Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:57

Армения, Кыргызстан, Казакстан: орус бозгундары кантип мыйзамдашат?


Орусия менен Казакстандын чек арасында жайгашкан Маштаково постунун алдында. 2022-жыл, сентябрь.
Орусия менен Казакстандын чек арасында жайгашкан Маштаково постунун алдында. 2022-жыл, сентябрь.

Өткөн жылы жазында жана күздө келе баштаган орусиялык бозгундардын көпчүлүгү эми бул өлкөлөрдө узак мөөнөткө тура албай кыйналат. Анткени 27-январдан тартып Казакстанда чет өлкөлүктөрдүн турушу боюнча жаңы эрежелер колдонула баштады.

Бийлик 90 күндүк мөөнөт аяктаганда аны узартуу үчүн өлкөдөн чыгып кайра келе калуу мүмкүнчүлүгүн ("визаран" деп аталган уруксатты) жокко чыгарды.

2022-жылы Украинада согуш башталганда жана 21-сентябрдан кийин мобилизация жарыяланганда эмиграциянын эки толкуну болгон. Орусиядан чыгып кеткендердин так саны белгисиз. Өткөн жылы октябрда Forbes болжол менен 700 миң адам кетти деп эсептеп чыккан.

Өткөн жыл соңунда жарыяланган The Bell изилдөөсүнө ылайык, Орусиядан 500 миңге жакын адам чыгып кеткен. Эмигранттар негизинен Грузия, Армения, Казакстан, Түркия, Кыргызстан, Сербия, Израил, Вьетнам жана ЕБ өлкөлөрүнө кетишти.

Казакстан

Жалпысынан 2022-жылы өлкөгө 2,9 миллион орус жараны агылган, алардын ичинен 100 миңдейи мобилизациянын биринчи эле аптасында келген. Жаңы эрежелерге ылайык, Евразия экономикалык бирлигине катышкан өлкөлөрдүн жарандарына Казакстанда 180 күндүк мезгил ичинде 90 күндөн ашпаган убакыт турууга уруксат берилет. Башка чет өлкөлүктөр өлкөдө 30 күн турууга уруксат алышы мүмкүн. Буга чейин казак бийликтери 27-январга чейин өлкөгө көчүп келгендерге таасир этпейт деп билдирсе да, бул мөөнөттү узартуу үчүн жашап турууга уруксат же убактылуу турууга уруксат алуу керек.

"Менин атым Дмитрий. Волгограддан болом. Албетте, "визарандын" жокко чыгарылышы мени да ойго салды. Өлкөдө мыйзамдуу турууга уруксатты узартууга кошумча мүмкүнчүлүктөр бар эле, эми ал жок болуп кетти. Казак бийликтери 22-январдан баштап убактылуу жашап турууга уруксат алуу тартибин күчөттү, б.а. эми уруксатты узартуу үчүн үй ээси жана жумуш берүүчү да чогуу барышы керек. Бир жума мурун мен Бишкекке барып, Казакстанга кирүү мөөрүн "жаңырттым”. Эми дагы үч айдан кийин эмне кылууну ойлонушум керек", – дейт Орусиядан көчүп келген бул киши.

Дмитрий "мобилизациянын шары менен элдин баарын текши айдабай калган кезде" – октябрь айынын аягында Казакстанга көчүп келдим дейт.

"План толду" дешкенден кийин мен чет өлкөгө чыгуу паспортун (ички паспортум жок болчу) алдым да, поездге түштүм, – дейт Дмитрий. – Бул өлкөнү тандаган себебим, анча алыс эмес, калктын көбү орус тилин жакшы билет. Бир нече жыл мурун иш сапар менен келип, Астана шаарын көргөм, мындагы шартты да билем. Октябрь айында поезд менен жолго чыккан досум чек арадан аэопорттогуга салыштырмалуу оңой эле өтүп алганын кабарлады. Мен биздин бийликти чындап жек көрсөм да, мобилизацияга чейин эч жакка кетким келген эмес эле. Мобилизация жарыялангандан кийин чыдап тура албай калдым".

Дмитрий Казакстандагы “ысык-сууктун” баары жакты, эгерде "визаранды" жоюлбаса, бул жакта дагы кыйлага чейин тура бермекмин дейт.

"Бул жактын эли башкачараак, аз болсо да пейили айырмаланат. Ырас, келгин экендигим үчүн кысынам, менин өлкөмдө жана Украинада эмне болуп жаткандыгын көңүлдөн чыгарып сала албайм... Бирок коңгуроо кагылганда эшикти коркпой ачып, дүкөнгө бара алганыма да шүгүр дейм. Жалпысынан алганда, казакстандыктар абдан кеңпейил экен, – деп жылмайды маектешибиз. – Мен аларды ошон үчүн жакшы көрөм, бизде, Орусияда мындай эмес!".

Азыр Дмитрий камдап келген акчасын сарптап жашоодо. Казакстанда жумушка орношпой эле башка жакка кетсем деп турат.

"Менде утурумдук жумуштамын – бирин бүтүрсөм, башкасына өтө калам. Ансыз деле кышында эс алчумун. Эми Европага кетем. Өнөр жай курулушуна тиешелүү адистигим бул жерде анча суралбайт экен. Эч кандай санкциялар жок болсо да, курулуш катуу жүрүп жатса да, айлык акы кыйла аз экен. Германияга көчүп баруу үчүн документтерди камдап жатам. Ал жактан ишенимдүү жумуш берүүчүнү тапканга жардам беришет. Эмгек келишими жана менин колумдагы кагаздар менен консулдуктарга жиреп кире берем".

Бул ою ишке ашпай калса, Дмитрий Казакстанга кайтып келет.

"Эгер ойдогудай болбой калса, эчтеке эмес – кайтып келип, отурукташам. Жазында утурумдук жумуштар башталат. Мурункуга караганда азыраак эмгек акы алсам да, жумушка орношо берем. Бир кызык нерсени айтайын – казак кесиптештерим болсо ошол кезде иштегени Орусияга жөнөшөт", – деп күлөт маектешибиз.

Орусиянын Оренбург облусу менен Казакстандын Актөбө облусунун чек арасындагы адамдар жана унаалар. 2022-жыл, 22-сентябрь.
Орусиянын Оренбург облусу менен Казакстандын Актөбө облусунун чек арасындагы адамдар жана унаалар. 2022-жыл, 22-сентябрь.

Полина сентябрь айында орусиялык жумуш берүүчүнүн сунушу боюнча Сибирден Казакстанга келген.

"Мобилизация жарыялангандан кийин дароо эле биздин IT компаниябыздын Казакстандагы филиалы ачылып, ага ылайыктуу курактагы бардык балдар (жана каалагандардын баары) жеткирилди. Бирок алардын көпчүлүгүндө [Полинанын кесиптештеринде] чет өлкөгө чыгуу паспорту жок болчу. Ошондуктан биздин филиалдын кызматкерлери расмий каттоодон өтө албайт, – дейт Полина. – Менин байкашымча, жергиликтүү чакан фирмалар аларды чет өлкөгө чыгуу паспортусуз деле тариздеп жатышат. Албетте, акчасын алышат. Ошондуктан биздин IT адистерибиз күтүлбөгөн жерден "дөңгөлөк оңдогуч" ж.б. болуп калышты. Ырас, акыры алар УЖУ (убактылуу жашоого уруксат) алышты. Бул жагынан эч кыйынчылык жок, акча берсең эле “сүйүктүү жумуш берүүчүңүз" менен "ижара берүүчүңүз" да даяр, сиз үчүн кепилдик беришет деп уктум".

Дмитрий белгилегендей, "УЖУ сатып алуу" да кыйла опурталдуу иш.

"Чындыгында, абайлаш керек. Мыйзам алдындагы жоопкерчиликтен деле эмес. Болгону шылуундар көп, – деп чечмеледи бозгун. – Негизинен, мен муну келгин орусиялыктарга эмес, Путинге жана башка өлкөлөрдүн башчыларына каршылык деп билем, анткени алар казактарга мынчалык да жол берчү эмес. Чындыгында, эмне үчүн өзүнүн жарандары КМШнын башка өлкөлөрүндө виза ала албай убара чегип жүргөн шартта Казакстан "визаран" бериши керек? Мен үч булакты, анын ичинде zakon.kz сайтын карап чыктым. Орусия Федерациясында, Беларуста жана Украинада Казакстандын жарандары үчүн визаран жок экендигине басым жасалыптыр, ал эми бул жакта 90/180 бар. Ырас, бул чара таасир этпейт, болгону коррупцияны гана күчөтөт окшойт. Бирок келгиндердин көпчүлүгү муну өздөрүнө каршы жасалууда, анткени тышкы саясаттын багыты терс бурулуптур деп ойлоп калышты. Алар катуу чочулабаса да, кабатырланып жатышат".

Түркия

Түркиянын Жер Ортолук деңизиндеги ири шаарларына жана курорттук шаарларына орусиялыктар агылып келгенден кийин кыймылсыз мүлк баасы бир топ көтөрүлүп, турак жайды ижарага алган түрктөрдүн чыгымы көбөйдү. Мунун айынан түрк жарандарынын нааразычылыгы өкмөткө да угула баштады.

Бул өлкөдө көчүп келгендерге карата атайын мыйзамдык чектөөлөр киргизилген жок. Бирок орусиялыктар иш жүзүндө чет өлкөлүктөргө Түркияда икамет (узартуу мүмкүнчүлүгү менен кошо 6 айдан 2 жылга чейинки мөөнөткө мыйзамдуу турууга уруксат) алуу тартиби кыйла татаалдашты дешет. Түрк банктарынан эсеп ачуу да кыйын болуп калды. Буга чейин жашап турууга уруксатты тариздегендер документтердин кадимки көчүрмөсүн сурашчу, эми аны нотариустан тастыктоо, ошондой эле Орусиянын Түркиядагы элчилигинде Түркиянын тышкы иштер министрлигинин апостилин жана мөөрүн койдуруу керек.

Екатеринбургдук Зарина – мурдагы юрист, азыр медициналык гимнастика мугалими. Ал жарым-жартылай мобилизация жарыялангандан кийин күйөөсү жана баласы менен Стамбулга көчүп келди. Себеби жөпжөнөкөй: "Мен ар дайым башка мамлекетте жашоону эңсечүмүн".

"Биз ушул кыйынчылык пайда болгонго чейин эле икамет жасатууга үлгүргөн элек. Азыр бардык жердеги досторубуз биздикиндей эле документтери бар болсо да, кабыл алынбай жатабыз деп даттанышат. Балким, алар турган жерлерде ошондой чыгаар, бирок негизинен кабыл албай жатат деген сөздөр көп угулууда. Эгерде мурда бир жылдык ижаранын таризделгени эле жетиштүү болсо, азыр түрк банктарынан ачтырган эсебинин көчүрмөсүн жана эсепте жетиштүү акча болушун талап кылышат. Булар бар болсо да кабыл албай койгон учурлар кездешет, – дейт Зарина. – Мен өзүм да эсеп ачууда кыйынчылыктарга туш болдум. Азырынча бир дагы банктан эсеп ача алган жокмун. Бир эле банктын ичиндеги шарттар ар башка, атүгүл бир филиалда ар кайсы күндөрү талаптар өзгөрүп турат. Бирде үч миң долларлык депозит керек десе, бирде беш миң дейт. Менде анчалык акчам жок, ошондуктан мүмкүнчүлүк издеп жатам. Ырас, эсеп ачуу керек, бирок мен башка жол табууну ойлобойм. Мен Түркиянын башка шаарларына, кичинекей шаарларына кетүүгө аракет кылып көрөм, анткени шаар канчалык чоң болсо, талаптар ошончолук көп болот. Анын үстүнө, өлкө ичинде учак менен каттоо өтө арзан".

Стамбул, Аэропорт, 2022-жыл, март.
Стамбул, Аэропорт, 2022-жыл, март.

Ростовдон келген Анна менен Игорь азырынча кабыл алынбай калган жокпуз, икамет алууга арыз берүү үчүн кездешүү февраль айынын аягында болот дешти.

"Биз баш тарткан досторубуздун башынан өткөн окуяларды укканда кыйла чочулап калдык. Айрымдар ал тургай кабатырланып, баш тарткан учурда күрөөнү кайтарып алуу керек деп келишимди өзгөртүүнү да талап кылышыптыр. Бирок алардын талабы орундалбай, ижара берүүчү күрөөнү да кайтарып бербей коюп жатышыптыр. Бул жакта ижара акысы 2022-жылдын февралынан бери абдан жогорулап кетти. Келгиндердин билим деңгээли жаман эмес – алар кеп-кеңеш алуу үчүн юрист да жалдашкан, бирок баары бир эч майнап чыккан жок. Чет элдик (орусиялык эмес) эсептердин көчүрмөсү дурус, күйөөм иштеген IT компаниясынын кадыр-баркы да жогору болсо да, кабыл албай коюунун себебин айтышпайт. Башка тааныштарга мунун себеби "миграциялык кызматтын ички тартиби" менен байланышкан деп жооп беришиптир".

"Жергиликтүү тургундар орусиялыктардын өтө көп келгендигине нааразы деген божомол бар, – дейт Игорь. – Ошондуктан сүйлөшкөн кызым экөөбүз эми жолубуз болбой калса, башка жакка кетебиз деп чечтик. Мисалы, Испанияга барсак болот – ал жакта студенттик виза алуу үчүн тил курстарына акча төлөп койсоң эле жетишет".

Вьетнам

2023-жылдын 1-январынан тартып вьетнамдыктар согуштук окуялардын айынан "үйүнө кайтып баруудан коркууга" байланыштуу орусиялыктар, беларустарга же украиналыктар үчүн "аскердик узартуу" деп аталуучу автоматтык түрдө визаны узартуу жол-жобосун жокко чыгарды.

"Бул "аскердик узартуу" жол-жобосу иммиграциялык мыйзамдарда каралбаган, вьетнам бийликтеринин ырайымы болчу. Вьетнамга учуп келгенде бардык туристтер 15 күн жашап турууга уруксат мөөрүн акысыз бастырып алышат. Андан ары узартуу – "визаран" же электрондук виза (е-виза) үчүн баары бир акча талап кылынат. Бирок орусиялыктар, беларустар жана украиндер үчүн жеңилдик бар эле – үч айга акысыз узартуу үчүн "үйгө баруудан корком" деп жазып койсо эле жетиштүү болчу. Азыр эми "ырайым" жок. Бирок "визаран" же е-виза тариздөө мүмкүнчүлүгү дагы бар. Ооба, кымбатыраак, бирок бар, – дейт Игорь (ал эчак эле жумуш визасын тариздеп алган, анткени ал расмий түрдө жергиликтүү компанияга орношкон). – Менин жагдайым такыр башка. Бул жактагы эмгек акынын аздыгы көпчүлүккө ылайык келбестигин – батыштын компанияларында аралыктан иштегендердин тапканына салыштырмалуу кыйла эле аз экенин билем. Ошентсе да анча күчтүү адис болбосоң деле иштей бересиң. Бирок жергиликтүү мекемелерге орношуу да оңой эмес – өз кишилерине жан тартып турат. Мен өзүнчө туристтик компания ачып алган орусиялык балдардын колунда үчүн иштейм".

Ханой, Вьетнам.
Ханой, Вьетнам.

“Сибирь. Реалии” агенттигине маалымат берген башка маектештердин айтымында, визаны узартуунун жогоруда айтылган ыкмалары кыйла кымбат турат, убакытты да көп талап кылат.

"Е-виза арыз ээсинин виза тарыхына жараша 25тен 50 долларга чейин турат. Бирок аны жөн эле сатып ала албайсыз – сизге бирөө Вьетнамда тентип калбай турганыңыз үчүн кепилдик бериши керек. Мындай "кепил" кишиге акысын төлө керектигин, кийин виза алуу үчүн өлкөдөн эртерээк чыгып, кайра келишиңиз керектигин түшүнүп турасыз го. Жалпысынан чоң эле акча кетет. Болгондо да бир эле айга узартасыз, – дейт Омскиден келген Дарья. – Эгерде сиз жакынкы чек арага жетип, өтүп, кайра келсеңиз, анда дагы бир ирет визасыз 15 күн берилет. Жакшы жагы – коңшу Таиландга же Малайзияга эле барып келе коёсуз. Бирок аралыктан иштеген кишини айына эки ирет жол жүрүү кыйла убарага салып коёт. Акчалай чыгымды айтпаганда деле ушундай. Ошондуктан бозгундар көбүнчө жакынкы чек арага микроавтобус менен чогуу барышат. Мисалы, коңшу Лаоско. Бирок бул 10 сааттык жолдун бир эле жагына жок дегенде 200 доллар сарпталат.

Мессенжерлерде бозгундар виза аяктаган күнгө чейин автобустан алдын ала орун ээлей турган тайпалар бар.

– Январь айынан бери баалар кыйла жогорулады: акчаңыз 180 доллардан аз болсо, мен турган Нячагдан Лаоско чейин жете албайсыз. Тамак-аш чыгымдарын да кошуңуз (мейманканага конгондор өтө аз – көбүнчө жетип эле кайра жол тартышат). Саякат уюштуруучулар автоунаалар менен мындай рейстердин санын эки эсеге көбөйттү. Бийликтин бул чечиминен кимдер пайда көрүп жатканын караңызчы! – дейт Питерден келген Олег ичи күйүп. – Вьетнамда "жашоо арзан" деген сөз эчак эле чындыкка дал келбей калганын да айтып коёюн. Нячагда 300 доллардан аз акчага алакандай да батир табылбайт.

Кыргызстан

Январь айынын ортосунда кыргыз өкмөтү өлкөдөн накталай акча каражаттарын экспорттоого чектөө киргизди. Туруктуу жашабагандар жана чет өлкөлүк жарандар үчүн бул сумма 5 миң доллар, Кыргызстандын тургундары жана жарандары үчүн 10 миң доллар деп чектелген. Эгерде өлкөнүн жараны же жараны андан ашыкча сумманы алууга аракет кылса, ал белгиленген лимиттен ашкан сумманын 10% өлчөмүндө алым төлөшү керек.

Бул жактагы орусиялык бозгундар мындай жаңылык жашообузга таасир этпейт деп эсептешет. Бирок алар муну "жаман жышаан" дешет.

"Азырынча эч кандай чектөөлөр жок. Ошончо акчаны акыл-эстүү адам накталай ташып жүрмөк беле? – дейт Иркутск шаарынан былтыр апрелде Кыргызстанга келген эко-активист Егор Лесной. – Айрым бир топтордогу адамдар үчүн бул чектөө туура. Мамлекетте валюта аз, айрымдар акчаны Орусияга тымызын ташып турчу. Себеби, Орусияда кымбат сатып, айырмасынан пайда тапсаңыз болот. Орусияга акчаны которуу жолу менен алып баруу мүмкүн эмес – долларды орус картасына чегере албайсыз. Бул жактын картасы менен Орусияда деле доллар ала албайсыз, анткени свифт иштебейт. Ошентсе да, Кыргызстандагы орусиялыктар эми бул ажайып өлкөдө калуу барган сайын кыйындай берет деп чочулашат".

"Визарандын" жокко чыгарылышы: эми эмне кылып, кайда качуу керек?

Эми Казакстан, Вьетнам жана Түркияда чет элдиктер үчүн киргизилген жаңы эрежелерге туура келген Орусиянын жарандары эмне кылышы керектигин чечмелеп көрөлү.

Түркияда мыйзамдашуунун эӊ ыңгайлуу жолдору: жумушка орношуу, кыймылсыз мүлк сатып алуу (400,000 доллар), окуу (мисалы, түрк тилин үйрөнүү) жана үй-бүлөнүн кайра биригүүсү (мисалы, нике кыюу).

Вьетнамда мыйзамдашуу бир топ кыйын. Бул жерде жашап турууга уруксат узак мөөнөттүү виза болгондо гана берилет, ал өлкөнүн чегинен тышкарыда – виза алуу үчүн арыз берүүчүнүн Вьетнамдагы жашаган жериндеги элчиликтерде таризделет. Башкача айтканда, жумушка орношуунун негизинде УЖУ алуу үчүн Вьетнамда жумуш берүүчүнү алдын ала таап, узак мөөнөттүү виза алуу керек.

Ошондон кийин гана УЖУ сурап алсаңыз болот. Өлкөдө туристтик виза менен жүргөндө УЖУ алуу мүмкүн эмес, демек, журт которуунун башка жолдорун издөө керек.

Орусиялыктардын Казакстанга массалык түрдө көчүп келишинин негизги себептеринин бири чек арадан өтүп, өлкөдө калуу үчүн чет элдик паспорттун кереги жок экендиги болду. Мындай паспортсуз эле Казакстанга келген орус жарандары Орусиянын Астанадагы элчилигине катталуу үчүн кайрылып, аны алган соң, башка өлкөгө кетсе болот.

Бирок азыр элчиликтеги кабыл алуу кезегин кошпогондо бул жол-жобо үч айдан алты айга чейин созулат. Паспортту өлкө ичинде күтүүгө же паспорт даяр болгондо кайра барып алып келүүгө мүмкүнчүлүгүңүз болушу керек. Эгерде Казакстанда жүрүү мөөнөтүңүз бүтүп калса, анда депортацияланып, беш жылга чейин кайра келе албай калышыңыз мүмкүн.

Ошондуктан Казакстанда жүргөнүңүздү мыйзамдаштырып эле алганыңыз оң. Мунун эң жөнөкөй жолу – убактылуу жашап турууга уруксат (УЖУ) алуу.
Ошондо сиз өлкөнүн аймагында бир жыл же андан да көп убакыт жашоого мүмкүнчүлүк аласыз. Эң негизгиси – сиз Германияга, мисалы, Казакстанга виза алуу үчүн документтерди тапшырсаңыз болот. Эгер сизде УЖУ жок болсо, анда ЕБ өлкөлөрүнө шенген же улуттук визаны Орусияда гана ала аласыз. Бул эреже Казакстанда гана эмес, башка мамлекеттерде да колдонулат.

Казакстандагы УЖУ чексиз жолу узартуу мүмкүнчүлүгү менен бир жылдан ашпаган мөөнөткө берилет. Бул документ жеке ишкер катары катталуу жана Казакстанда кыймылсыз мүлккө ээ болуу укугун бербейт.

Бул өлкөдө УЖУ алууга бир нече негиз бар: бизнес – юридикалык жактын ачылышы аркылуу иммиграция, эмгек иши, үй-бүлө менен биригүү, окутуу, дарылоо, миссионердик (диний) ишмердик.

УЖУ даярдоо үчүн документтердин стандарттык топтомуна анкета, паспорттун жана медициналык камсыздандыруунун көчүрмөлөрү, ошондой эле УЖУ сурап алуунун негиздемесин тастыктаган документ (эмгек келишими, нике күбөлүгү, юридикалык каттоо документи ж.б.) кирет.

Документтерди онлайн режиминде Казакстандын Мамлекеттик кызматтар сайты аркылуу тапшырсаңыз болот.

Согуш башталгандан кийин көптөгөн орус ишкерлери өз бизнесин Казакстанга көчүрүп кетишти. Мындай компания менен эмгек келишимин түзүү – легалдаштыруунун эң жөнөкөй жолдорунун бири.

Мындан тышкары, сиз досторуңуз менен биргеликте юридикалык жакты каттап, баарын жумушка алып, ушул жол менен (кимдир бирөөлөрдү эмгек келишими боюнча, башкаларды бизнес-иммиграция боюнча) мыйзамдаштыра аласыз.

Айтмакчы, эгерде Орусиянын жаранында жарактуу УЖУ ар болсо, анын үй-бүлө мүчөлөрү убактылуу жашап турууга уруксатты түз эле алышат, бирок иштөөгө укугу дароо берилбейт. Тариздөө үчүн нике жана балдардын туулгандыгы жөнүндө күбөлүктөрдүн нотариус күбөлөндүргөн көчүрмөсүн эле берсе жетиштүү болот.

Кандайдыр бир себептерден улам Казакстанда УЖУ алуу мүмкүн болбосо эмне кылуу керек?

  • Чет өлкө паспортуңуз жок болсо

Эгер сиз чет өлкө паспортун ала элек болсоңуз, анда Арменияга жана Кыргызстанга ички орус паспортуңуз менен кире аласыз. Арменияга орус паспорту менен учак менен гана бара аласыз. Жер менен барууга болбойт, анткени чет өлкө паспортуңуз талап кылынуучу өлкөлөрдүн чек араларын кесип өтүшүңүз керек. Кыргызстанга келүү үчүн бул талап кылынбайт.

Армения

Арменияда орусиялыктар үчүн визасыз жүрүү мөөнөтү 180 күнгө чектелген. Бул жакта мыйзам боюнча визоран жок, бирок согушка чейин иш жүзүндө колдонулуп келген: адамдар коңшу Грузияга чыгып келип, убактылуу жашап туруу мөөнөтүн баштапкы абалга келтирип турушкан. Азыр Арменияда жашаган орусиялыктар айткандай, бул ыкма колдонулбай калган. Бирок мыйзамсыз жүргөндөр үчүн бирден-бир жаза – Армениядан чыкканда төлөнө турган 100 миң драм айып пул (болжол менен 18 миң рубль).

2022-жылдын аягында Армениянын өкмөтү орусиялыктардын бул жакта мүмкүн болушунча узак убакыт жашап турушуна абдан кызыкдар экендигин билдиришти. Мындай билдирүүнү Армениянын экономика министри Ваан Керобян жасады.

Эгерде сизге УЖУ керек болсо, аны төмөнкү негиздер боюнча ала аласыз: окуу, жумушка орношуу, армян жараны менен нике же тыгыз мамиледе болуу, ишкердик.

Фрилансерлер (эркин авторлор) жана онлайн бизнес ээлери салык төлөөчү катары катталган болсо, Арменияда УЖУ тариздөөгө укуктуу.
Документтерди онлайн режиминде бирдиктүү электрондук аянтча аркылуу тапшырсаңыз болот.

Ыӊгайсыз жактары: Армения – турак жайы кымбат, өзү жакыр өлкө. Кыймылсыз мүлктүн ижарага акысы бозгундар көп келгендигине байланыштуу кыйла жогорулады. Бирок азыр суроо-талап төмөндөй баштап, бааларга да таасирин тийгизди.

Кыргызстан

Кыргызстанда орусиялыктардын каттоосу жок жүрүшү 30 күн менен чектелет. Келүү жеринде катталгандар алты ай өлкөдө болууга укуктуу болот. Мөөнөтү аяктагандан кийин каттоону узартууга, демек өлкөдө каалаган убакытка чейин жашай берүүгө сакталат.

Мындан тышкары, Кыргызстан Орусия жана Беларустун IT адистерине "санарип көчмөн" макамын алууга уруксат берди.

Кыргызстан Борбор Азиядагы эң жакыр өлкөлөрдүн бири экендигин эске алуу керек: бул жакта жашоо деңгээли төмөн, жумушсуздук текши жайылган. Бирок табияты ажайып, тил жагынан тоскоолдуктун жоктугу жана жергиликтүү калктын меймандостугу мунун баарын жууп кетет.

Чет өлкө паспорту бар болсо

Эгер мындай паспортуңуз болсо, тандоо мүмкүнчүлүгүӊүз көп болот.
Эгерде Казакстанда жүргөндө убактылуу жашоого уруксатыңыз же башка мамлекеттин визасы жок болсо, анда орусиялыктар визасыз бара алгыдай өлкөлөрдү карап көрө аласыз.

  • Визасыз Грузияда 360 күн жүрүүгө болот;
  • Мексикада – 180 күн;
  • Аргентина, Бириккен Араб Эмираттары, Бразилия, Коста-Рика, Чили, Түштүк Африка, Марокко, Перу, Эквадор, Катар, Израил, Азербайжан, Молдова, Тажикстан, Мисирде – 90 күн;
  • Кейп-Верде, Маврикий, Түркия, Түштүк Кореяда – 60 күн;
  • Сербия, Черногория, Босния, Таиланд, Индия, Малайзия, Шри-Ланка, Монголия, Лаосто – 30 күн жүрө аласыз.

Теориялык жактан алганда, тийиштүү мөөнөттө ар кайсы өлкөлөрдө: Сербияда, Мексикада алты ай, Грузияда бир жыл ж.б. – журт которуп жашай берсеңиз болот.

УЖУ алуу үчүн негиздер дээрлик бардык өлкөлөрдө бирдей – бизнес ачуу, кыймылсыз мүлк сатып алуу, окуу, иштөө, дарылоо, үй-бүлөнү бириктирүү, илимий иш-аракеттер, "санариптик көчмөн турмуш". Негизги айырмачылыктар долбоорлоо жол-жобосуна жана керектүү документтердин тизмелерине тиешелүү.

Орусиялыктар үчүн эң оңой мыйзамдашуу мүмкүн болгон, демек эң таанымал өлкөлөр: Грузия, Мексика жана Аргентина.

Грузия

Бул өлкө орус эмигранттарын жашап турушуна жеңилдик шарттары боюнча биринчи орунда турат.

Визасыз режим жана бир жыл бою жашап турууга уруксат берилерин эске алганда, Грузия жүз миңден ашуун орусиялык үчүн бейиштей эле болуп калды. Буга кошумча, бозгундардын жашоосун жеңилдеткен визаран да колдонулат. "Визаран жасоо" үчүн орусиялыктар Арменияга же Түркияга барышат – Батумиден Түркиянын чек арасына чейин жарым саат машине менен жетүүгө болот. Тилдик тоскоолдун дээрлик жок экендиги, климаттын мелүүндүгү да бул өлкөгө бозгундарды тартып турат.

Мындан тышкары, бул жакта мыйзамдашуу жол-жобосу жөнөкөй жана ачык. Грузияда УЖУну жергиликтүү билим берүү мекемесине (мектепке, мектепке, университетке) кирүү менен алса болот. Мындайда жашы жете элек окуучулардын ата-энелери да кыска мөөнөттүү УЖУ алууга талапкер боло алат.

УЖУ 100 миң доллардан турган кыймылсыз мүлк ээлерине берилет; профилине жараша ар бир чет өлкөлүк үчүн жылына 35тен 50 миңге чейинки өлчөмдө акча жүгүрткөн жергиликтүү компаниялардын кызматкерлерине берилет. (Ушул эле жеңилдик кирешеси 50 миң лариден ашкандан кийин жеке ишкерлерге да берилет).

УЖУ алуу үчүн документтер үчүн апостиль талап кылынбайт, анткени Грузия менен Орусиянын ортосунда документтерди биргелешип таануу жөнүндө келишим түзүлгөн. Аларды грузин тилине которуу гана керек болот.

Ыңгайсыз жактары – дээрлик бардык нерселердин, анын ичинен кыймылсыз мүлк ижарасынын баасы көтөрүлүп кетти; жумушсуздук деңгээли жогору (19.4%), ошондой эле банк эсебин ачууда айрым кыйынчылыктар бар. Соңку кезде орусиялыктарды эч кандай себепсиз эле кабыл албай койгон учурлар улам көбүрөөк кездешүүдө. Мындан тышкары, быйылкы кышта кээ бир орусиялык бозгундардын мурда ачылган эсептерин да эч кандай түшүндүрмө бербестен жаап салышты – мисалы, алгач Bank of Georgia, андан кийин Либерти банкы ушинтти.

Мексика

Климаттын мелүүндүгү жана визасыз жашоо мөөнөтүнүн узактыгы орусиялыктарды Мексикага кызыктырат. Чындыгында, виза деле талап кылынат, бирок аны "электрондук саякат жөнүндө кабарлоо" деп койсо болот. Визаны Мексика элчилигинин сайты аркылуу өз алдынча тариздей аласыз (виза берилбей калган учур катталган эмес). Бул виза өлкөдө 180 күнгө чейин турууга укук берет.

УЖУ төмөнкү негиздер боюнча таризделиши мүмкүн: нике, төрөлүү (ымыркай төрөлөр замат Мексиканын жарандыгын алат, ал эми ата-энеси эки жылдан кийин алса болот), кыймылсыз мүлк жана ишкердик инвестициялар, жумушка орношуу жана "экономикалык жактан жарамдуулук" (эгер сиз айына кеминде 62,232 мексика песосун/3000 евродон бир аз көбүрөөк иштеп тапсаңыз).

Көптөгөн орусиялыктар балалуу болуу жолу менен бул өлкөдө орношуп калуу үчүн Мексикага атайын учушат. Жашап турууга баштапкы уруксат бир жылга берилет, андан соң ошол эле мөөнөткө узартылат. Убактылуу жашап турууга уруксаттын ордуна төрт жыл жашагандан кийин туруктуу жашоого берилүүчү уруксатка алмаштырылышы мүмкүн, ал эми дагы бир жылдан кийин орун-очок алууга арыз берип, экзамен тапшырууга жана Мексика шаарын бүтүрүүгө укуктуу болосуз.

Мексиканын паспорту 147 өлкөгө, анын ичинде ЕС өлкөлөрүнө барууга мүмкүнчүлүк берет.

Мексикада жашоонун негизги ыңгайсыз жактарынын бири – – кылмыштуулук деңгээлинин жогору экендиги. Ал жерде жашаган орусиялыктардын айтымында, бул өлкө "90-жылдардагы Орусиянын деңгээлинде" кала берген. Жергиликтүү кылмыштуу топтордун кагылышуулары, талап-тоноочулук жана опузалоо ишкерлерге тоскоол болууда. БУУнун 2018-жылдагы атайылап өлтүрүү саны боюнча өлкөлөрдүн рейтинги боюнча Мексика 14-орунда турат (100000 кишиге 29 киши өлтүрүү туура келет). Айтмакчы, Орусия бул рейтингде 45-орунда турат.

Аргентина

Аргентина болочок ата-энелер эң кызыккан жерлердин бири болуп эсептелет. Бул жакта визасыз эле 90 күнгө чейин жашап турсаӊыз болот. Өлкөдө төрөлгөн ар бир бала дароо эле жарандык алат. Бир жылдан кийин наристенин ата-энеси да Аргентинанын паспортун алышат.

Бирок жалпы негизде Аргентинанын жарандыгын биринчи УЖУ алгандан эки жыл өткөндөн кийин алууга болот. Аны алуу үчүн, 20 негиздин бирин тандап алышыңыз керек. Эң көп колдонулуучу жолу – "санарип көчмөн" болуу. Аргентинадагы программанын башкы өзгөчөлүгү – кирешенин көлөмүнө карата конкреттүү талаптардын жоктугу. Өтүнмө ээси өлкөнүн чегинен тышкарыда өзүнүн расмий кирешеси бар экендигин далилдеши керек.

Аргентинанын паспорту менен бүтүндөй Европа жана Жапонияда жүрө аласыз. АКШда виза талап кылынат, бирок аргентиналыктарга 10 жылга дароо берилет.

Начар жагы – инфляциянын жогору экендиги (94%), технология жана банк тармактарынын артта калгандыгы – мисалы, интернет-банкингдин жоктугу жана банк бөлүмдөрүндө өтө узун кезекке турууга туура келгендиги.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG