Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:10

Манжасыз калган, сарык..."Вагнер" майыптарды деле алып кетүүдө


Кайсы гана согуш болбосун, оорулар, антисанитария өтө көп таралат. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, 1846-1848-жылдары Мексикадагы согушта оорудан өлгөн ар жети жоокерге салгылашта өлгөн бирөө туура келген болсо, 1898-жылдагы испан-америка согушунда бул катыш 5:1 болгон. Француз-прус, кийинчерээк орус-жапон согуштарында жарадар болуп өлгөндөр оорудан каза болгондордон биринчи жолу көптүк кыла баштады.

Биринчи дүйнөлүк согуш жылдарында келте жана испан кара тумоосу каптаган эле.

Экинчи дүйнөлүк согуш башталганда догдурлар пенициллин колдоно баштап, көптөгөн солдаттар тырышма, сасык тумоо, келте жана селеймеге каршы эмделген. Аскер медиктеринин мүмкүнчүлүгү отуз жылда кыйла кеңейген: британ жана америкалык аскерлердин катарынан жараат алгандан кийин өлгөндөр жалпы каза болгондордун төрт пайызын түздү. Бирок сарык жана кургак учук дагы эле кооптуу бойдон кала берди, анткени аларды айыктыргыдай таасирдүү дарылар жеткиликтүү эмес болчу.

Вьетнам согушунун тушунда жарааттан каза болгондордун катышы эки жарым пайызга төмөндөдү.

Медицина бүгүнкү күндө бир топ алдыга кадам таштады, бирок адамдар дагы эле 80 жыл мурдагыдай көйгөйлөргө туш болууда: согуш жүрүп жаткан чекке жакын жайгашкан шаарларда адамдар көбүнчө ичер суусуз калып, балдар дабасы эчак эле табылган ооруларга каршы эмделбей жатат. Аскер кызматкерлери согуш талаасында гана эмес, азыркы колдо бар дарыларга туруктуу инфекциялардан улам ооруканаларда да каза болушат.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун орус кызматы бүгүнкү күндө аскер кызматкерлеринин оорулары жана эмне үчүн аларды дайыма эле сактап калуу мүмкүн болбой жатканы жөнүндө сөз кылат.

Бахмуттун жанында жарадар болгон украин жоокерин эвакуациялоо. 2023-жылдын 23-марты.
Бахмуттун жанында жарадар болгон украин жоокерин эвакуациялоо. 2023-жылдын 23-марты.

"Биринчи толкунда каалоочулардын баарын алып кетишкен"

“Коомдук өкүм” (“Общественный вердикт”) фондунун маалыматы боюнча, 2020-жылы Орусиянын жаза өтөө мекемелеринде 52 529 адам КИВ (ВИЧ) - кишинин иммундук таңсыктык вирусу, 11 566 адам кургак учук менен ооруган.

2020-жылы мындай жайларда оорудан каза болгондордун саны 2400 адамды түздү. “Коомдук өкүм” фондунун эксперти Асмик Новикова "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун орус кызматына эркиндиктен ажыратуу жайларында камактагыларга жардам көрсөтүү кыйын болуп калганын айтып берди.

“Туш тарабынан тосулган жайларда жугуштуу илдеттер көп сакталат. Бүгүнкү күндө кеселдерге ар кандай жолдор менен кам көрүлүүдө. Айрым жерлерде абал начар, кээ бир жерлерде дурус. Дары-дармек жетишпей жаткан жерлер да бар. Биз медициналык жардам берилбей калган жагдайларды иликтейбиз. Көбүнчө абактагылардын кайрылууларына көңүл бурулбайт, жардам өз убагында көрсөтүлбөйт. Бул көйгөйгө Федералдык жаза аткаруу башкармалыгында көӊүл бурулбай калган жок, ал жердегилер мунун баарын түшүнөт. Бирок көп кыйынчылыктар бар. Мисалы, жарандык медициналык мекемелер менен дайыма кызматташып туруу зарыл. КИВ (кишинин иммунодефицит вирусун) жугузуп алгандар дайым атайын АРВ терапиясынан өтүп турушу керек. Бул үчүн КИЖСке/ СПИДге (кабылданган иммун жетишсиздик синдромуна) каршы аймактык борборлор менен байланышта болууга тийиш. Эрежеге ылайык, албетте, абакта айрым илдети барлар өзүнчө кармалышы керек. Бирок иш жүзүндө кандай болуп жатканы белгисиз. Көбүнчө өз убагында жардам көрсөтүлбөй жатканын эске алсак, албетте, оорулар тез, кеӊири таралары бышык. Ооруп калгандар бир нече күн, ал тургай бир нече ай бою өзүн жаман сезип даттанат, бирок талаптагыдай диагноз коюлбайт, керектүү жардам көрсөтүлбөйт. Оорусу өтүшүп кеткенде гана дарылай башташат. Кийинчерээк бул оору жугуштуу болуп чыгат. Албетте, өз убагында текшерилбегендиктен, бейтап башкалар менен аралашып иштеп, чогуу тамактанып жүрө берген", – деп сөзүн жыйынтыктады Асмик Новикова.

“Коомдук өкүм” фондунун юристи Светлана Тореева айткандай, абактарда медициналык жардам көрсөтүлбөгөнү кадимки эле көрүнүш:

“Камактагыларга жардам берилбей жатат деген даттануулар бизге дайыма түшүп турат. Менимче, бул көйгөй абактагыларды медициналык тейлөөнүн ар түрдүүчө уюштурулушуна байланышкан. Даттанууларда айтылгандай, мунун түркүн себептери бар: диагностикалык иш-чаралар жүргүзүлбөйт, анткени колонияларда тийиштүү жабдуулар жок, башка жакка алып барып текшерткенге да мүмкүнчүлүк жок. Пландуу жана шашылыш операциялар, адистер менен кеп-кеӊеш да көп өткөрүлбөйт”.

Пермь крайынын мурдагы чакырылыштагы коомдук байкоочулар комитетинин мүчөсү, журналист Оксана Асауленконун айтымында, согушка келишим боюнча түрмөдөгүлөрдүн баарын эле оорусуна карабай ала беришкен:

"Биринчи толкунда октябрда алар каалоочулардын баарын алып кетишкен. Балким, такыр эле майыптар гана алынбай калды окшойт. Кээ бирөөлөрдү үгүттөп көндүрүшкөн. Бардык жерлерде таксофондорду өчүрүп, Пермдеги 1-түзөтүү колониясында (ТК), мисалы, кишилерди барактарга солоп коюшкан. Ошондо Пермдеги алты колониядан 150-250дөй кишини алып кетишкен. Экинчи жолу кышында 20-50дөйүн чейин алышты, анткени кылдатыраак тандашты. Анүстүнө согуш майданында эмне болуп жатканын билген айрымдар баруудан баш тартып коюшту”, – дейт Оксана Асауленко.

“Кээ бир колонияларда бул иш-чаралардан кийин камактагылардын саны 300 кишиге кыскарган. Ырас, тосуп алып узатуу иши да тынымсыз жүрүүдө. Мисалы, 29-ТКда транзиттик пункттар бар. Бирок 200-300дөй кишиге азайган көрүнүш "туруктуу" колонияларда да бар. Бул 200гө жакын адам алынып, фронтко жөнөтүлгөн, дагы 100гө жакыны башка себептер менен: табигый өлүм, өз жанын кыюу, алыска которуу жана башка себептер менен кыскарганын көрсөтүшү мүмкүн”, – деди Оксана Асауленко.

Николай Терехин.
Николай Терехин.

В жана С гепатити менен ооруганына жана колунда бир нече манжасы жок экенине карабай, Николай Терехинди Пермдеги 10-ТКдан Украинадагы согушка алып кетишкен.

Айтмакчы, ал манжаларынан колонияда айрылган эле деди анын жарандык аялы Татьяна Лазукова:

"Ал 35-ТКда отуруп, пилорамада иштеген. 20-мартта катуу үшүк жүргөнүнө карабастан жыгач араалашка мажбурланган. Коопсуздук техникасынын эрежелери боюнча тоңгон жыгачты станок менен араалоого болбойт, бирок улук бригадир тилгиле дептир. Элестеткиле, тоңуп калган жыгачты резина мээлейчен кармап иштеген. Ошентип колу станокко илээшип кетип, үч манжасы жулунуптур. Ошол окуядан тогуз ай өткөндөн кийин гана операцияга алып барышканы эсимде. Убагында аракет кылышса, манжаларын сактап калышмак”.

Николай уурулук беренеси боюнча жазасын өтөп жаткан, 2023-жылдын 24-мартында ал эркиндикке чыгышы керек болчу. Колонияда жүргөндө ага медициналык жардам көрсөтүлгөн эмес:

“Ал күчтүү киши болчу, оорусун билдирбешке аракет кылчу. Бирок, албетте, ден соолугу жакшы эмес эле, анткени түрмөдө эч кандай дарыланбаган. Мен андан: “Коля, кичинеден болсо да дарыланып жатасыңбы? деп сурасам, “Жок, дары-дармек жок" деп жооп берчү. Дегеле зонада оорулар – демейки эле көрүнүш. Жергиликтүү догдурларга караганда мамонттор жакшыраак дарыласа керек. Камактагыларга жакшы мамиле жасалчу эмес. Аларга дары-дармек берип, дарылоо керек, мунун баарын мамлекет камсыз кылыш керек, бирок эч ким эч нерсе бербейт. Күйөөм манжаларынан айрылып, денесине сайылган темир сыныктарын операция учурунда терип алышканда деле тийиштүү дары-дармектерди толук алган эмес. Мыйзам боюнча мамлекет баарын камсыздоого милдеттүү болсо да”, – деп эскерет Татьяна.

3-октябрда 10-ТКда бардык таксофондор өчүрүлүп, фронтко барууну каалагандардын баарын алдын ала өзүнчө казармада камап коюшту. Туугандарына эч ким кабар берген жок, ал эми Жаза аткаруу боюнча федералдык башкы башкармалык (ЖАФББ) баары жайында, камактагылар баары ордунда деп жооп кайтарып турган. Кийинчерээк алар сөз нугун өзгөртүп, камактагылардын каякта экени тууралуу маалымат берүүгө укугубуз жок деп калышты.

14-октябрда Николай менен Татьяна никесин каттоодон өткөрүш үчүн жолугушмак, бирок байланыш үзүлүп калды.

17-октябрда Николай Украинага кетиптир. МАК менен колониянын өкүлдөрү Николайдын саламаттыгы жакшы эмес экенин билишсе да көз жуумп коюшкан дейт аялы.

“Мындай оорулары барларды албайбыз деп сайтында жазылган болсо да, туш келгендин баарын алып кетишет, КИВ, гепатит менен ооруганына, майыптыгына карабайт. Гепатит менен ооруган адамдарга ак, КИВге чалдыккандарга кызыл же кызгылт билерик тагышчу. Аларга ок тийгенде жугуштуу оорусу бар деп медиктер жардам бербей эле коюшу үчүн ошентишкен”.

Татьяна “Вагнер” МАКына кайрылганда, сарык оорусу барларды албайбыз деп туруп алышты. “Вагнер” МАК менен байланышкан Максим Стрела аттуу бирөөнүн айтымында, колунда манжалары жок экенине да карабай ала беришчү экен. “Каны төгүлсө – башка кеп”, – дейт ал.


Ошентсе да кийинчерээк “Вагнер” МАКынын өкүлдөрү Татьянага Николайдын жалданган туткундарды белгилөө үчүн колдонулуучу “К” сериясындагы жетон жана жогоруда айтылган билерик менен тартылган сүрөтүн жөнөтүшкөн.

Бул сүрөттө Николайдын жүзү анын аялынын өтүнүчү боюнча жашырылган: Николай Терехиндин ден соолугу “Вагнер” МАКында жүргөн мезгилде абдан начарлап кеткен.

Татьяна күйөөсү менен бир-эки жолу гана байланышууга үлгүрдү:

"Аларга оюндагысын айтууга тыюу салынган, “баары жакшы, курсак ток, кийим бүтүн, өтүгүм бар, иштер жакшы” дегендей даяр сөздөрдү гана айттырышкан. Башка эч кандай сүйлөшүү мүмкүн эмес эле", – деп эскерет ал.

Николай Терехин Бахмуттун жанында каза болгон. 14-февралда аны акыркы сапарга узатуу зыйнаты Моховляне айылында өттү.

Жугуштуу оорусу бар туткундарга тагылган билериктер жөнүндө Украинанын чалгын кызматы да кабарлады, ал эми "Да Винчи бөрүлөрү” батальонунун "Гонор" атайын ротасынын аскер кызматкери, "Филя" деген купуя ысымдуу Сергей Филимонов өзүнүн Twitter баракчасына Бахмуттун жанында курман болгон орус аскерлеринин колунан Николайдын колундагыдай билериктерди көргөнүн жазган.

Татьянанын, Башкы чалгын башкармалыгы жана "Филя" берген маалыматтар кызыл билерикчендер ВИЧ-инфекциясын жуктурган адамдар болушу мүмкүн деген пикирди ырастап турат. Татьянанын пикиринче жана ГУР берген маалымат боюнча, гепатит менен ооруган адамдар ак билерик менен белгиленет. "Филя" болсо мала кызыл түстөгү билериктер жөнүндө да кабарлап, гепатит менен ооруган адамдарды ушундай айырмалашат деди, бирок бул маалыматты текшерүү мүмкүн болгон жок.

Эмнеси болсо да, бул согушкердин айтымында, украиналык аскерлери кээде такыр антисанитардык абалда, жугуштуу оорусу барлардын жанында жүрүүгө аргасыз болушат.


Чехиялык эпидемиолог Петр Смейкалдын айтымында, жанаша жүрсө эле оору жугуп калбайт:

"Адам өлгөндө, КИВ да өтө тез өлөт, тирүү адамдын канысыз ал жашай албайт. Демек, өлүктөн тирүүгө жукпайт. КИВ негизинен кан аркылуу жугат, сифилис да кан аркылуу же жыныстык катнаш учурунда жугат. Ырас, кургак учуктун ачык түрү жугуштуу, бирок анчалык ооруган кишилер согушка жарабайт. Ошондуктан андай кишилер салгылашууга катышары күмөн".

Израилдик догдур Борис Брил инфекция “Филя” айткандай жол менен белгилүү бир шарттарда гана жугушу мүмкүн деп эсептейт:

"Эгерде Украинанын куралдуу күчтөрүндөгү жоокерлердин терилери таза болсо, башкача айтканда, сыйрылган, кесилген жана ачык жарааттары жок болсо, анда оорулуу адамдын каны менен жуунса да эчтеке болбойт. Албетте, ушинтиш керек дебейм, бирок бул жол менен жуктуруп алуу мүмкүн эмес. Тери бир аз тытылган болсо, анда жуктуруу ыктымалдыгы болот. Мындай учурлардан кийин анализ тапшыруу керек. Мүмкүнчүлүк болсо, гепатитке каршы эмденип алгыла деп кеңеш берет элем. Мында сифилис анчалык коркунучтуу эмес: ачык чөйрөдө бир-эки мүнөт жашайт. КИВ да кооптуу эмес – тирүү денеден тышкарыда абдан тез өлөт", – деди Борис Брил.

Винница эндокринологиялык диспансеринин жалпы хирургу, азыр Украинанын Улуттук гвардиясынын (УУГ) аскер догдуру Бохдан Журавел ушундай жол менен деле гепатит же кургак учукту жуктуруп алуу ыктымалдыгы бар дейт. Бирок өзү караган батальондо украин аскерлери такай текшерүүдөн өтүп турарын айтып, инфекциянын жаңы учурлары аныктала электигин белгиледи:

"Негизинен А, В жана С гепатити сырткы таасирлерге кыйла эле туруштук бере алат. Алардын ичинен эң туруктуусу – В. Гепатиттин дал ушул түрү ультрафиолет нурланууга жана кургак абалга туруктуу келет. Кургак учук "таякчалары" тышкы чөйрөдө да көпкө (белгилүү бир шарттарда, бир нече айдан бир жылга чейин) жашай алат. Дээрлик бардык вирустар жогорку температуранын таасири астында гана ишенимдүү түрдө жок кылынышы мүмкүн. Ооба, бул теориялык жактан мүмкүн, бирок мен муну баш айлантуу деп эсептейм. Мындай жапырт жугушуу, албетте, болбойт. Биз дайыма текшерип турабыз. Жакында менин батальонумда баары гепатит же КИВ инфекциясы бар-жогун билүү үчүн кан тапшырышты. Бизде С гепатитине чалдыккан бир-эки жоокер бар, бирок башкаларга жукканы аныкталган жок".

Аскер кызматкерлери эмне менен ооруйт? Эмне үчүн алар согуш талаасынан башка жерлерде да өлөт?

Богдан Журавел.
Богдан Журавел.

УУГ аскер догдуру Богдан Журавелдин айтымында, инфекциялуу "вагнерчилерден" оору жуктуруп алуу мүмкүнчүлүгү өтө чоӊ эмес. Украин аскер кызматчылары үчүн денеге ок же сыныктар менен бирге кирген инфекциялар көбүрөөк коркунуч жаратат:

- Негизинен “таза жара” деген түшүнүк жок. Адамдын териси жыртылган учурда оору пайда болот. Албетте, операция бөлмөсүндөгүдөй таптаза шартта гана жукпашы мүмкүн. Тилекке каршы, ооруканада каза болгондордун көбү инфекциялык оорулардан кетип жатат. Мындан тышкары, бактериялык же вирустук флора биздин колдо бар антибиотиктердин, микробду, вирусту жок кылуучу дарылардын бардык түрлөрүнө ушунчалык туруктуу болгондуктан, жаракаттан кийин ампутациялоо (дененин кайсы бир бөлүгүн, мисалы, колду кесип салуу) учурунда адамдар жугуштуу оорудан жөн эле күйүп кетишет. Тилекке каршы, аларга эч нерсе жардам бере албайбыз. Азырынча биз муну менен кантип күрөшүүнү билбейбиз. Согуштар жөнүндөгү бардык изилдөөлөрдө дал ушундай абал байкалат. Тилекке каршы, бул флора ушунчалык туруктуу болгондуктан, биз миңдеген ар кандай антибиотиктер менен деле эч нерсе кыла албайбыз. Статистикалык жактан абал догдурлардын колунда бир гана пенициллин болгон Экинчи дүйнөлүк согуштагы жагдайдан анча деле айырмаланбайт.

– Инфекциядан кийинки оорлошуп кетүү коркунучуна эмне таасир этиши мүмкүн? Мен суроом бир аз акылсыз угулса керек, анткени инфекциянын баары коркунучтуу. Бирок дагы кандай кооптуу жагдайлар бар?

– Бул адамдын иммунитети, анын жашоосундагы мурунку жагдайлар. Мисалы, адам өмүр бою антибиотиктерди туш келди колдонуп келген болсо, биз, догдурлар, абдан ачууланабыз. Бул олуттуу көйгөй. Эгерде адам суук тийгенде эле антибиотик иче берсе, анда организми ошого көнүп кетет да, ал дары эч кандай таасир этпей калат. Солдаттардын иммунитети согушта эле бүлүнүп бүткөн: траншеядагы нымдуулукта, суукка тоӊуп жашашат. Буга кезинде алардын антибиотиктерди туура эмес колдонуп жүргөнү да кошумча болот. Мындан тышкары, мисалы, денесине кирген сыныкчалар топуракты да ала кириши мүмкүн. Мунун баары эч кайсы антибиотик жок кыла албай турган флоранын жайгашуусуна алып келет.
Мен дагы бир олуттуу көйгөйдү айтып коёюн: антибиотик менен дарылоо көбүнчө өтө кеч башталат. Албетте, фельдшер жарадарларга чуркап келгенде жана ооруканага түшкөнгө чейин дарылоонун башка бардык баскычтарында бир гана антибиотик берилет: моксифлоксацин болсо жакшыраак, бирок көбүнчө ципрофлоксацин табылат. Моксифлоксацин деле бир гана жолу – жарадар болгон кезде гана берилет. Анан ооруканага жеткенге чейин антибиотик албайт. Ал беш-алты күндөн кийин ооруканага жеткенде, инфекция менен күрөшүү кыйын болуп калат, анткени ал денени каптай баштаган болот.

Аскер догдурунун айтымында, анын батальонунда С гепатит оорусуна чалдыккан аскер кызматкерлери да бар, бирок аларга үзгүлтүксүз медициналык жардам көрсөтүлөт:

- С гепатитине чалдыккан бир нече аскер кызматкерибиз кыйналып же ички органдары жабыркап калбашы үчүн кандагы вирусту жок кылууга багытталган атайын дарылоодон өтүп турушат. Анткени гепатиттин вирусу чындыгында боорду жей берет. Эгерде жоокердин канында вирус жок болсо, анда башкаларга үчүн эч кандай коркунучтуу эмес. Мен аскер кызматкерлерин бир нече айда бир жолу гепатоборборго жөнөтүп турам, алар бардык текшерүүлөрдөн өтүшөт, анан гепатоборбордун догдурлары аларды кайталап дарылоо керектигин же зарыл эместигин аныкташат.
Албетте, менин батальонумдагы өнөкөт оорулары бар солдаттардын баарына жардам көрсөтүлүп, дары-дармектер берилет. Аларга жардам берилбесе, анда абдан олуттуу чатак чыгып, мен аскер кызматкерлери тарапта болмокмун. Биздин өлкөдө мыйзам боюнча кант диабети менен ооругандар кызматтан бошотулбайт. Балким, албетте, оорлошуп кеткен учурларда үйүнө жиберилет. Мисалы, ретинопатия болгондо. Мындайда аскерлерге кандагы кантты азайтуучу дарылар, инсулин берилбесе, анда тополоң башталат. Мунун баары менде бар – аскер бөлүгүнөн алганбыз. Дагы бир нерсе, инсулиндин сапаты армиядан көз каранды эмес, анткени аскер кызматкерлерине дары-дармекти үй-бүлөлүк догдур жазып берет. Шарттуу тазаланган инсулин бар, шарттуу тазаланбаганы бар. Шарттуу тазаланганы жакшы деп эсептелет. Аскерге кайсынысы берилери үй-бүлөлүк догдурдан көз каранды. Менде канттын деӊгээлин түшүрүүчү дары-дармектер көп, глюкометрлер да бар: биз бардыгын дайыма өлчөп турабыз.

Кургак учукка байланышкан жагдай башкача: эгерде курчуп кеткен болсо, анда солдат же дарыланат же кызматтан бошотулат. Бизде кургак учук менен ооруган бир жоокер бар болчу, рентгенге тартылганда билинип калган. Ал сакайып, кызматка кайтып келди. Эгерде ал сакайып кетпесе, кызматтан жөн эле бошотулмак.

– Согушка мүнөздүү, өзгөчө оорулар болобу? Жатып дарылануу мүмкүнчүлүгү жок шарттарда кадимки эле сасык тумоо, бронхит коркунучтуу болушу мүмкүнбү?

– Мисалы, респиратордук инфекция бейпил турмуш шартында ашып барса бронхитке жетет, болбосо тамагын эле сезгентүү менен токтоп калат, ал эми аскер кызматчыларын пневмонияга алып келиши мүмкүн. Аскердик кызматкерлер, атүгүл согуштук аймакта эмес, туруктуу жайгаштыруу пунктунда же полигондордо рентген аркылуу гана аныкталуучу пневмония менен ооруп калган учурлар көп болгон. Өпкөнү тыңшаганда тазадай сезилет, рентгенде кыйла жери жабыркап, эки тараптуу пневмония болгону аныкталышы мүмкүн. Жарандык догдур болуп иштеп жүргөндө менде мындай статистика болгон эмес. Ар кандай оорулуулар болгон, бирок армиядагыдай текши пневмония болон учурду көргөн эмесмин. Мунун баары суук тийип калуудан башталат, анан бронхит, андан соӊ пневмония болот. Баары айыгып кетти, бирок дарылоо оңой болгон жок. Кадимки шартта пневмония бир жумада өтүп кетсе, аскер кызматкерлери 20-30 күн күрөшүп, өтө катуу оорушат.

Чехиялык эпидемиолог Петр Смейкал:

“Согуш мезгилиндеги оорулардын катарына траншеяда пайда болуучу безгек менен келтени кошмокмун, – дейт. – Сапатсыз суунун айынан жоокерлер тырышма оорусуна да чалдыгышы мүмкүн. Жалпысынан ооруп калуу түзүмү тынчтык жана согуш мезгилинде бир кыйла айырмаланат. Украинада жолдор, суу түтүктөрү ж.б. бүлүнгөн, ошондуктан аскерлер менен жарандар кээде ичкенге эле эмес, жуунганга да суу таппай калышат. Мындай шартта гигиенанын жоктугунан оорулар пайда болушу мүмкүн”.

Ор таман:


Орус үгүтчүлөрү Украина биологиялык курал колдонмокчу деп бир нече жолу айтып келди эле. Бирок Пиотр Смейкал бул сөздүн жөнү жок деп эсептейт:

"Бул болбогон кеп. Адегенде техникалык жактан өтө кыйын экенин эске алалы. Теориялык жактан биологиялык курал катары колдонула турган 6 агент бар: сибирь жарасы, туляремия, кара тумоо, чечек, геморрагиялык ысытма жана ботулиноздук токсин. Сальмонелланы да кошсо болот. Тилекке каршы же бактыга жараша, эгер Украина кандайдыр бир биологиялык куралды колдоно турган болсо, бул агенттердин баары эки тарапка бирдей зыян келтирет, ошондуктан, мисалы, сибирь жарасын абага таратуунун эч кажети жок. Бул куру сөз”, – дейт чех эпидемиологу.

Соңку сөз

Пиотр Смейкал согуштун кесепети башка нерселер менен катар карапайым калктын ден соолугуна тиет дейт:

"Ар кайсы курактардагы балдар эмделбей калат, бүгүнкү күндө алар үзгүлтүксүз жана туура тамактануудан да өксүшү мүмкүн. Эненин сүтүнүн жетишсиздиги да жаш балдардын ден соолугуна терс таасирин тийгизет. Мунун баары биригип балдардын өмүрүнө коркунучу демейкидей эмдөө менен жоюла турган ооруга кабылуусуна алып келиши мүмкүн.
Өнөкөт оорулар: кант диабети, жогорку кан басымы, жүрөк оорулары, ВИЧ менен жабыркагандарга өз убагында сапаттуу медициналык жардам көрсөтүлбөйт. Эми, мисалы, эки жыл бою ушундай абал болуп жатканын элестетиӊиз. Бул учурда адамдар дабасы белгилүү эле оорулардан өлүшөт”, – деди эпидемиолог Петр Смейкал.

Аскердик догдур Богдан Журавелдин айтымында, азыркы кырдаал медициналык көз караштан алганда адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурат:

"Менин кесиптештеримдин айтымында, бул жагдай биологиялык катастрофага жетип калышы мүмкүн. Биз орустар биологиялык лабораториялардан коркушту деп тамашалап да коёбуз, бирок алар андай лабораторияларды бүтүндөй фронт сызыгын бойлото түзүп салышкан. Оору жуккан денелер же жөн эле өлүктөр көптөгөн коркунучтуу инфекциялардын жайылышы үчүн эң ыӊгайлуу чөйрө болуп саналат. Өлүктөрдү жаныбарлар жеп жуктуруп алган соң, өздөрү ылаңдабаса да, аны ашказанында сактап, кыгы менен жайылтышы мүмкүн. Жогоруда айткандай, В гепатити кургатууга, ультрафиолет нуруна, өтө суукка да туруктуу болгондуктан белгилүү бир убакытка чейин өлүктүн тулкусунда кала берет. Ошондуктан Украинанын бардык аймактарына чыныгы биологиялык бомбалар чачырап кеткен, бул бир гана Украинанын гана эмес, бүткүл Европанын көйгөйүнө айланышы мүмкүн. Философиялык нукта айтсак, тарыхта буга чейин деле согуштар болсо да, адамзат кырылып кеткен жок. Ошондуктан канчалык оор болсо да бул көйгөйдү чече алабыз деп ойлойм”, – деди УУГдун аскер догдуру Бохдан Журавел.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун орус кызматынын сайтынан которулду. Макаланын түп нускасын бул жерден окуңуз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG