Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:31

Атамбаевдин абак алдындагы билдирүүсү


Алмазбек Атамбаев. 14-февраль, 2023-жыл.
Алмазбек Атамбаев. 14-февраль, 2023-жыл.

14-февралда Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев абактан чыкты. Ал 2011-2017-жылдары президенттик кызматты ээлеп туруп, бийликти саясий үзөңгүлөшү Сооронбай Жээнбековго берген. Бийликтен кеткенден кийин бир канча кылмыш ишине кириптер болуп, соңку үч жарым жылда Бишкектин сыртындагы Молдовановка айылында колонияда жазасын өтөп отурду. Ушул тапта Атамбаевге да айып тагылган эки чуулгандуу ишти Бишкектин эки соту карап жатат.

Атамбаев абактын оозунда туруп өзүнө козголгон кылмыш иштеринин баары негизсиз экенин журналисттерге айтты. Тез арада дарыланышы зарыл экенин айтып, Испанияга учуп кетерин билдирди. Бирок кайра кайтып келерин белгиледи.

Мурунку президент сөз арасында бийликте турганда маалымат каражаттарын сотко бергени үчүн өкүндү.

"Албетте, сөз эркиндиги болушу керек. Мен журналисттердин баарына ыраазычылык билдирем. Суукка карабай күтүп турганыңарды көрүп, атайын токтодум. Мен Дача-Су боюнча айрым маалымат каражаттарын сотко бергем. Азыр ошон үчүн өкүнөм. Мен ал кезде президент болгонум үчүн сотко бербешим керек экенин эске албаптырмын. Анткени соттор күчтүүлөрдүн пайдасына гана чечим чыгарарын өзүм көрдүм", - деди Атамбаев.

Эске сала кетсек, 2017-жылы Атамбаев бийликте турганда баш прокурор Индира Жолдубаева "президенттин аброюна шек келтирди" деп миллиондогон сомдук доо менен “Азаттык” радиосун, “Заноза”, “24.kg” маалымат сайттарын жана “Ата Мекендин” юристтерин сотко берген. Кийин Атамбаев бул арыздарын кайра чакыртып алган.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту Атамбаевдин чет өлкөгө чыгып дарылануусуна уруксат берген чечим чыгарганы шейшембиде белгилүү болду. Бул тууралуу документтин сүрөтү интернетке жарыяланды.

Атамбаевге чыккан мурдагы чечимдер жокко чыгарылып, кайра кароого жиберилгенин Жогорку Соттун басма сөз кызматы 14-февралда билдирди. Соттук коллегия жаңы ачылган жагдайларды эске алып, кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан кое берилишине байланыштуу Атамбаевге чыккан чечимди жокко чыгарып, ишти жаңыдан кароо үчүн Биринчи Май райондук сотуна жөнөткөн.

Адвокаттары Атамбаевди кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотууга айыптаган өкүмдү жокко чыгаруу өтүнүчү менен Жогорку Сотко былтыр августта кайрылган.

“Соңку эки жылда Алмазбек Атамбаев Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушуна тиешелүү иште, түрк жарандарына паспорт берүү, бийликти басып алууга аракет кылуу, Октябрь окуяларына байланыштуу кылмыш ишинде толугу менен акталды. Ошондой эле бийлик тарабынан түзүлгөн комиссия Дача-Суда кырсыкка кабылган учактагы жүккө Атамбаевдин тиешеси жок экенин далилдеди. Бүгүн Батукаев иши боюнча сот өкүмү жокко чыкты”, - деп жазды Фейсбук барагына Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков.

Коомчулукта өлкөнү толук алты жыл башкарган Атамбаевдин саясий жоопкерчилигин эске салгандар да бар. Саясат талдоочу Эмил Жороев мамлекет башчыларынын эл алдындагы саясий жоопкерчилиги тууралуу маселе ачык ачык бойдон турганына токтолду.

“Атамбаев алты жыл мамлекет башчы болгон жылдары кетирген саясий катачылыктары, туура эмес иштери боюнча эл арасында кенен маалымат бар. Ал киши баары кечирилип калды, унутулуп калды десе, адашкандык болот. Ага саясий баа берилиши ачык суроо бойдон кала берет. Жээнбековдун шайланып келишинде, андан мурдагы парламенттик шайлоодо деле президенттер шайлоого кийлигишпейт деген Конституциядагы талапты одоно бузганы баарыбызга белгилүү. Тилекке каршы, экинчи жагы бар, буга чейин Кыргызстанда 30 жыл бою мамлекетти башкарып кеткен кишилерден жоопкерчилик суралбаган иштер көп”, - деди саясат талдоочу Эмил Жороев.

Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Өмүрбек Суваналиев мурунку президенттин кылмыш ишиндеги чукул өзгөрүүнүн саясий өңүтүнө токтолду. “Бул жерден саясий маселе чыгат да, соодалаштыбы же жокпу? Москва аркылуу басым болгон жокпу деген сөздөр чыгат. Бул эми Кыргызстанда жашыруун деле сыр болбойт. Көбүн жакында эле угуп калышыбыз мүмкүн. Кыргызстанда бийлик алмашкан сайын абакта отургандар чыга берет. Анткени соодалашуу болот да. Ошондуктан акталып чыккан саясатчы сотту, тергөөчүнү, прокурорду кайра сотко берген бир дагы учур болгон эмес”, - деди Суваналиев.

Кыргызстандын эки жолку премьер-министри, Убактылуу Өкмөттүн төрагасынын биринчи орун басары болгон жана 2011-2017-жылдары мамлекетти башкарган Алмазбек Атамбаев 2019-жылы "Батукаев иши" боюнча камалган.

2020-жылы 23-июнда сот өкүмү чыгып, Биринчи Май райондук сотунун судьясы Эмилбек Каипов мурдагы президентти 11 жыл, эки айга эркинен ажыраткан.

"Атамбаев Алмазбек Шаршенович Жазык кодексинин 43-беренесинин 2-бөлүгү (ред: 43-берене "Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү", 2-бөлүгү "Кылмыш жасоону уюштурган же анын аткарылышына жетекчилик кылган адам, ошого тете уюшкан топ же кылмыштуу уюмду түзгөн, же болбосо аны жетектеген адам уюштуруучу деп таанылат") жана Жазык кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүгү (ред: 319-берене "Коррупция" 2-бөлүгү "Уюшкан кылмыштуу топтун, кылмыштуу уюмдун кызыкчылыгында жасалган же оор кесепеттерге алып келген ошол эле жосун") менен күнөөлүү деп табылып, 11 жыл, эки айга эркинен ажыратылсын. II даражадагы "Манас" жана "Данакер" ордендеринен, "Даңк" медалынан, президенттин энчилүү саатынан ажыратылсын. Жаза өтөө мөөнөтү 2019-жылдын 9-августунан тартып эсептелсин", - деп жазылган сот өкүмүндө.

Судья бул иште шек саналган дагы үч кишини күнөөлүү деп тапкан.

Кой-Таштагы кандуу операция

Ушул тапта Бишкектин Биринчи май райондук соту Кой-Таш окуясы боюнча ишти кароону улантууда. Бул иш боюнча Алмазбек Атамбаев баштаган, мурдагы аппарат жетекчиси Фарид Ниязов, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Асел Кодуранова, Ирина Карамушкина, Мээрбек Мискенбаев, Равшан Жээнбеков жана мурунку президенттин бир нече тарапташы айыпталууда.

Атамбаевди “Батукаев иши” боюнча кармоо операциясы 2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Таштагы резиденциясында өткөрүлгөн. Атайын операция маалында чогулгандар менен күч кызматкерлери кагылышып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) офицери Үсөнбек Ниязбеков каза болуп, 225 адам жабыркаган. Анын ичинен 91и ИИМдин, УКМКнын 40 кызматкери, калганы жөнөкөй жарандар болгон.

Ошол маалдагы башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Атамбаевге Жазык кодексинин “Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук”, “Массалык башаламандык уюштуруу”, “Киши өлтүрүү”, “Кылмышка аракеттенүү”, “Барымтага алуу”, “Куралдуу ок дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү” беренелери боюнча айып тагылганын билдирген.

13 жыл мурунку Июнь окуясы

Азыркы бийликтин тушунда 2010-жылдагы июнь окуясы боюнча кылмыш иши козголуп, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү - Алмазбек Атамбаев, ал кездеги коргоо министри Исмаил Исаков, УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев жана Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Бектур Асановго “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” боюнча айып коюлган.

Кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко өткөнү былтыр 10-августта белгилүү болгон. УКМК иш Жалал-Абаддагы өзбек улуттук маданий борборунун мурдагы башчысы, кооганын чыгышына күнөөлүүлөрдүн бири деп аталган маркум Кадыржан Батыровдун өлкөдөн чыгып кетишине байланыштуу экенин кабарлаган.

Кылмыш ишине байланыштуу быйыл 20дай саясатчы сурак берген. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнөн тышкары президент Садыр Жапаров жана атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев да суракка кирип чыккан.

ЖЭБди модернизациялоо

2019-жылы июнь айында Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупциялык иш боюнча Атамбаевдин кылмыш иши өзүнчө бөлүнүп, тергелип жатканы белгилүү болгон. Ал кармалгандан кийин айыбы угузулган.

Аскер прокуратурасынын тергөө тобунун маалыматы боюнча Атамбаев Бишкек ЖЭБин оңдоп-түзөөдө коррупцияны уюштуруу - Жазык кодексинин 43-319-беренелеринин 2-бөлүгү («Кылмышка аралашуу» жана «Коррупция») менен шектүү катары өткөн. ЖЭБ боюнча мурдагы өкмөт башчылар Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев баш болгон бир нече жогорку кызмат адамдары соттолгон.

Кой-Таштагы жер тилкеси боюнча

2019-жылы 16-августта Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы Атамбаев Жазык кодексинин “Кылмышка аралашуу” жана “Коррупция” беренелери боюнча айыпталып жатканын маалымдаган. Башкы көзөмөл мекемеси айрым мамлекеттик органдардын жооптуу кызматкелеринин мыйзамга каршы аракеттеринин натыйжасында Атамбаев Аламүдүн районунун Кой-Таш айылындагы “ТНК Дастандын” мыйзамсыз алган жерин дагы 2,7 гектарга кеңейткенин билдирген. Андан тышкары стратегиялык объектиге кирген жерди алуу үчүн Бишкек шаарынын мурдагы мэри Албек Ибраимов жана башка жооптуу кызматкерлер менен туруктуу коррупциялык топ түзгөн.

Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушу

2021-жылы январь айында Бишкектин Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушуна тиешелүү иште Атамбаев кызмат абалынан кыянат пайдаланган деп шек саналып жаткан иш сотко өткөн. Бул иш боюнча экс-мэрлер соттолуп, Кубанычбек Кулматов 5 миллион сом айыпка жыгылып, камактан бошотулган.

Райондук сот качып кеткен экс-мэр Албек Ибраимовдон башка 11 соттолуучуну сот залынан бошоткон. Ибраимов мектеп курулушундагы коррупцияга жана «Дастан» ишканасындагы каражатты коромжу кылганы, муниципалдык жерди берүүдөгү коррупция боюнча күнөөлүү деп табылып, 15 жылга кесилген.

Орхан Инандынын паспорт иши

2021-жылы 54 жаштагы "Сапат" билим берүү мекемесинин президенти, теги түркиялык Орхан Инанды 1-июнга караган түнү жоголгон эле. Аны Түркиянын атайын кызматы өлкөгө алып келгенин президент Режеп Тайып Эрдоган 5-июлда жарыялаган.

Атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев ал кыргыз жарандыгын алганда түрк жарандыгынан баш тартпаганын, ошондуктан Түркиянын укук коргоо органдарынын аны жоопко тартуусу мыйзамдуу экенин билдирген. Андан көп өтпөй Орхан Инандыга жана башка түрк жарандарына "мыйзамсыз жарандык берүү" боюнча өзүнчө иш козголгон. Бул иштин алкагында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен анын аппарат башчысы Фарид Ниязовго айып тагылган.

Октябрь окуясындагы ызы-чуу

2020-жылы 6-7-октябрь күндөрү бийлик алмашкан окуяларда мурдагы президент Атамбаев баш болгон камактагы бир топ саясатчы абактан чыккан. 9-октябрда мурдагы президент менен экс-премьер-министр Өмүрбек Бабановдун тарапкерлери Бишкектеги «Форум» ишканасынын алдында митинг өткөрүшөт.

Атамбаев президент Сооронбай Жээнбековду жактаган күчтөр кайра бийликке кайтып келүүгө аракет кылып жатканын айтып, Жээнбековду өз эрки менен кызматтан кетүүгө чакырган.

10-октябрда Атамбаев баш болгон анын бир нече тарапташтары кармалып, милиция ошол эле күнү Жазык кодексинин 264-беренеси («Массалык башаламандык») боюнча иш ачып, сотко чейинки өндүрүш баштаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG