Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:10

Экс-президенттин макамы тууралуу мыйзам долбоору кайра жазылат


Ак үй. Бишкек шаары.
Ак үй. Бишкек шаары.

Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев экс-президенттин макамы тууралуу мыйзам долбоорун кайра кайтарып алды. Анын жардамчысы документ алымча-кошумчалоо максатында чакыртылып алынганын билдирди. Долбоорду былтыр жыл аягында парламент биринчи окууда кабыл алган жана анда экс-президенттин жеңилдиктерин кыйла кыскартуу каралган.

Былтыр жыл аягында депутат Жеңишбек Токторбаев экс-президент макамын алгандардын мыйзамда каралган жеңилдиктери кыйла кыскарышы керектигин айтып чыккан. Буга байланыштуу атайын мыйзам долбоор жазып, аны парламент биринчи окууда кабыл алган. Токторбаев анда демилгенин түпкү максатын мамлекеттик каражатты жана мүлктү сарамжалдуу пайдалануу деп негиздеген.

"Өзүңөргө белгилүү болгондой, мамлекетте беш президент иштеп кетти. Бирок алар иштен кеткенде бир дагы жарды, кембагал президент көргөн жокпуз. Тилекке каршы, президенттерибиз өздөрү эле эмес, тегерегинде жүргөн бир туугандары, табакташ-чөнтөктөштөрү, жадагалса шоопурлары абдан байыды. Демилгеленген мыйзам долбоорунда экс-президентке мамлекеттик дачалардын бири өмүр бою пайдаланууга берилет деген норманы алып салуу каралган. Экс-президент жаңы шайланган президент кызматына киришкен учурдан тартып бир ай ичинде резиденция аймагында жайгашкан үйдү пайдаланууну токтотот. Резиденцияда убактылуу жашаган кызмат адамдары ошол үйлөрдүн коммуналдык акысын өз эсебинен төлөйт. Экс-президент мамлекеттик кайтарууну жеке каражатынын эсебинен пайдалансын. Мына ушундай өзгөртүүлөрдү сунуштайбыз. Ошону менен катар "медициналык тейлөөнү акысыз колдонот" дегенди алып салып, эл катары колдонуусу, байланыш каражаттары менен да эл катары өз эсебинен колдонуусу сунушталууда",- деген Токторбаев.


Ошол маалда айрым депутаттар бул мыйзам кабыл алынса, азыркы президент Садыр Жапаровго дагы тиешелүү болор-болбосуна кызыгышкан. Депутат буга оң жооп берген.

Токторбаев эми бул мыйзам долбоорунун эмнеси өзгөрөрү тууралуу комментарий бере элек.

Азыркы мыйзамга ылайык, экс-президент мамлекеттик күзөт, үй, медициналык тейлөө менен өмүрүнүн аягына чейин толук камсыздалат, аэропорттогу жана башка бекеттердеги расмий залдардан, өкмөттүк байланыштан бекер пайдалана алат, президенттин айлык акысынын 75% өлчөмүндө пенсия алат.

Юрист Таттыбүбү Эргешбаеванын пикиринде, экс-президенттин жеңилдиктери тууралуу чечим эмоция менен эмес, талдап-иликтөөлөрдүн негизинде кабыл алынышы керек.

"Негизи экс-президенттерге мамлекет колдоо көрсөтүшү керек. Кандай түрдө жана канча өлчөмдө деген бул башка суроо. Экс-президенттер мамлекеттик сырды алып жүрүүчүлөр, коопсуздукка байланыштуу маалыматтары бар. Ошондуктан алар корголушу керек. Аларга берилген жеңилдиктерге байланыштуу бир дагы аналитикалык борбор талдоо жүргүзө элек да. Аларга канча акча сарпталып жатат, канча каражат кетип жатат деген маалымат толук жок. Депутаттардын муну тактап-аныктаганга мүмкүнчүлүгү бар. Бюджетти көзөмөлдөө багытында жумушчу топ түзөбү, же комиссия түзөбү, айтор талдап чыкса болот. Бизде мамлекеттик түзүмдөрдө көп учурда чечимдер эмоция менен кабыл алынат. Чечимдер негизи кадам-кадам менен кабыл алынышы керек".

Экс-президенттин макамы тууралуу бул жагдай Дубайда Кыргызстандын азыркы мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун мурдагы беш президентти чогултканы талаш-талкуу жаратып жаткан маалга туш келди.

Конституциялык кеңешменин төрагасы, президенттин кеңешчиси Бекбосун Бөрүбашев Баш мыйзамда экс-президенттин макамына байланыштуу өзгөрүүлөр бар экенин, ошого жараша анын жоопкерчилиги, каралган жеңилдиктер тууралуу конституциялык мыйзамдар кабыл алынышы керектигин "Азаттыкка" айтып берди.

"Баш мыйзамда ушуга байланыштуу өзгөрүү бар. Анын 4-беренесинин аягын карасаңар, ошол жерде мамлекеттик бийликтин жетекчилеринин конституциялык жоопкерчилиги деп турат. Бирок тилекке каршы, азыр андай мыйзам иштелип чыга элек. Эгер сен экс-башчы болсоң дагы эгерде кызмат убагында ката кетирсең ага жооп беришиң керек. Муну туура түшүнүш керек, бул конституциялык-укуктук жоопкерчилик, бул деген жарандык укук эмес. Ушундай жоопкерчиликти сезиши керек. Бул Конституцияда принцибин бердик. Ошол жерде биз ушундай жоопкерчиликти караганбыз. Ушундан улам конституциялык мыйзам жазылышы керек. Президент тууралуу дагы конституциялык мыйзамдар керек, анткени анын дагы укугу өзгөрүп жатат. Аны эми депутаттар жазышы керек, азыр өздөрү отуруп алып жоопкерчилигиңер кана деп кыйкырып жатышпайбы".


Кыргызстан эгемендик алгандан бери өлкөнү азыр алтынчы президент башкарып жатат. Буга чейинки беш президенттин экөөөндө гана, тагырагы Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбековдо "экс" деген макам бар. Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев бул макамдан 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн декреттери, Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештин 2019-жылдын 27-июндагы токтому менен ажыратылган. Бешөөнүн арасынан Отунбаева менен Атамбаев мөөнөтүнүн аягына чейин чыгып, бийликти өткөрүп берген.

Борбор Азия чөлкөмүндө экс-президентке байланыштуу маселе Казакстанда жаралган. Казак президенти Касым-Жомарт Токаев 15-февралда "Биринчи президент - Элбасы жөнүндөгү" мыйзамды жокко чыгаруу жана анын жакын туугандарын куугунтуктан коргоо иммунитетинен ажыраткан мыйзам долбооруна кол койгон.

Мыйзам өлкөнүн тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн коопсуздугун мамлекет эсебинен өмүр бою каржылык колдоону жокко чыгарат.

Өлкөнү дээрлик 30 жыл башкарган 82 жаштагы экс-президент элге кайрылуу, мамлекеттик органдарга, чиновниктерге сунуш берүү укугунан ажыратылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG