Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:23

БДК Садыр Жапаровдун Кумтөр тууралуу билдирүүсүн сындады


Садыр Жапаров, Акылбек Жапаров жана Теңгиз Бөлтүрүк Кумтөрдө.
Садыр Жапаров, Акылбек Жапаров жана Теңгиз Бөлтүрүк Кумтөрдө.

Оппозициялык "Бириккен демократиялык кыймыл" (БДК) президент Садыр Жапаровдун Кумтөр жана анын алтыны тууралуу билдирүүсүн айыптап чыкты. Анда Жапаров "Кабар" улуттук маалымат агенттигине курган соңку маегинде кендеги бир канча маселелерге токтолгону белгиленип, анда айтылгандар сынга алынган.

"Садыр Жапаров "экологиялык зыянды "Ормон опуза" кылып, абадан алып эле жазып койдук, аны эсептеп чыккан эч ким жок. Эсептеп чыкчу методикабыз дагы так эмес экен"деп айтты. Демек, 2012-жылы (Садыр Жапаров жетектеген), 2012-жылы (Темир Сариев жетектеген), 2021- жылы (Акылбек Жапаров жетектеген) мамлекеттик комиссиялар тактаган экономикалык, экологиялык зыяндар эч бир методикасыз жасалганбы? Садыр Жапаров 2017-жылы оппозицияда жүргөндө "колубуздагы турган документтерге таянсак, экологиялык зыян 7 млрд. доллар түзөт", бийлик бизге бербей жаткан документтер колго тийсе, бул көрсөткүч 100 млрд. доллардан ашат" деп билдирүү жасаган. Садыр Жапаровдун кайсы сөзүнө ишенишибиз керек?" - деп жазылган анда.

Аталган кыймыл ошондой эле Жапаровдун Кыргызстандын "Центеррадагы" үлүшү тууралуу айткандарынан күмөн санаган. Кен тууралуу президенттин, өкмөт башчынын, Теңгиз Бөлтүрүктүн жана Улуттук банктын маалыматтары карама-каршы чыгып жатканы, коррупциялык жагдайлар белгиленген.

Мындан улам БДК бийликтен Кумтөргө байланыштуу түзүлгөн бардык келишимдерди, документтерди, аудиттин жыйынтыгын ачыкка чыгарууну талап кылды. Жогорку Кеңеш жайкы тыныгуудан кийинки алгачкы жыйында Садыр Жапаровдон Кумтөргө байланыштуу отчет алышы керектигин жазды.

Оппозициялык кыймылдын билдирүүсү тууралуу Садыр Жапаров жана анын администрациясы азырынча үн ката элек.

Президент 27-августта Кумтөрдүн айланасындагы соңку жагдайлар тууралуу түшүндүрмө берген. Анда кенден чыккан алтын кайсы убакта кайсы өлкөгө сатылып жатканы тууралуу маалыматты ачыктабай турганын билдирген.

Ошондой эле Кумтөр баштаган бардык кендердин алтынын "Кыргызалтын" аркылуу Улуттук банк сатып аларын, аны чет өлкөгө алып барып, дүйнөлүк биржада сатып келип, кимден канча алтын алган болсо, акчасын кайтарып, эсептешип турарын, жылдын аягында Кумтөрдөн таза киреше казынага келип түшөрүн айткан.

Кумтөрдүн алтыны тууралуу "Азаттык" 26-августта макала жарыялаган. Анда расмий маалыматтарга таянуу менен Улуттук банк 2021-жылы чынында эле өз резервинде сакталып турган чоң көлөмдөгү алтынды сатканы, бирок ал 19 тоннаны түзбөй турганы белгиленген.

"Бириккен демократиялык кыймылы" ушул жылдын март айында түзүлгөн. Анын башкы максаты демократиялык институттарды жана баалуулуктарды калыбына келтирүү, адилеттүү укук системасын түзүү, каатчылыкка каршы экономикалык программаны иштеп чыгуу жана жакырчылыкка каршы күрөш боюнча бийликке альтернативдүү сунуштарды берүү экени айтылган.

Уюмга саясатчылар Равшан Жээнбеков, Клара Сооронкулова, Бектур Асанов, Мамбетжунус Абылов, Кеңешбек Дүйшөбаев, укук коргоочу Рита Карасартова жана башка активисттер мүчө болгон.

Кыргызстандын эгемен тарыхында буга чейин дагы ар кандай оппозициялык кыймылдар түзүлгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG