунаа 20-августта Москва облусунда жарылып, ал ошол эле жерде каза болгон. Ал атасы менен чогуу президенттик фонд өткөргөн патриоттук фестивалына катышып, үйүнө кетип баратышкан. Маалыматтарда айтылгандай, Дарья Дугина атасы Александр Дугин экөө бир машинеге түшмөк болуп, кийин кайра эки башка автоунаага олтурушкан.

Орусиянын Тергөө комитети бул окуя боюнча адам өлтүрүү фактысы менен кылмыш ишин козгогон. Окуяга күбө болгондордун айтымында, автоунаа жүрүп бара жатканда жарылган.

Александр Дугин - “орус дүйнөсүнүн” идеологдорунун бири, ал орус аскерлерин Украинага киргизүүнү жана анын дээрлик бардык аймагын басып алууну жактаган. Дугиндин демилгелери Кремлдин саясатына таасир этет деп эсептешет. Дарья Дугина атасынын идеялары менен бөлүшүп, коомдук иштер менен да алектенген. Атасы менен бирге ал Улуу Британиянын санкциялык тизмесине кирген. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG