Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:27

АКШдан Баткенде чек ара жаңжалында жабыркагандарга жардам келди


АКШ элчилиги тараткан сүрөт.
АКШ элчилиги тараткан сүрөт.

АКШдан Баткенде чек ара чатагында жабыркагандар үчүн керебет, жууркан жана кышкы кийим сыяктуу керектүү буюмдар жүктөлгөн учак келди. Кошмо Штаттардын элчилигинин басма сөз кызматы маалымдагандай, жардамды Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бөлүштүрөт.

“Бул колдоо АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) тарабынан берилген 8 миллион сомго (100 000 доллар) жана гигиеналык комплексттерине кошумча болуп саналат, алар Кыргыз Республикасындагы эл аралык жана жергиликтүү өнөктөштөр тарабынан таратылат”, - деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) Баткен облусунда жер которгонго дуушар болгон 400гө жакын үй-бүлөгө чукул гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн 8 млн. сомдон ашык (100 миң АКШ доллары) каражат бөлөрүн билдирген.

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги 30-сентябрда кабарлагандай, каржылоо Кызыл чырым жана Кызыл жарым ай коомдорунун эл аралык федерациясы аркылуу жабыркаган үй-бүлөлөргө акчалай таратылат.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы соңку куралдуу кагылышта кыргыз айылдарынан 622 турак жай зыян тарткан. Анын 427си такыр жашоого жараксыз болуп калган, 195 үй оңдоп-түзөлүшү керек. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG