Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:01

"Беларус Бакиевди бербейт". Украин жаранын Минскиге өткөрүүнүн күңгөй-тескейи


Владимир Кадариянын сот залындагы сүрөтү.
Владимир Кадариянын сот залындагы сүрөтү.

Бишкекте абакта кармалып турган украин жараны Владимир Кадария президент Садыр Жапаровго кайрылып, Беларуска экстрадиция кылбоону суранды.

Өз кайрылуусунда Кадария саясий куугунтуктан улам Беларустан Украинага качып барып, ал өлкөнүн жарандыгын алганын айтууда. Кыргызстандын Башкы прокуратурасы ал "Беларустун жараны болгондуктан, экстрадициялоо бүтүмү мыйзамдуу" деп эсептейт.

Кадариянын президентке кайрылуусу

37 жаштагы Владимир Кадария президент Садыр Жапаровдон аны Беларуска экстрадиция кылбоону суранып жазган катын жактоочусу Автандил Алимжанов жарыялады.

“Урматтуу президент Садыр Нургожоевич, сизге кайрылуумдун себеби Кыргыз Республикасы көз карандысыз, суверендүү, демократиялык жана эң негизгиси укуктук өлкө, ошондой эле адам укуктары боюнча бардык эл аралык макулдашуулар менен келишимдердин мүчөсү болуп саналат. Мындан улам Кыргызстандын жаңы Конституциясынын, адам укуктары, эркиндигинин кепили катары сизден суранарым, Украинанын жараны болгон мени кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн Беларуска өткөрүп бербөөнү суранам”, - деп жазылган ал катта.

Башкы прокуратуранын Беларуска өткөрүп берүү токтомуна каршы сотко жазган арызында Владимир Кадария ал өлкөдө оппозициялык материалдарды жарыялаган Интернет ресурстун администратору болгонун белгилеген.

"Беларустан саясий куугунтуктан кийин качкан"

Адвокат Автандил Алимжановдун айтымында, ал мурда Беларуста Андрей Ковалев деген ат менен жашап бийликтин куугунтугуна байланыштуу ал жактан качып чыгып, 2017-жылы Украинада качкын макамын, андан кийин жарандык алып аты-жөнүн Владимир Кадария деп өзгөрткөн.

“Белгилүү себептерден улам жеке маалыматтарын өзгөрткөн. Ал андан кийин мамлекеттик чек аралардан өтүп жүргөн. Эч ким кармаган эмес. Кыргызстанга дагы бир нече жолу келип кеткен. Төртүнчү жолу келгенде чек арадан эмес, шаардын ичинен кармалган. Андан кийин Башкы прокуратурадан кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн Беларуска өткөрүп берүү боюнча токтом чыккан. Прокуратуранын токтомуна каршы жактоочулар сотко арыздандык. Биринчи инстанция арызды канааттандырган эмес, кийинкиси да апелляциялык арызды четке какты. Эми соттун чечими күчүнө кирет”.

Адвокат Автандил Алимжанов Владимир Кадарияны өткөрүп берүү менен Кыргызстан адам укугу жаатындагы, качкындар жөнүндөгү эл аралык уюмдардын алдындагы милдеттенмелерин бузат деп эсептейт.

Башкы прокуратура саясий мотив тапкан жок

Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын токтомунда Беларуста Кадарияга карата "Компьютердик маалыматты модификациялоо аркылуу атайын адамдардын тобу алдын ала сүйлөшүп алып ири өлчөмдөгү каражат уурдаган" деген берене менен айыпталып, 2009-жылы камакка алуу чечими чыгарылганы жазылган. Башкы прокуратура Владимир Кадария Беларустун жараны экенин далилдеген документтер бар экенин жазган. Көзөмөл органы анын кылмыш ишинде "саясий мотив" жок деп эсептейт.

Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Сирожидин Камалов бул маселе боюнча чечим Кыргызстандын Кылмыш-жазык процессуалдык кодексинин жана эл аралык мыйзамга жана келишимдерге ылайык кабыл алынганын айтуу менен чектелди.

«Силер сурап жаткан беларус жараны боюнча чечим Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жазык процессуалдык кодексинин жана Минск конвенциясынын алкагында ишке ашты. Мындан сырткары соттун чечимдери бар", - деди Камалов.

Президенттик администрация Кадариянын кайрылуусуна комментарий бере элек.

Бакиевдерди эске салган окуя

Беларуска экстрадицияланчу адамдын окуясы интернет айдыңында бир топ талкууларды жаратты. Себеби, Кыргызстандын Беларус менен кылмышкерлерди өткөрүп алуусуна байланыштуу бир топ жагдайлар бар. Эң ириде ал 2010-жылы Апрель ыңкылабында бийликтен кулатылып, кыргыз соту оор жазаларга тарткан Курманбек Бакиев жана анын жакындарына тиешелүү.

Саясий серепчи Руслан Акматбек Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Беларуста качып жүргөн мурдагы президент Курманбек Бакиевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн кайрылганын эске салып, Кадариянын окуясын бийлик териштирип чечим чыгаруусу керек деп эсептейт.

"2010-жылдан бери бир гана Бакиев эмес, анын жанындагы оор кылмыштарга айыпталгандарды өткөрүп берүү боюнча кайрылып келебиз. Алардын президентинин берген жообу: "саясий кылмыш менен жазалайсыңар" дейт. Бизде чыккан сот чечимдерине карабай бербей келишет. Жакында эле президент айтты, төрт жолу сураптырбыз. Ошол эле өлкө бир жолу кайрылып койсо күмөн туудурган иш экенине карабай кайтарып бергени жатабыз. Эки өлкөнүн ортосундагы алака сый-урматка негизделиши керек", - деди Руслан Акматбек.

2022-жылы августта Владимир Кадария Кыргызстанга келип, сентябрда Беларустун өтүнүчүнө байланыштуу эки айга камакка алынган. Камакта жатканда Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигине качкын макамын алуу үчүн кайрылып, 2022-жылдын 9-декабрында анын арызы кабыл алынгандыгы тууралуу күбөлүк берилген.

12-декабрда Биринчи май райондук соту Башкы прокуратуранын маалыматынын негизинде экстрадициялоо чечимин чыгарган. Ал чечимди Бишкек шаардык соту 15-февралда күчүндө калтырды.

Беларус Европадагы авторитардык режим өкүм сүргөн саналуу өлкөнүн бири. 2020-жылы Беларуста президенттик шайлоо өтүп, ал көптөгөн мыйзам бузуулар менен коштолгон. Анда бийлик Александр Лукашенко жеңүүчү деп жарыялаганы менен аны оппозиция, Европанын көптөгөн өлкөлөрү тааныган эмес.

Бийликтин аракетине каршы чыккан миңдеген беларустар президенттин кызматтан кетишин, саясий куугунтуктун токтотулушун жана кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылышкан. Ошондон кийин Беларуста жүздөгөн саясатчылар, активисттер камалып, жүздөгөн беларустар өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG