Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:02

Dell компаниясы Орусиядагы ишин толугу менен токтотту


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Америкалык Dell Technologies технологиялык корпорациясы Орусиядагы ишин толугу менен токтотконун жарыялады. Reuters агенттигине бул компаниянын өкүлү Майк Сиеменас август айынын ортосунан тартып бардык кеңселери жабылганын, операциялар толугу менен токтогонун билдирди.

“Биз февраль айында эле продукцияларыбызды Орусияда, Беларуста жана Украинанын Луганск менен Донецк облустарында сатпоо тууралуу чечим кабыл алганбыз”,-деп билдирди Сиеменас.

Dell – компьютер чыгарган дүйнөдөгү ири өндүрүүчүлөрдүн бири жана Орусияны сервер менен камсыздаган эң ири компания болчу.

АКШдагы Йель университетинин эсебине ылайык, Москва Киевге каршы согуш ачкандан бери миңден ашык чет өлкөлүк компания Орусиядан чыгып кетти жана айрымдары ишин чектеди.

XS
SM
MD
LG