Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:28

Казакстан мобилизациядан качкан орус жаранын депортациялайт


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Казакстанда сот Украинадагы согушка баруудан баш тартып, Орусиядагы аскер бөлүгүнөн качып кеткен Игорь Санжиевди алты жылга шарттуу кесип, өлкөдөн депортациялоо чечимин чыгарды. Ал Казакстандын мамлекеттик чек арасынан мыйзамсыз өткөнү үчүн алты айга шарттуу кесилип, беш жылга өлкөгө киришине тыюу салынды.

Орусиянын курамындагы Калмык Республикасынын борбору Элиста шаарында курулушта иштеген Игорь Санжиев былтыр сентябрь айында мобилизацияланып, Волгограддагы аскердик бөлүккө жөнөтүлгөн. Ноябрда ал Беларуска качып чыгып, чек арадан мыйзамсыз өткөнү үчүн кармалгандан кийин Орусияга депортацияланган. Бирок көп өтпөй Игорь аскердик бөлүктөн кайра качып, Казакстандын аймагына мыйзамсыз өткөн.

"Апелляциялык арыз берем"

Быйыл март айында Игорь Санжиев Казакстандын Эмгек жана социалдык коргоо комитетине кайрылып, башпаанек сураган. Бирок полиция аны чек арадан мыйзамсыз өтүүгө айыптаган. Соттук териштирүүдө ал күнөөсүн моюнуна алып, депортациядан башка жаза берүүнү өтүнгөн эле.

3-майда Казакстандын Бөкейордо шаардык соту Санжиевди мекенине депортация кылуу чечимин чыгарды. Ошондой эле сот аны Казакстандын мамлекеттик чек арасынан мыйзамсыз өткөнү үчүн алты айга шарттуу кесип, беш жылга өлкөгө кирүүсүнө тыюу салды.

Казак-орус чек арасы. 27-сентябрь, 2022-жыл.
Казак-орус чек арасы. 27-сентябрь, 2022-жыл.

Игорь Санжиев соттун чечимине каршы апелляциялык арыз бере турганын "Азаттыктын" казак кызматына айтты.

"Соттун өкүмүндө айтылгандай, бул чет элдик жарандарга карата колдонулуучу стандарттуу чара, өзгөчө саясий кырдаалды эске алганда, орусиялык жарандарга мындай чечим чыгары анык болчу. Сот чечим чыгарууда Казакстан мага качкын макамын бербегенин да эске алды", - дейт Игорь Санжиев.

Ал учурда Батыш Казакстан облусунун административдик борбору Орол шаарында турат. Адам укуктары боюнча бюронун Батыш Казакстан облусу боюнча бөлүмүнүн башчысы, укук коргоочу Павел Кочетков “Азаттыкка” билдиргендей, эгер соттун чечими күчүнө кирсе, Санжиев каалаган убакта Орусияга депортацияланышы мүмкүн.

Санжиев Украинадагы согушка катышкысы келбегендиктен, Орусиядан качып кеткенин, кайра кайтып барбаш үчүн Казакстандан качкын макамын аларына ишенип жүргөнүн айтып келет.

Орусияга депортацияланган офицер алты жылга кесилген

Өткөн жылы декабрда Казакстан мобилизациядан качып келген Орусиянын Федералдык күзөт кызматынын майору Михаил Жилинди да мекенине депортациялаган. Аны Барнаул гарнизонунун аскердик соту алты жарым жылга эркинен ажыраткан.

Михаил Жилин жубайы менен.
Михаил Жилин жубайы менен.

36 жаштагы Федералдык күзөт кызматынын майору Михаил Жилин былтыр декабрда Астанадан Арменияга учканы жатканда кармалган.

Орусияда Жилин президент Путиндин аймактар менен өкмөттүк байланышына жооп берип, мамлекеттик сырларды билген. Буга байланыштуу анын өлкөдөн чыгуусуна тыюу салынган болчу.

Былтыр февралда Орусия Украинага кол салгандан кийин Жилин кызматтан бошоо укугунан ажыратылган. Мобилизация жарыялангандан кийин ал качып кетүүнү чечкен. Майор Казакстандын мамлекеттик чек арасынан өткөндө кармалып, кийинчерээк кое берилген эле. Бир нече убакыт үй-бүлөсү менен Семей шаарында жашап, саясий башпаанек сураган. Бирок анын өтүнүчү канааттандырылган эмес.

Былтыр сентябрда Казакстандын ички иштер министри Марат Ахметжанов эгер Москва мобилизациядан качкан орусиялыктарга эл аралык издөө жарыяласа, Астана аларды өз өлкөсүнө өткөрүп берерин эскерткен эле.

Орусияда былтыр мобилизация жарыялангандан бери аскерге милдеттүү жарандардын көбү Казакстанга кире качкан. Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) былтыр үчүнчү кварталда 1,3 миллион орусиялык Казакстанга кеткенин билдирген.

Бишкекте Орусия жарандары түзгөн кыймыл жабылды

Ал эми буга чейин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров New York Times гезитине курган маегинде, мобилизациядан улам Кыргызстанга качкан орусиялыктар экстрадициядан коркпой эле койсо болорун айткан. Ал Кыргызстан үчүн бул "жаңы көрүнүш" экенин, Орусиянын жарандары "бул жакка келип, ээн-эркин иштей ала турганын" билдирген.

Бирок март айында Бишкекте жашап жаткан орус жарандарынан турган “Красная крыша” бирикмесинин мүчөлөрү күч органдары басым көрсөтүп жатканын айтып чыгышкан.

Юлия Кулешова баштаган бир нече киши 24-февралда Бишкектеги Эмен багында Украинада каза болгондорду эскерүү иш-чарасын өткөрөр алдында кармалышкан. Милиция кармалган беш кишинин төртөөнө 5500 сомдон айып пул салганын маалымдаган.

Көп өтпөй "Красная крыша" долбоору жабылганы жарыяланды. Бул тууралуу аталган бейформал кыймылдын Инстаграмдагы баракчасында маалымдалып, себеби катары жергиликтүү күч органдарынын басымы көрсөтүлдү.

"Азаттык" кыймылдын негиздөөчүлөрүнүн бири Юлия Кулешова менен байланышканда, ал аймактык милиционер коомдук иш-чараларга катышууга тыюу салганын, болбосо, депортация кылынарын эскерткенин айтып берген.

Бишкекте Орусиядан келген ыктыярчылар жана мигранттар түзгөн "Красная крыша" 2022-жылдын июнь айында негизделген. Анын курамына социалдык, коомдук жана урбанисттик демилгелер багытында иштеген активисттер, ыктыярчылар жана Бишкекке келген Орусия жарандары кирген.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG