Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:10

Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган жаран каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Юстиция министрлигине караштуу Жаза аткаруу кызматы Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагында отурган адам көз жумганын бышыктады. Мекеменин билдиришинче, ал жаран 28-августта таңкы 5.40 чамасында эртең мененки тамакты бөлүштүрүү маалында каза болгону аныкталган. Анын жансыз жатканын камералаштары көрүп калып, абак кызматкерлерине кабар берген.

"Ал жаран Чүйдөгү №26 жатак абактан тогуз айлык мөөнөтүн толук өтөбөй качып кеткенине байланыштуу №1 тергөө абагына 26-августта камалган. Нөөмөттөгү фельдшер биринчи медициналык жардам көрсөткөн, бирок андан майнап чыккан эмес. "Тез жардам" кызматы чакырылып, көз жумганы аныкталды. Соттук -медициналык экспертизалар дайындалды жана так диагнозун билүү үчүн кеминде 30 күн талап кылынат",- деп айтылат мекеме тараткан маалыматта.

Кылмыш чөйрөсүндө "Дөө Чыңгыз" деген каймана ат менен таанымал Чыңгыз Жумагулов 30-июлда аталган абактагы камералардын биринде бычакталып каза тапкан. Жаза аткаруу кызматы аны камералашы жеке кастык мамиленин негизинде өлтүргөнүн маалымдаган. Анын өлүмүнө байланыштуу беш адамга айып коюлду жана бул фактыны атайын прокуратура тергеп-иликтеп жатат.

Өткөн аптада Ош шаарындагы тергөө абагында уурулукка шектелип кармалган 33 жаштагы Мурасбек Запаров каза тапкан. Маркумдун жакындары ал "жүрөгү кармап көз жумду" деген маалыматка ишенбей жатканын билдиришкен.

Буга чейин Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагында отурган саясат таануучу Марат Казакпаев менен “Айыл банктын” төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаев каза болгон. Мунун себебин иликтеген комиссия алардын "күтүүсүз өлүмүнө трагедиялуу жагдайлардын жыйындысы алып келген" деген баштапкы корутунду чыгарган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG