Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:56

Орусиялык алып баруучу Соловьевдун сөзү Казакстанда сынга кабылды


Казакстан парламентинин Жогорку палатасынын депутаты, Эл аралык алакалар, коргонуу жана коопсуздук комитетинин башчысы Мухтар Кул-Мухаммед.
Казакстан парламентинин Жогорку палатасынын депутаты, Эл аралык алакалар, коргонуу жана коопсуздук комитетинин башчысы Мухтар Кул-Мухаммед.

Казакстан парламентинин Жогорку палатасынын депутаты, Эл аралык алакалар, коргонуу жана коопсуздук комитетинин башчысы Мухтар Кул-Мухаммед орусиялык пропагандачы Владимир Соловьевдун Казакстандын дарегине айткан сөздөрү тууралуу өз пикирин билдирди.

«Соловьев көп мамлекеттерде персона нон-грата болуп калган жана бир катар санкциялык тизмелердин сап башында турат. Ал кыжырданып, ар кимге асылып, уулуу шилекейин чачыратат»,-деди Кул-Мухаммед.

Ал Соловьев мамлекеттик «Россия-1» телеканалы аркылуу америкалык биолаборатория жайгашкан Алматыга сокку урунуу сунуштаганын эске салды. Ошондой эле берүүнүн коногу, кремлчил эксперт Дмитрий Дробницкийдин да сөздөрүнө токтолду. Эксперт Украинадан кийин Орусия үчүн «кийинки көйгөйдү Казакстан жаратышы мүмкүн экенин, анткени ал жакта да нацисттик жараяндар башталганын» айткан.

«Казакстан 30 жылдан бери көз карандысыз мамлекет. Ал дагы, Соловьев дагы, башкалар дагы муну түшүнүп, жаңы геосаясий реалдуулук менен эсептешүүнү үйрөнүш керек», -деди ал.

Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков Соловьевдун берүүсүндө айтылган Казакстан тууралуу пикирлер расмий Москванын позициясы эмес экенин белгиледи.

Буга чейин Казакстандын тышкы иштер министринин орун басары Роман Василенко кремлчил эксперттин билдирүүсү тууралуу:

“Биринчиден, бул Орусия бийлигинин расмий позициясы эмес деп ойлойбуз. Экинчиден, бул Казакстан менен Орусиянын салттуу тыгыз карым-катнашына доо кетирет. Үчүнчүдөн, Орусия бийлиги буга тиешелүү рекация жасаса туура болот деп эсептейбиз”, - деп айткан.

Расмий Астана Орусиянын Украинага кол салышы тууралуу нейтралдуу позицияда экенин маалымдаган. Президент Касым-Жомарт Токаев бир нече ирет Казакстан Украинанын чыгышындагы жикчил түзүмдөрдү тааныбастыгын жана аймактык бүтүндүктүн корголушун жактарын кайталаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG