Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:50

Депутат Атамбаев өкмөттү абактардын абалын көрүп чыгууга чакырды


Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров №47 абактын ордуна курулуучу социалдык турак жай комплексинин долбоору менен таанышууда. Бишкек. Сентябрь, 2022-жыл.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров №47 абактын ордуна курулуучу социалдык турак жай комплексинин долбоору менен таанышууда. Бишкек. Сентябрь, 2022-жыл.

Жогорку Кеңештин депутаты Сеидбек Атамбаев Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго кайрылып, өлкөдөгү абактардын абалына көңүл бурууга чакырды. Атамбаев абактагылар бийлик өкүлдөрүн ал жакка барып, көрүп кетишин суранып жатканын айтты.

“Кармалгандардын, айрыкча аялдар жогорку кызмат адамдары келип, өз көзү менен көрүп кетишсе деп жатышат”, - деди депутат.

Жапаров өлкөнүн Акыйкатчысы абактарды кыдырып жатканын, андан сырткары прокуратура кызматкерлеринен барып келүүсүн суранарын билдирди. Анын айтымында, өлкө боюнча эл аралык нормаларга туура келген абактарды куруу, аларды шаардын сыртына чыгаруу аракети көрүлүп жатат.

Жазаларды аткаруу кызматы (ЖАК) Бишкектин четинде жайгашкан №47 колония толугу менен бузулуп, анда кармалган соттолуучулар кылмыш категорияларына жана аларды кармоо режимдерине ылайык башка атайын мекемелерге которула турганын быйыл март айында кабарлаган.

Октябрдын аягынан бери 30га жакын саясатчы, активист, блогерлер Бишкектеги тергөө абагында кармалып турат. Арасында алты аял бар. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG