Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:23

Суталинов Фейсбуктагы билдирүүлөрү үчүн УКМКдан эскертүү алганын маалымдады


Мурат Суталинов. 7-май, 2019-жыл.
Мурат Суталинов. 7-май, 2019-жыл.

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) мурдагы башчысы Мурат Суталинов социалдык тармактагы билдирүүлөрү үчүн эскертүү алганын билдирип чыкты. Ал Фейсбуктагы баракчасына УКМКга кирип чыкканын маалымдап, эскертүү тууралуу документтин көчүрмөсүн жайгаштырды.

Атайын кызмат азырынча Суталиновдун эмнеге чакырылганы тууралуу маалымат бере элек.

УКМКнын мурдагы жетекчиси Мурат Суталинов соңку мезгилде Фейсбуктагы баракчасында Украинаны колдогон, Орусияны сындаган билдирүүлөрдү жазып жатат.

Ал мурдагы президент Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевдин тушунда күч түзүмдөрүндө жетекчилик кызматтарда турган. 2005-2006-жылдары ички иштер министри, 2006-2010-жылдарды УКМКнын төрагасы болгон.

2010-жылы Апрель окуяларына байланыштуу айыпталып, 20 жылга абакка кесилген. 2019-жылы Бишкектин Ленин райондук соту аны ден соолугуна байланыштуу түрмөдөн бошоткон. «Өсмө» (рак) дартына чалдыккан Суталинов сот залынан бошогондон кийин 2010-жылдагы апрель окуялары үчүн моралдык жоопкерчиликти сезерин айтып, элден кечирим сураган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG