Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:22

Министрлик "Росатом" менен чогуу АЭС куруу боюнча түшүндүрмө берди


Орусиянын “Росатом” мамлекеттик корпорациясы.
Орусиянын “Росатом” мамлекеттик корпорациясы.

Кыргызстандын Энергетика министрлиги Орусиянын “Русатом Энержи Прожект” акционердик коому (“Росатом”) менен кызматташуу жана атомдук электр станциясын куруу боюнча түшүндүрмө таратты.

Мекеме маалымдагандай, “Росатом” АЭС куруу боюнча техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыккандан кийин Кыргызстан аны куруунун зарылдыгын карап көрүп, чечим кабыл алат.

“Кыргызстан тарап “Росатом” сунуштаган технологиялар, алардын коопсуздугун иликтеп чыгат. Зарыл болгон көп тараптуу экспертизалар жүргүзүлөт. Муну менен катар экологиялык коопсуздук маселеси дагы дыкат каралат. Андан кийин аталган маселе коомдук талкууга коюлат. АЭС куруу боюнча чечим кабыл алууда элдин пикири эске алынат”, - деп айтылат билдирүүдө.

Энергетика министрлиги эл аралык тажрыйбада АЭС азыркы заманбап технология менен курулуп, калктуу конуш, айыл чарба жана суу ресурстарына зыян алып келбегендей ыкма колдонуларын, өнүккөн өлкөлөрдө атомдук станциялар бар экенин кошумчалады.

22-ноябрда Энергетика министрлиги жана “Росатом” кол койгон документке ылайык, орусиялык ишкана Кыргызстандын аймагында курулуучу чакан атомдук станциянын техникалык-экономикалык негиздемесин даярдай турганы белгилүү болгон. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG