Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:33

"Согушка каршы сүйлөбөгүлө дешти". Орус жарандары милициянын басымына даттанууда


"Красная крыша" бирикмесинин иш-чараларынын бири.
"Красная крыша" бирикмесинин иш-чараларынын бири.

Бишкекте жашап жаткан орус жарандарынан турган “Красная крыша” бирикмесинин мүчөлөрү күч органдары басым көрсөтүп жатканын айтып чыгышты.

"Курч темаларды көтөрбөшүбүздү талап кылышты"

Бишкекте убактылуу жашап жаткан айрым орус жарандарына күч органдары кысым көрсөтүп жатканын “Красная крыша” бирикмеси Инстаграмдагы баракчасында жарыялады.

Бирикменин негиздөөчүлөрүнүн бири Юлия Кулешова Кыргызстанда кандай темаларды көтөрбөөгө эскертүү алышканын “Азаттыкка” айтып берди.

“Бул окуялар акыркы жумаларда болду. Биз 24-февралда милицияда кармалып чыкканбыз. Анда бул иш жабылганын айтышкан. Андан кийин биздин досторубуз каттоосун жаңыртуу үчүн барганда кармап, милиция бөлүмүнө алып барышкан экен. Суракка алып, биз жөнүндө маалыматтарды айтып, баарыбыз көзөмөлдө экенинибизди билдириптир. Буга чейин 10-бөлүмдүн кызматкери дагы мага Орусиянын жараны экенимди айтып, “тынч жүр” деп эскерткен. Досторубузга Кыргызстандагы Орусиянын элчилиги өлкөдөн чыгарууга буйрук бергенин ачык айтышыптыр. Мен түшүнгөн жокмун, элчиликтин мындай буйрук берүүгө акысы жок. Биз кармалганда дагы айтышкан. Саясатка аралашпагыла, мисалы "Орусияга дагы санкция салыш керек” деп айтсаңар улут аралык кастыкты козутуу болуп калат" деген. Силер “курч темаларды көтөрбөгүлө, Украинадагы согушка каршы сүйлөбөгүлө, тынч жашагыла" деп эскертишкен. Мен мындай көрүнүштү туура эмес деп эсептейм”, - деди Кулешова.

Юлия Кулешова баштаган бир нече киши 24-февралда Бишкектеги Эмен багында Украинада каза болгондорду эскерүү иш-чарасын өткөрөр алдында кармалышкан. Милиция кармалган беш кишинин төртөөнө 5500 сомдон айып пул салганын маалымдаган.

“Мындан кийин кандай иштейбиз, билбейм. Айрым досторубуз, бизге келип жүргөндөр чочулап жатышат. Анткени биз жайгашкан жерде тыңшоо болушу мүмкүн. Күч кызматкерлери биз чогулган жерде алар дагы катышып жүргөнүн жана катыша берерин айтышты”, - деди Кулешова.

Азырынча “Красная крыша” бирикмесинин башка мүчөлөрү медиага ачык сүйлөп берүүдөн карманып турушат.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы орус жарандарынын кармалышы жөнүндө “Азаттыкка” маалымат берди. Анда милициянын тийиштүү кызматтары чет элдик жарандардын мыйзам бузууларын аныктоо иш-чараларынын алкагында алты орус жаранына 5500 сомдон айып пул салынганын билдирди. Аларга Укук бузуулар кодексинин 431-беренеси (“Чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасында жүрүү тартибин же эмгек ишин жүзөгө ашыруу же транзиттик өтүү эрежелерин бузуусу”) боюнча айып салынган.

Ошондой эле милиция Кыргызстанга келген орус жарандарына ар кандай акция, митинг өткөрүү эрежелерин бузганы, жалпыга маалымдоо каражаттары, Интернет аркылуу улут аралык кастыкты козутуу сыяктуу аракеттери үчүн жоопкерчиликке тартылары эскертилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн белгиледи.

Кыргызстандагы Орусиянын элчилиги кат түрүндө кайрылууну сунуштады. Элчиликке жазган катка азырынча жооп келе элек.

Ички иштер министрлигинин мурдагы кызматкери Улан Жумаков милициянын Кыргызстанга келген орус жарандарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүн чыр-чатактарды алдын алуу аракети деп катары эсептейт. Ошол эле кезде милиция орус жарандарына сый мамиле кылышы керек деген пикирде:

“Милиция аңгемелешүү, түшүндүрүү иштерин кыла берет. Ал нормалдуу нерсе. Анткени чагым болбошу керек. Орус жарандары келип, тынч жүрө берсин. Улут аралык кастыкты козутуунун кереги жок. Алар акцияга чыга баштаса, тыюу салганыбыз туура. Бизде жарымы Украинаны, жарымы Орусияны колдойт. Бири батышты, бир Путинди жамандап, араздашуу башталат. Ал бизге кереги жок. Президент “биз нейтралдуу позициядабыз” деп айткан. Ар кандай акциялар эки тараптын тирешин ого бетер козута берет”, - деди Жумаков.

Активдүү орус жарандарынын башын бириктирген кыймыл

Юлия Кулешова – бир жылдан бери Кыргызстанда жашап жаткан орус жараны. Кулешова шериктери менен чогуу Бишкекте “Красная крыша” бирикмесин түзгөн. Алар ар кандай себептер менен Орусиядан келгендердин башын бириктирип акцияларды өткөрүп турушат. Экология, маданият, аялдар укугу, саясий куугунтуктар, абактагы саясатчыларга арналган иш-чараларды өткөрүп, орус жарандарынын кыргыз коомуна аралашуусуна көмөктөшүшөт.

Кыргызстан демократиялык өлкө болушу керек

Жакында эле Кыргызстан Украинанын жараны Владимир Кадарияны Беларус мамлекетинин өтүнүчү менен өткөрүп берген. Бишкекте кармалган 37 жаштагы жаран мурда Беларустун жараны болсо, кийин Украинага качып чыгып, ал жактан аты-жөнүн өзгөртүп, жарандык алган. Ал Беларуста оппозициялык материалдарды жарыялаган Интернет ресурстун администратору болгондуктан куугунтукка кабылганын айтып, өзүн Минскиге өткөрүп бербөөнү суранып, президент Садыр Жапаровго кайрылган болчу.

Кыргызстандык журналист Айгуль Сторожук жогорудагы окуялардын окшоштугун айтып, бул көрүнүш демократиялык баалуулуктарга терс таасирин тийгизерин белгиледи:

“Украин жараны Владимир Кадариянын Кыргызстандан чыгарылышы жана милиция кызматкерлеринин Кыргызстанда жашап жаткан орус активисттерине басым жасашында байланыш бар. Биздин күч кызматкерлери орус элчилиги менен тыгыз иштешип жатканын ачык айтып жатышат. Мындан сырткары Кремлдин атайын кызматтары башка өлкөнүн күч органдарына таасир эткени чочулатат. Алар “чет элдик агенттер” сыяктуу Орусиядагы мыйзам долбоорлорун киргизүүгө аракет кылып жатканын көрүп жатабыз. Эгерде биздин бийлик ойлонуп, туура чечим чыгарбаса, мунун арты жакшылыкка алып барбайт”, - деди ал.

2022-жылы Украинада согуш башталганда жана өткөн жылдын 21-сентябрда Орусияда мобилизация жарыяланганда эки жолу эмиграция толкуну болду. Орусиядагы мобилизациядан качкандар, согушту сындагандар Борбор Азиянын Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан сыяктуу мамлекеттерине келишкен. Алардын арасында Владимир Путиндин бийлигин кескин сындаган блогер, активисттер дагы бар.

Расмий Бишкек Орусия менен Украинанын ортосундагы согушта бейтарап позицияны карманарын жарыялаган.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG