Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:08

МАГАТЭ Запорожье АЭСине барчу эксперттерди топтоду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бириккен Улуттар Уюмунун Атомдук энергия боюнча агенттиги (МАГАТЭ) ушул аптада Запорожье атомдук электр станциясына барат деген эксперттердин тобун түздү. Бул тууралуу The New York Times басылмасы жазды. Ага ылайык, топту аталганаралык агенттиктин башчысы Рафаэль Гросси жетектейт жана негизинен "бейтарап позициядагы" өлкөлөрдөн келген 13 эксперттен турат.

Бул топко Кошмо Штаттары менен Британиянын өкүлдөрү кирген эмес.

Ишембиде БУУнун Өзөктүк куралды жайылтпоо тууралуу келишимди аткарууга арналган жыйыны майнапсыз аяктаган. Анда иш-чаранын соңундагы документтин долбоорунда Орусия Украинанын Запорожье АЭСин басып алганын сындаган, өзөктүк кырсык коркунучу жаралып турганы айтылган бүтүмдөрдөн улам орус тарап ага кол коюудан баш тарткан.

Запорожье АЭСи орус армиясы Украинага басып киргенден көп өтпөй, март айында Орусиянын карамагына өткөн. Аны украин кызматкерлери иштетип жатат. Европадагы эң ири атомдук электр станциянын аймагы акыркы жумаларда бир нече жолу аткыланып, кооптуу жагдайлар жаралды.

26-августта Украинанын президенти Владимир Зеленский АЭСтеги соңку кырдаалдан улам Орусия Украинаны жана Европа өлкөлөрүн радиациялык апаатка кептегенин айткан. Орусияны АЭСтен аскерлерин тезирээк чыгарып кетүүгө дагы бир жолу чакырган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG