Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:07

"Жараат алып Орусияда жүргөндөр бар". Согуштан кайткан мигранттар көйгөйү


Иллюстрация. Сүрөттүн макалага тиешеси жок.
Иллюстрация. Сүрөттүн макалага тиешеси жок.

Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Маткеримов Орусиядан өз каалоосу менен согушка кетип, жараат алып мекенине кайта албай жаткан кыргызстандыктар бар экенин айтып чыкты.

Ал арада "Вагнер" менен согушка барып, кайра аман-эсен Орусияга кайтып келген мигранттар тууралуу да маалыматтар чыгууда. Ушул тапта абактагы балдары менен байланыша албай жардам сураган ата-энелер да жок эмес.

Кыргыз парламентинде Орусиянын абактарында жаза мөөнөтүн өтөп жаткан жана Украинадагы согушка кеткен кыргызстандыктардын маселеси 11-12-апрелде баш прокурор Курманкул Зулушевдин катышуусунда өткөн жыйындарда көтөрүлдү.

Парламент депутаты Айбек Маткеримов Орусиядан өз каалоосу менен Украинадагы согушка кетип, жараат алып мекенине кайта албай жаткан кыргызстандыктар бар экенин айтты. Депутат алар Кыргызстанга кайтып келе алабы деген суроону жыйынга катышкан укук коргоо органдарынын жетекчилерине узатты.

Айбек Маткеримов, Жогорку Кеңештин депутаты.
Айбек Маткеримов, Жогорку Кеңештин депутаты.

“Биздин жарандардын арасында өз каалоосу менен Украинадагы согушка барып, ал жактан жараат алып Орусияда жүргөндөр бар экен. Алар биздин өлкөгө келгенден коркуп жатышат. Кыргызстанга келсе, алардын тагдыры кандай болот?”.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Абдыкадыр Разаев ар бир фактыга өзүнчө укуктук баа берилерин билдирди.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев кыргыз жарандарына башка өлкөдө согуштук аракеттерге катышууга тыюу салынганын белгилеп, кылмыш жоопкерчилигине тартыларын кошумчалады.

"Эгер биздин жаран барып башка өлкө менен согушуп келе турган болсо сөзсүз түрдө кылмыш иши козголот. Бул боюнча атайын берене бар. Биздин жарандардын башка өлкөдө согушка катышуусуна тыюу салынган".

Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык (Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренеси), чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерине катышканы аныкталган учурда беш жылдан он жылга чейин эркинен ажыратылат. Террордук актыны жасоо аракеттери болсо ал жаран 15 жылга чейин абакка кесилет.

Буга чейин депутат Өмүрбек Бакиров Орусиянын абактарынан кыргызстандыктар согушка кандай шартта кеткенине кызыгып, алардын санын сураган.

Өмүрбек Бакиров, ЖК депутаты.
Өмүрбек Бакиров, ЖК депутаты.

"Чет мамлекетте жүргөн жарандар, мигранттар Украинадагы согушка аралашып калганы тууралуу маалымат сиздерде бар да. Эки-үч жараныбыздын каза болуп, Кыргызстанга алып келинип жерге берилгенин интернеттен көрдүк. Ошол жерге кантип барып калып жатат? Ата-энелер бизге кайрылып, "балдарыбыз жок, бир-эки айдан бери чалып байланыша албай жатабыз" деп, боздоп ыйлап кайрылып жатышат", - деди Бакиров.

Атайын кызматтын өкүлү Абдыкадыр Разаев учурда Украина-Орусия согушунда канча кыргызстандык жүргөнү жөнүндө маалыматты ачык айткан жок. Ал бул тууралуу депутаттын өзүнө маалымат берерин билдирди.

Ал эми баш прокурор Курманкул Зулушев Орусиянын абактарындагы кыргызстандыктар өз каалоосу менен согушка кетип жатканын айтты. Анын маалыматында, быйылкы жылдын үч айында Орусиядагы абактарда жаза мөөнөтүн өтөп жаткан 15 адам Кыргызстанга экстрадиция болду. Ал Орусияда соттолгондор арасында Кыргызстанга которулуудан баш тарткандар да бар экенин белгиледи. Алардын саны 200дөй. 25 кишинин арызы учурда каралып жатканын кошумчалады.

Курманкул Зулушев.
Курманкул Зулушев.

"Орусияда жазасын өтөп жаткан жарандар Украинадан каза болуп келген фактылар дагы болуп жатат. Баш прокурордун орун басарынын жакында Орусиядагы сапарында абактагыларды которуп алып келүү маселеси дагы сүйлөшүүлөрдө камтылган. Соттолгондор өз каалоосу менен согушка барам десе, алып кетип жатышыптыр. Күч менен зордоп алып кеткен учурлар жок. Биз муну тактап келдик".

Зулушев абактан күч менен алып кеткен окуялар жок деп билдиргени менен Орусиядагы түрмөлөрдө кармалып тургандар мажбурлоого кабылганын жакындары буга чейин айтып чыгышкан.


Баш прокурор учурда орус абактарында отурган кыргызстандыктардын баарын которуп келүү аракети көрүлүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, өткөн жылы экстрадиция боюнча 262 кайрылуу түшкөн. Алардын 172си боюнча өтүнүчү канааттандырылып, сотко өтүнүч келтирилген.

Орусиядагы мигранттарга укуктук жактан көмөк көрсөтүп келген юрист Гулиза Акматсияева абактагы балдарын издеген, согушка кетип калдыбы деп чочулаган ата-энелер бар экенин ырастап, бирок байланышка чыкпагандардын бардыгы эле согушка кетти дегенге болбой турганын кошумчалады.

Гулиза Акматсияева
Гулиза Акматсияева

"Сизге байланышууга уруксат жок деп эле уруксат бербей койгон дагы күндөр болот. Ар кандай маалыматтар көп. Маалымат туура эмес болуп калбаш үчүн ошол жакка барып, сүйлөшүү керек, өз көзүң менен көрүшүң керек. Божомолдоп дагы айтуу кыйын. Бирок мага бир ата-эне үч айдан бери балам байланышка чыкпай жатат деп кайрылган. Тергөөчү менен сүйлөшсөк, баласына сүйлөшкөнгө тыюу салыныптыр. Биз сүйлөшүп, көрүшүүгө уруксат алып бергенбиз. Түрмө эмес, Сахароводо (миграция борбору, чет өлкөлүктөрдү убактылуу кармоочу жай) жаткандардын байланышы начар. Анан албетте, тынчсызданышат да. Ал жакта 2-3 айлап, тогуз айдан бери жаткандар бар. Арасында документтерди жасоо, уурулук менен отуруп калгандар бар. Мындан сырткары, депортация жана кылмыш иши козголуп калгандар бар", - деди юрист.

Февралдын соңунда Ош облусунун тургуну, майыптыгы бар Акылбек Орусиянын Свердлов облусунда абакта отурган 26 жаштагы уулу Бектур (ысымы өзгөртүлдү) менен байланыша албай жатканын, аны мажбурлап согушка алып кетип калышы ыктымал экенин айтып, “Азаттыкка” кайрылган. (Бизге кайрылган жарандардын жана алардын жакындарынын аты-жөнү коопсуздук үчүн өзгөртүлдү-ред.).

Ал баласы түрмөдө кыйноого кабылганын, ага чыдабай согушка кетип калышы мүмкүн экенин кошумчалаган. Көп өтпөй "Азаттыктын" ишенимдүү булактары ал жарандын баласы согушка кеткени ырасталганын билдирген. Бирок анын ата-энеси бул маалыматты ачыкка чыгаруудан кооптонуп турат.

Бул жигит 2020-жылы маңзат менен кармалып, алты жылга эркинен ажыратылган. Атасы уулун согуштан алып калуу үчүн Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине кайрылганын, майнап чыкпаганын айтып берген.


"Азаттыкка" кайрылган экинчи келин Нуржан (аты өзгөртүлдү) дагы түрмөдөн согушка кеткен жакынын издеп жатканын билдирген.

Нуржандын күйөөсү - 32 жаштагы Сейит 10-октябрда Украинага согушка баратканын кабарлаган бойдон төрт ай байланышка чыккан эмес. Бир ай мурда күйөөсү байланышка чыгып, апрелдин ортосунда согуштан кайтарын айткан. Учурда Нуржан күйөөсүн күтүп жатат.

"Качан келери белгисиз. Негизи бүгүн-эртең келиши керек. 15ине чейин келем деп айткан. 11-12-апрелдерде Казанга самолёт менен келет экен деп уктум. Буйруса 13төрүндө келип калса керек", - деди Нуржан.

Украинада орус армиясы былтыр жазда оор жоготууларга учурагандан кийин “Вагнер” (“ЧВК Вагнер” же "Вагнер жеке аскердик компаниясы") абакта жаткандарды өз катарына кошуп, согушка жөнөтө баштаганы белгилүү болгон.

Алардын катарында Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын жарандары бар.

"Вагнер ЧВКсынын" өкүлдөрү абактарды кыдырып, катарына кошулууга азгырганын орус түрмөлөрүндө отурган кыргызстандыктар дагы "Азаттыкка" ырасташкан. Кыргызстандык канча атуул жалданмалардын торуна түшкөнү азырынча белгисиз.

Ал арада Орусиянын жака белинде "Вагнердин" көрүстөнү күн сайын кеңейүүдө. Февралдын соңунда Москванын жака белиндеги "вагнерчилердики" делген мүрзөгө кыргызстандыктар дагы көмүлгөнү белгилүү болгон. Буга чейин орус түрмөлөрүнөн согушка тартылган беш кыргызстандык каза болгону ачыкка чыккан. Алардын төртөөнүн сөөгү Кыргызстанга алып келинип, жерге берилген.

Ушул тапта Орусиядагы жабык жайларда миңден ашык кыргыз жараны камакта жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG