Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:55

Сот Равшан Жээнбековго өлкөдөн чыгып келүүгө уруксат берген жок


Равшан Жээнбеков.
Равшан Жээнбеков.

Саясатчы Равшан Жээнбеков Биринчи май райондук соту анын чет өлкөгө барып келүү арызын канааттандырбай койгонун билдирди. Ал Фейсбуктагы баракчасына ага оппозиция лидерлеринин бир катары Вильнюстагы "Эркин Орусия" конгрессине катышууга чакыруу келгенин, иш-чара 31-августтан 2-сентябрга чейин өтөрүн, ал жакта "Орусиянын Борбор Азиядагы саясаты" деген темада баяндама жасаганы жатканын жазды. Саясатчы эми жыйынга онлайн катышып, баяндама жасарын кошумчалады.

Биринчи май райондук соту бул чечимге байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

Равшан Жээнбеков 2019-жылы Кой-Таш окуясына байланыштуу камалган. 2020-жылы парламенттик шайлоодон кийинки башаламандык учурунда бошотулган. Бирок "үй камагынын талаптарын бузду" деген негизде былтыр 5-августта кайра №1 тергөө абагына камакка алынып, муну саясий ишмердиги менен байланыштырган.

Былтыркы парламенттик шайлоодо Жээнбековду БШК талапкер катары каттап, бирок сот үгүт өнөктүгүн жүргүзүү үчүн эркиндикке чыгаруудан баш тарткан. Саясатчы былтыр декабрда, жаңы күчүнө кирген Жазык-процессуалдык кодексине ылайык тергөө абагынан бошотулган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG